Мухаммед пайгамбар жакшы көргөн азыктар жана алардын ден соолукка пайдасы

Мухаммед пайгамбар эң жөнөкөй азыктарды жакшы көргөн. Бүгүнкү заманда диетологдор дал ошол азыктар менен тамактанууну сунуштап, ден соолукка пайдалуу экенин айтып турушканы кызык. Мусулмандар үчүн пайгамбардын кылганын жасоо сүннөт болуп эсептелет, андыктан сиз да бул азыктарга жакын болуңуз.

1. Арпа

Арпанын курамындагы жогорку өлчөмдө тез сиңирүүчү азыктык булаларга бай бета-глюкан организмдеги уулуу заттарды тазалап, кандагы канттын өлчөмүн азайтып, холестеринди жок кылат. Ошондуктан диетологдор буудай, кара буудай, гречканын акшагына караганда арпанын акшагына жогору артыкчылык беришет. Арпанын маңызы организмди тазалоочу жана чыңдоочу азык экени айтылып келет. Көп убакыттан бери дүйнөнүн бир нече өлкөлөрү арпанын угуту жана данынын кайнатылган маңызы менен бөйрөк, табарсык, дем алуу органдарын, ичеги-карындын тамак сиңирүү системасын, сүт бездерин дарылоодо колдонуп келишет.

 

2. Курма

Курма А, С, В витаминдерине абдан бай жана ниацин, пантотен кислоталарын курамына камтыйт. Көп жесе териге, чачка абдан пайдалуу жана көздүн көрүүсүндө көйгөй болсо андан куткарат. Ошондой эле боор ооруларынын алдын алат. Курамындагы калий менен магний организмдеги ашыкча суюктуктарды айдап чыгат. Жүрөккө да пайдалуу. Аны рационуңузда үзгүлтүксүз колдонуу менен маанайыңыз көтөрүлүп, керек болсо депрессиядан чыгасыз. Курманын курамында он бештей минерал жана туздар, жыйырмага жакын амин кычкылы, углеводдор бар. Мухаммед пайгамбар: “Кимдин үйүндө курма жок болсо, анда анын үйүндө тамак жок”, - деп айткан. Курма менен тамактанган адамдын организминде витамин, минералдар жетиштүү болгондуктан бейкапар жашаса болот. Бул азыкты өзгөчө кош бойлуу айымдарга төрөрдүн алдында сунуштоо керек. Окумуштуулар анын курамында окситоцин болгондуктан төрөт учурунда аялга күч берерин, жатынды калыбына келтирерин аныкташкан. Ошондой эле эмчекке сүт келүүсүн жакшыртат.

 

3. Инжир

Инжир - бейиштин жемиши. Кургатылган инжирдин курамында клетчатка башка кургак жемиштерге караганда рекорддук көрсөткүчтө болуп саналат. Андыктан жеген адам топуктуу болуп, ичеги-карындын тамак сиңирүү системасынын жакшы иштешине көмөкчү болоруна кепилдик бар. Ошондой эле биздин организмибизде жетишсиз болгон витаминдерге, майда элементтерге бай. Пектин да жогорку көрсөткүчтө болгондуктан бириктиргич ткандарды натыйжалуу калыбына келтирүүгө, өзгөчө сөөк тутумунун жана булчуңдардын жаракаттарында жардам берет. Кургатылган инжир кандын плазмасындагы антиоксиданттын активдүүлүгүн көбөйтөт, ал эми рутин заты кан жүрүүчү майда тамырларды чыңдайт жана С витаминин сиңирүүгө жардам берет. Андыктан бул азыкты күн сайын колдонуу өтө пайдалуу. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгуу коркунучун төмөндөтүп, геморройго да дары.

 

4. Жүзүм

Биздин пайгамбар жүзүмдү абдан жакшы көрүп жеген. Жүзүм - жалпы организмди сергитүүчү жана чыңдоочу азык. Баш сөөктү стимулдаштырууга таасири күч. Жүзүмдүн мөмөсүндө шекер, клетчатка, органикалык жана аскорбин кислотасы, В, көп өлчөмдөгү С, Р витамини, пектин заты, майда элементтер жана фермент бар, калийдин да булагы болуп саналат. Бир стакан жүзүмдүн ширесинде бир күнгө жете турган В витаминин топтому камтылган. Жүзүмдү жана анын ширеси ичеги-карындын, тамак сиңирүү ооруларында, ашказан кычкылы аз болгон шартта сунушталат. Аталган жемиш дем алуу органдарга катуу суук тийүүдө, бронхиалдык астмада, өпкөнүн сырткы кабы сезгенген плеврит оорусуна абдан пайдалуу. Мөмөсү жана ширеси жүрөк-кан тамыр системасынын көп ооруларын дарылоого натыйжалуу.

