Жылдыз белгилери сүйүүгө таасир берет

Сүйүү сезими ар кимге ар кайсы учурда келет. Жашоо жүрөгүңдүн ээсин сүйүп, ар дайым аны ойлоп жашоо менен кызыктуу. Бирок айрым инсандар бир гана өзүн сүйүп, башкаларды экинчи планга коюп келишет. Мунун баарына жылдыз белгилеринин таасири зор.

 

Кой (21-марттан 20-апрелге чейин)

Кой жылдызынын алдында төрөлгөндөрдүн басымдуу бөлүгү бир көрүп эле ашык болуп калышат. Бирок ага чейин кыялындагы адамын издөөдө жүрөгүн абдан тыңшашат. Эгер сүйгөнү да өзүнүн сүйүү сезимин билгизүү менен аны алдабай, сагындырбай, көңүлүн калтырбай мамиле кылса, ал сүйүүсүн түбөлүктүү деп эсептейт. Андай болбой калса ошол замат башка адамды издеп мурунку сүйүүсүн унутууга аракет кылат.

 

Букачар (21-апрелден 20-майга чейин)

Букачарлар жүрөк ээсин кылдаттык менен аябай изилдеп тандайт. Алар бир көрүп ашык болууга көп ынана беришпейт. Букачар жылдызындагылар үчүн биринчи орунда анын аброю тургандыктан болочоктогу жубайын же жолдошун зоболосун түшүрбөй, даңкына чаң жугузбай турганына карап тандайт. Алардын бир жакшы жери - бир адамды сүйүп, өмүр бою ошол адам менен өмүр сүрүүнү каалашат.

 

Эгиздер (21-майдан 21-июнга чейин)

Эгиздер бир-эки жылуу сөз сүйлөп койгон жанды ойлоп жашап калышат. Бул сүйүүсү жоопсуз калса кайгырып, эч нерсеге көңүлү чаппай, жашоо ага көңүлсүз боло түшөт. Канчалык көп адам сезимин билгизип, колун сурап, көңүл бөлүп турса, ошончолук өзүн жакшы көрө баштайт. Бирок бир кылка мамиледен бат тажап, сүйгөн адамынан баш тартып да кетет. Себеби Эгиздер сүйүүдө каарманын тез-тезден алмаштырып турууну жактырышат.

 

Бөйөн (22-июндан 22-июлга чейин)

Бөйөндөр сүйүүгө этиеттик менен мамиле кылгандыктан бир көрүп сүйүп калуудан коркушат. Жакшы көргөн адамынын терс сапатын байкап калары менен экинчи ага жолукпоого аракет кылат. Анан да бул жылдыздын алдында төрөлгөндөр жанында дайым ээрчитип чогуу жүрүү менен сүйүүнү синоним деп ойлогондуктан жанында чогуу жүргөн досун же курбусун болочоктогу жубайы же жолдошу катары элестете берет.

 

Арстан (23-июлдан 22-августка чейин)

Арстандар - сүйүүгө бат берилгендер. Алар жакшы көргөн адамына сезимин арнап, тез аранын ичинде аны да арбап алат. Ушундай сапатка ээ болгондуктан эч качан сүйүүсү жоопсуз калбайт. Арстандар ар дайым бирөөнүн сүйүктүүсү болуп жүрүүнү каалагандыктан ортодогу мамиле солгундап бара жатканда эле башканы издөөгө өтөт. Бирок мурунку сүйүктүүлөрүн да коё бербей көзөмөлдөп турат.

 

Бийкеч (23-августтан 22-сентябрга чейин)

Бийкечтер сүйүүдө жүрөккө эмес, акылына баш ийишет. Жанындагысына сүйүү сезимин айткан болуп аны ар тараптан сынап көрөт. Качан гана ал адамы купулуна толгондо ага толук өзүн арнап, чыныгы сезимин ошондо билгизет. Эгер катуу сүйүп калса, сүйгөнү үчүн эл күтпөгөн кадамдарга барат. Бул кадамдары жоопсуз калса, катуу кайгырып, ал тургай, сүйүктүүсү болсо дагы андан өч алуунун жолдорун ойлоп баштайт.

