Элмира: “Күйөөм көрүнгөндөн балалуу болуп келип мени “бак” дейт”

Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Элмиранын абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок.

– Мен качандыр бир кезде эркектерди мынчалык жектеп, алардын ар бирин жек көрүү менен карап калам деп ойлогон эмесмин. Себеби кенедейимден атамдын коргоосунда эркеси болуп өсүп, агаларыма таянып, алардын ар бирин сыйлап чоңойгом. Алардын ар бири мени эркек аттууну сыйлоого, урматтоого үйрөтүшкөн. Мен муну эркектин баары ошого татыктуу деп да кабыл алып алыптырмын.

***

Жогорку окуу жайын аяктаган соң кесибим менен иштеп кеттим. Бул мени кубандырганы менен атам менен апама анчейин жага бербеди. Себеби карьеранын артынан түшүп кеткен улуу эжемдин тагдыры аларды чочутуп койгон. Андыктан биринен сала бири турмушка чыгып, бала төрөп үйдө отура беришимди башынан какшап келишчү. Иштей баштаганымдан баштап улам бир жеңем бир балага тааныштырып абдан чарпылышты. Башынан ата-энемдин тилинен чыкпаган көңүлчөөк жаным акыры аларга жеңилип бердим.

Кесиптешимдин уулу деп апам тапкан жигит башкаларга салыштырмалуу көңүлүмө жакты. Анын үстүнө апасын жакшы билгениме да жибип кеттим окшойт. Ошентип, Эрланга турмушка чыгып үй-бүлөлүк турмуш баштадык. Башында баары жакшы туюлганы менен барганымдан бир ай өтпөй мен үчүн эң жагымсыз жаңылыкты билдим. Эрлан мага чейин бир никеде болуп, ажырашып кеткен экен. Үйдөгү 5-6 жаштардагы ойноо баланын ким экендигин анча этибар алган эмес элем. Кайненем менен кайнатам аны абдан жакшы көрүп, эркелеткендеринен небереси деп билчүмүн. Бирок алар аны “уулубуз” дешчү. Бир күнү Эрлан жумушуна кетип кайненем экөөбүз гана калдык. Кайненем:

– Элмира, жумушум деп баладан баш тарта көрбөгүлө. Эки жандын ортосун бала бириктирет. Атайчикти бир туугандуу кылып, өзүң да муну бооруңа тарт, - деди.

Кеп эмне тууралуу экенин баамдап жатканым менен ишенгим келбей какап калдым. Кебетемдин өзгөргөнүн байкаган кайненем да алдастап:

– Бизди жаман көрбө, кагылайын. Силерди нике кайып кошту. Бул балада да айып жок. Деги жаманды ойлой көрбө, - деп көз жашы кылып жалынып жиберди.

Башынан эле ал адамга болгон сыйым бийик эле. Кеп кайрый алган жокмун. Бирок мени алдап алганы үчүн Эрланга катуу таарындым. Апамдар менен ошону менен бир топко чейин кабарлашпай жүрдүм. Кайда барам, жок жерден “эрден чыкты” аты болбоюн деп ичимден тындым. Менин таарынычымды тоготпогону үчүн Эрланга ызам күч болуп, же аны жан адамга айта албай буулугуп жүрө бердим. Ал эми кичинекей Атай мен үчүн азап болгон бул оор күндөрдө менин эрмегим болду. Бир чети наристе деп таза кабыл алып, мага тартылганына ыраазы боло аруу дүйнөсүн кирдетпейин деп карасам, бир чети өз энесинин жанында эмес экенин жүрөгүмө жакын кабыл алып аяп турам. Андан калса Эрлан ага боор тартып “балам” деп эркелетпейт, “чоң ата, чоң энесинин карамагында да” дегенчелик кылып кайдыгер. Ал менин алдымда айыбы ачылганы өзүнчө эле менден качып, бет келген жерден шылтоо таап кыр көрсөтүп башында мен таанышкан Эрлан болбой калды. Жашообуз төшөктөн гана уланат. Бирок көңүлсүз жашоодон уламбы же убактысы ошого буюрганбы, айтор, барганыма жарым жылдан ашкан соң гана кош бойлуу болдум. Башынан эле бир келген жерден кетпей баарына чыдап жашайм деген жыйынтык чыгарып алганга кош бойлуу экеним үчүн кубандым. Балама алаксып, ага байланып жашап калам деп бактылуу болдум. Бирок ошол эле нерсе толук бактылуу болууга аздык кылат экенин байкабаптырмын. Кайраты, камкордугу жок эркек болмоюн аял бактысыз экенин билбептирмин. Эрлан кош бойлуу экениме кубангандай түр көрсөткөнү менен ага жараша мамиле кыла алган жок. Көзүмдү караган кайненем менен кайнатама гана ыраазы болуп жашап аттым. Эрлан болсо эрте кетип, кеч келип таксисттик кызматы менен алек. Курсагым билинип калган кезден баштап түнү да иштеп кала турган болду. Менин “түнгө калба” деп суранганымды, ата-энесинин “жаныңды кыйнаба” деп аяганын угуп койбой эки күндүн биринде эле түндөп калып, таң менен келип жатып калчу болду.