 

5. Бал

Балдын курамында адам баласынын организмине керектүү бардык элементтер бар. Ал өзүнүн курамына В витаминдеринин топтомун, С витаминин, минералдык заттарды, калий, темир, магний, натрий, кальций, күкүрт, хлор, фруктоза, глюкоза, белокту камтыйт. Андыктан бал – эң мыкты тамак, эң мыкты суусундук жана эң мыкты дары. Жылуу сууга кошуп ичүү ич өткөктө жардам берет, табитти көтөрөт, ашказандын ар кандай көйгөйлөрүнөн арылтат, какырыкты жумшартат. Күн сайын эрте менен жылуу сууга бал кошуп ичүү ден соолукка абдан пайдалуу. Көздүн көрүүсүн жакшыртып, дем алуу органдарын тазалайт. Аны чачка, териге кам көрүүдө да колдонууга болот.

 

6. Дарбыз

Дарбыз - ликопиндин лидери, абдан күчтүү антиоксидант. Дарбыз курамындагы ликопиндин жардамы менен эркектердин тукумсуздугунан арылууга жардам берет. Анын ширеси менен эти заара чыгаруу аркылуу өттү тазалоого натыйжалуу. Дарбыздын жумшак эти организмдеги холестериндин деңгээлин төмөндөтөт. Ширеси болсо боор менен бөйрөктү шлактардан тазалайт. Ошондой эле дарбыз подагра, артрит, атеросклероз, гастрит, сарык, боор, өт, гипертония, аз кандуулук, жүрөк кемтиги, мурундан кан агуу жана семирүү менен күрөшөт. Пайгамбар: “Эгерде кош бойлуу аял дарбыз жесе, төрөтүн жеңилдетет”, - деп айткан.

 

7. Сүт

Сүт кальцийдин эң мыкты булагы болуп эсептелет. Организмге да сиңимдүү азык. Суук тийүү ооруларына пайдалуу. Ошондой эле вирустук инфекциялар менен күрөшүп, иммунитетти көтөрүүчү белоктуу азык. Ал эми дал ушул сүттүн белогу организмге мыкты сиңет, уйкусуздук менен күрөшүүгө да жардам берет. Жатарга бир саат калганда 1 стакан сүткө бал кошуп ичип алуу абдан мыкты элдик рецепт болуп саналат. Шакый, жөнөкөй баш ооруда табылгыс дары. Күйүк менен күрөшүүдө идеалдуу каражат, кычкылдыкты да төмөндөтөт. Сүт организмге жакшы сиңиши үчүн жылытып алып шашпай, аздан ууртап ичүү керек.

 

8. Зайтун майы

Зайтун майы жаштыкты сактайт, андыктан ал - териге, чачка кам көрүүдө пайдалуу каражат. Ден соолукка пайдасы зор зайтун - тамак сиңирүү системасына, ашказан жарасына дары. Аны дайыма колдонуу менен жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алса болот. Кан тамырларды чыңдап, ийкемдүү кылып коёт. Сөөктүн ткандарына жакшы таасир этет, кальций жок болуудан сактайт. Андыктан өзгөчө жаш балдар үчүн баалуу. Зайтун майын изилдеп чыгып анын эң таң каларлык пайдасын табышкан, көрсө, ал эмчек рагынын коркунучтуу шишигинин өсүүсүн төмөндөтөт экен. Зайтун дарагынын жалбырагы болсо кан басымды төмөндөтөт.

 

9. Анар

Биздин пайгамбар: “Анар адамды шайтан менен напсиден кырк күн алыстатат”, - деп айткан. Анар – минерал, витамин, амин кычкылынын чыныгы булагы. Ширеси аз кандуулук, атеросклероз, астма, иммунитетти көтөрүүдө, ашказан ооруларында сунушталат. Кан тамырлардын морттугун жок кылгандыктан кан тамырды дарылоого кеңири пайдаланса болот. Ширесиндеги табигый антиоксидант бактерияга, вируска, суук тийүүгө каршы каражат болуп эсептелет. Аны тамак оору, оозул жана күйүктү дарылоодо да колдонсо болот. Ошондой эле табитти ачып, ичегилердеги микрофлораны нормалдаштырат. Анардын жемиши жана кабыгы - ич өткөк, колит (жоон ичегинин сезгениши) жана энтероколитте (жоон жана ичке ичегинин сезгениши) табылгыс дары.

 

10. Уксус

Уксус - кеңири колдонулган диеталык азык. Ал табитти төмөндөтүп, шлактарды организмден айдап чыгат. Суусунду жакшы кандырып, ашыкча салмактан табигый жол менен арылтат. Жалпы ден соолукту чыңдоо үчүн аны суусундук катары 1 стакан сууга 1 аш кашык бал жана алма уксусун кошуп ичсеңиз болот. Аны бронхиалдык астма, шакый, артритке да дары деп санашат. Суу менен уксустун аралашмасы суук тийүү, ашказан, ичеги-карын ооруларынын алдын алууда антисептика катары колдонулат. Пайгамбар уксусту зайтун майы менен колдонгон.

 

 

Динара Чокоева