 

Тараза (23-сентябрдан 22-октябрга чейин)

Таразалар жылдыздууларды жактырышат, бирок эркеги болобу, кызы болбобу, өздөрү биринчи кадам таштабайт. Бир учурда эки адам сезимин арнаса, көпкө чейин экөө менен бирдей мамиледе болуп, аларды салыштырып жүрө берет. Жыйынтыгында жакшы көрбөсө да эң жакшы мамиле кылганын тандап алышат. Булар ар дайым салыштыруунун үстүндө жүргөндүктөн сүйүүдө эмнени каалаганын өздөрү дагы так айта алышпайт.

 

Чаян (23-октябрдан 21-ноябрга чейин)

Чаяндар колу жетпеген теледеги жылдыздарды сүйүп, аны менен жолуккан күндү элестете албаса дагы азап тартып, кыялданып жашаганды жакшы көрүшөт. Жакшы көргөн адамын багындыруу үчүн эл колунан келбеген кыйын иштерди мойнуна алып тобокелге бара беришет. Эң жаман жери - мектептеги алгачкы сүйүүсүнө жетпей калса, кийин өмүрлүккө тандаган адамын дал ошол ашыгына окшоштуруп тандоого аракет кылат.

 

Жаачы (22-ноябрдан 21-декабрга чейин)

Жаачы жылдызынын алдында төрөлгөндөр көбүнчө бир көрүп сүйүп калышат. Жары болчу адамдын ою менен анын ою бир жерден чыгып калса, аны камкордукка алганды жактырат. Ар дайым өзүн айланчыктап тургандардын сүйүүсүн жоопсуз калтырбай ага дал өзүндөй жооп кайтарууга аракет кылат. Ошол себептен Жаачылардын басымдуу бөлүгү жеңил ойлуулук кылып жолдошун башка адамга алмаштырып жиберет.

 

Текечер (22-декабрдан 19-январга чейин)

Текечерлер сүйүүнү байлык, бийликке алмаштырып аны акчага сатып алса болот дегендердин катарына киришет. Алар болочоктогу жубай болчу адамдын адамгерчилигине, сезимине эмес, ата-тегине, байлыгына, бийлигине карап мамиле түзөт. Булар ач көздөргө кирбейт, болгону элита чөйрөсүндө жүрүп, ар дайым сыйдын үстүндө болгонду жактырышат. Бул максатына жетип алышса, сезими жолго түштү деп санашат.

 

Суукуйду (20-январдан 18-февралга чейин)

Суукуйдулар ага сүйүүсүн арнагандардан өзүн этиет кармап жакшы көрсө да сезимин билгизбей сак жүрүшөт. Анткени узак убакыт дос болуп, жакындан билгенден кийин гана сезимин билдирсе болот деп ойлошот. Анан да талаптары аябай күчтүү. Түгөйүнүн кетирген кымындай катасы үчүн аны менен бир болуудан баш тартып коёт. Эгер экинчи жарымы анын кыялындагы идеалдуу адам болсо, ага өзүн толук арнап, өмүр бою чогуу жашоого аракет кылат.

 

Балыктар (19-февралдан 20-мартка чейин)

Балыктардын басымдуу бөлүгү өзүнө ылайык келбеген инсандар менен мамиле куруп алышат. Андан улам түшүнбөстүк болуп кетсе ал адам менен андан ары мамиле курууну токтотуп, жанына жакын жолотпой андан алыстап кетет жана азап тартып деле көп кыйналышпайт. Себеби Балыктар сүйүү үчүн азап тартууну жактыра беришпейт. Анан да сезимин эч убакта биринчи билгизишпейт. 1-2 жыл болсо да сунушту жакын адамы биринчи айтмайынча жүрө берет.

 

Даткайым ДОСМАТОВА