***

Ай-күнүм жетип аман-эсен, ден соолуктуу уулду жарыкка алып келдим. Атасына окшош уулум буга чейинки Эрланга болгон нааразычылык, таарынычтарымдын баарын жууп кеткендей болду. Эрлан да мага башкача камкор мамиле кылып, көзүмдү карап калды. Аны мынчалык өзгөрөт деп күткөн эмес элем. Заматта жашоом бакытка айланды. Бирок бул узакка созулган жок жана Эрландын мага кылган жумшак мамилесинин артында чоң иш бар экен. Уулубуз үйгө келгени иштен шашып келип калган Эрлан ал күнү абдан кеч келди. Эмнегедир маанайы жок, алда кимден корккондой алаңдап өзүндө эмес. Жол кырсыгына кабылганбы же бирөөлөр менен урушканбы деп санааркаган суроолорума оңдуу жооп бербей күңкүлдөйт. Демейде жаздыкка башы тиери менен уктап калчу күйөөм ал түнү чабалактап көз ирмебей жатты да, бир далайда барып кепке келди:

– Элмира, мен бир иш кылдым. Андан сен гана куткарасың. Жардам кыл. Сага гана ишенип турам? – деги эле мага төмөндүгүн билдиргенден коркуп турчу Эрландын кеби мени таң калтырды, – мен дагы бир уулдуу болдум.

– Эмне?

– Ооба, азыр ошол төрөт үйүнөн келдим. Ал баладан баш тартып атат?

– Анан эмне кыл дегени турасың? – тамагым буулуп башыма келген түркүн ойдон эмне деп айтарымды да билбей калдым, – мен бала менен олтурсам... Мен кош бойлуу болуп араң жүргөндө сен... Акмак...

– Ооба, акмак болдум. кечирип кой. Бирок биздин үй-бүлө бузулбашы үчүн ал баланы алышым керек. Алышыбыз керек. Атасы “эртеңден калбай алып кет” деди, Элмира. Куткар. Эгиз кылып багып алалы.

– Ушундай болорун билчү белең?

– Ооба, бирок кеч билип калдым. Болбосо баланы башында эле жок кылмакмын.

– Акмак, баладан айланган акмак.

Ошондо ал баланы баласы экени үчүн эмес, тиги уятсыздын атасынан корккону үчүн, эптеп жаны тынч жашап калыш үчүн гана алганы жатканын билип айлам куруду. Жашы отузга чамалап, бирок ушуга чейин өз ордун анык билбеген адам менен жашап жатканыма ыза болдум, басындым, намыстандым.

***

Кайненем менен кайнатам уулун канчалык тилдешкени менен аны жазалай алышкан жок. Өз деген баары бир өз экен. Ал турсун, ага капа экенимди билдиргеним үчүн кайненемден жеме уктум. Эрлан баланы алып келип мен заматта эгиз уулдардын энеси болуп калдым. Биринчи жолу эне болуп башымдан өтүп көрбөгөн түйшүккө көнбөй жатканымда Эрландын белеги мага эки эсе түйшүк болду. Биринин алдын тазаласам, бириники булганып, бирин сооротсом, бири ыйлаган эки наристе менен алышып, ал ортодо Атайдын кирин жууп, жуунтуп-тарантам. Ошол маалда ойлогонум үч бала болуп, өзүмдү унутуптурмун. Эрлан болсо үйгө бир из менен кирип, бир из менен чыгып абдан жакшы күйөө болуп калды. Уулдарын колго алса алгач биздин баланы карап, анан кабак-кашыма жараша берки уулун карайт. Ага алганы бир болсо, биздин балага алганы эки. Мунун баары мага жагалданганы экенин билип, туюп эле турам. Бир туруп анысына ачуум келсе, бир туруп эркек башы менен, анан ушундай иши үчүн алдымда мусапыр болуп турганын аяп кетем. Болору болду деп унчукпайм. Уулун колуна алып алдыма чөгөлөп туруп берген убадасын унутуп калбастыр дегем...

***

Алгач бирөө деп сүйүнчүлөнүп, кийин эгиз болуп чыга келип баарын таң калтырган уулдарыбыз 3 жашка келгенде кичүү кайним үйлөнүп биз бөлүнүп кеттик. Атай чоң аталары менен калып, бирок эки үйдүн эркеси болуп өсө баштады. Мен болсо баягы наристени өз уулум деп эле калдым. Кенедей болуп алып бири-бирин жоктоп, бири-бирине боор тартып тургандарын көрүп таң калам. Ал турсун, Кудайдан “эгиздеримди бири-биринен ажырата көрбө” деп тилечү болдум. Ырас, менин балдарга кылган камкордугумду Эрлан көз жаздымда калтырган жок. Бардыгынан кем кылбай камсыздап, айрыкча өз алдынча жашап калганыбызда үйгө абдан карап калды. Жаңы үйүбүздө бир кыздуу болдук. Уул десе уул, кыз десе кызыбыз бар жыргал жашоо башталды. Мен болсо “кесибим менен иштейм” дегенди унуткам. Балдарымдын кашынан чыккым келбейт. Өзүмдүн ушунчалык баласаак жан экениме таң калам. Ушинтип жай турмушубуз өтүп жаткан күнү мен үчүн дагы бир күтүүсүз белек болду.

Күн кеч күүгүмдөп, адаттагыдай эле кечки тамактын камында ашканада жүргөм. Дарбаза кагылгандай болгон. Бирок кайталанбаганынан улам чыгып караган эмес элем. Көп өтпөй наристенин ыйы угулду. Балдарымды карасам баары үйдө, тынч ойноп олтурушат. Үн сырттан чыгат. Ишене албай кулагыма угулуп атабы деп тура бердим. Бирок баланын ыйы басылбады. Чыксам, дарбазанын түбүндө аппак ороого оролгон наристе жатат. Кантип чыдап турайын, шаша колума алып үйгө кирдим. Уул бала экен. Алгач “ким таштап кетти?” деген гана ой болуп, “эмнеге биздикине таштады?” деп ойлонбоптурмун. Эрланга чалсам албайт. Минтип күттүрчү эмес эле деп санааркап отурганымда кирип келди. Анын кубарган жүзү, жалтактаган көз карашы, кайсалаган кептери бул бала да аныкы экендигин айтып койду. Жакшы эле “кимдир бирөө таштап кетти” кылайын деген аракетте болгонун, бирок калп айтып аягына чейин жашырып коё албаганын мойнуна алды.

– Энеси баксын, кааласаң аны экинчи катын кылып алып ал. Ал да мен сыяктуу баланын, сенин азабыңды тартсын.

– Багып ала турган болсо минтпейт элем го. Ал деген жаш. Өзү бала бойдон.

Күйбөгөн жерим күл болду. Ыйладым. Чырдадым. Коркуттум. Кайындарыма да, төркүнүмө да арыздандым. Баары “чыда” дешти. Ал эми Эрландын бул жолку кечирим сураганын кабыл ала алган жокмун жана убадасына да ишене албадым. Сөздөрү турсун, кылып жаткан жакшы мамилеси да мени шек санатып калды. Босогобузга ташталган бейкүнөө наристенин энесине кезиккенимде Эрландан биротоло түңүлдүм. Келин күйөөм менен анын таксист досторунун арты менен таанышканын, “аялым менен ажырашып кеткем” деп алдап жүргөнүн, качан кош бойлуу болуп калганында качып, кийин аларды тааныштыргандардын күчү менен “баланы алам” дегенин айтты. Ал байкуш: “Ансыз да тагдырым талкаланды. Баланы сизге тапшырдым, мени ата-энемдин наалатынан куткарыңыз”, - деп жалынат. Мунун баарын угуп туруп тескери иш кылууга дитим барбай койду.

Наристе колубузда, бирок ага жакын боло алган жокмун. Чынын айтсам, ага эч мээримим жок, боор тарта албайм. Ыйласа сооротуп, кирдесе жуунтуп, балдарыма кошуп тойгузуп коём. Атасы деле анчейин үзүлүп түшүп карабайт. Мен болсо Эрлан менен жашоодон көрө ансыз жашоо тынч деп элестетип, ошону эле самап калдым. Бирок андай жыйынтыкка келсем ортодогу балдар эмне болот? Биздин балдарды го мен карап алам, берки балдарчы? Эрландын аларга күйө турган түрү жок. Кайнатам менен кайненем аларды карай турган абалда болбой карылыкка моюн сунуп баратышат. Ушуга чейин карап келип, эми баш тарканым кечиримсиз болорун туюп айлам куруйт. Чыдайын десем, Эрлан эми түз жүрөт деп ишене албайм. Кантсем экен?..