Таалайкан: «Күйөөмө өчөшө берип аракеч болуп баратам»

Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Таалайкандын абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок.

– Менин атым Таалайкан, жашым 43тө. Удаа үч уул, анан эки кызым бар. Балдарымдын алды өз түйшүктөрүн өзү тартып мага оорчулуктарын тийгизбей калды. Ал эми кичинелерим - али жакшы-жаманды ажырата элек секелектер. Ушундай мончоктой балдарым турса да мен өз нугумдан чыгып бактысызга айландым. Бул абалга кантип келгенимди өзүм да байкабай калдым. Өткөн өмүрүмө сереп салып буларды таптым.

***

Жолдошум менен жаш күнүмдө, 16 жашымда жогорку окуу жайга тапшырып келген жылы таанышып, бир-эки жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Чынын айтсам, аны абдан жактырганымдан, кайсы учур болбосун, колун кармап кетүүгө макул элем. Бирок ал окуусун аяктап, “бир жолго түшүп алып гана жашоо баштайм” дегени үчүн эки жыл убакыт кетти. Ырасында Болот баарын алдын ала байкай билген, иш билги, жаны тынбас изденгич жигит болчу. Ага улуу адамдар кадыресе чоң кишидей кайрылганына өзүмчө сыймыктанар элем. Болот айтканын аткарды, окуусун артыкчылык менен жакшы аяктап, эч ким козголо элек ошол заманда өз алдынча иш баштап, анан турмуш курду. Азыр ойлосом, Болот бүгүнкү бизнесин ошол кезде түптөгөн экен.

Бирок баш кошуп алуу биз үчүн оңойго турган жок. Болоттун жеринин алыстыгы ата-энеме шылтоо болду. Ошентсе да ал көктүгүнө салып агаларымдын улам бири менен таанышып макул кылып атып акыры ата-энемдин алдына барып мени алып кетти. Андан кийинки жашообуз жомок эле. Жаңы жашоо. Экиден ашпаган арзыбаган гана оокатыбыз болсо да керемет жомоктогудай бактылуу жашачубуз. Адам өмүрүнүн бир кел-кел маалы болот окшобойбу. Жаңы жашоо баштаганы Болот ийгиликтердин каарманы болду. Чынын айтайын, кантип иштеп, кантип акча таап атканы менен ишим болгон жок. Негизгиси анын ишине кийлигишип олтурбай, жакшы аял болуп берейин дечүмүн. Биринчи наристебиз тай-тай басып, экинчибиз боюмда болгон жылы эле өз үйүбүз деп чакан батирге көчүп келдик. Дүкөнү кеңейди. Анан экинчи уулум төрөлөрү менен машина алдык. Адам жашоосуна мындан ашкан эмне керек. Мен олтурсам-турсам ушунун баарына Кудайга шүгүр келтирип, Болоттун кирпигине чаң жугузбай эле калдым. Ал эми кесип менен иштөөнү башынан эле ойлонбоптурмун. Бул менин жашоомдогу эң чоң жана өзүм эч качан кечирбей турган катам болуп калды.

***

Бардар жашоо бизге көптөгөн жоро-жолдош, тууган-тушкандарды таап берди. Жаш күнүбүздөн кайда барсак сый үстүндө болуп, ким менен кездешсек да кебибиз чоң эле. Мен мунун баары Болоттун арты менен болуп жатат. Болоттой эркек жок. Анын аракетин баалап ашык кеп сүйлөбөйүн деп айтканын аткарып, “бас” десе басып, “тур” десе турам. Кайда барса жакасы ак болсун, мен үчүн уят болбосун деп түн оокумда келсе да кийим-кечесин жыйнап, бут кийимин жалтырата сүртүп коюп, анан уктайм. Таң менен туруп тамагын берип ишке узатам. Бул аракеттердин баарын чын жүрөгүмдөн, жан дилимден жасачумун. Ар бир кыймылымды аялдык бактым деп эсептеп ыраазы элем. Бирок мен мунун баарын бакыт сезип сыймыктанып жүргөнүмдө айланамдагы абысын-ажын, аяштар мени бактысыз атап, сыртымдан аяп, айрымдары шылдың кылып табалап жүрүшкөн экен. Мен муну качан төрт балага эне болгонумда билдим.

Болот аттуу-баштуу адамдардын арасында жүргөн орду бар адам болгондуктан көпчүлүк жүргөн жерде өзүмдү да, балдарымды да абдан көзөмөлдөп, атабыздын атына кеп кетирип албайлы деп көнгөн элем. Бир күнү тамак ичишип жүргөн досторубуздун биринин туулган күнүнө чакырылдык. Бирок Болот бир жумалык иш сапарына кеткендиктен мени “жалгыз бара бер” деди. Акча сурасам, “өзүм барганда куттукташым керек, биротоло ошондо берем”, - деди. Эч эрөөн-төрөөн алган жокмун. Көрсө, Болот тапканын үй-бүлөсүнөн кызганып ошондо эле бизге ыраа көрбөй баштаган экен. Адаттагыдай эле өзүм үчүн эмес, Болот үчүн, аял экеним үчүн эмес, Болоттун аялы экеним үчүн жасанып, жакшынакай кийинип алып кечеге бардым. Канчадан бери кездеше элек аяштар кеп арасы ыгын таап акыбал сураша калып аттык. Бир маалда бизге эң жакын деген аяшым мен күтпөгөн суроо салды:

– Таалай, Болот менен жакшы эле жашап атасыңбы? Эмне жалгыз келдиң?

– Жакшы эле, эмне болуп кетти? Ал иши менен Ошто жүрөт. Анан экөөбүз тең барбай калмак белек деп мен келе бердим.

– Кеткенине канча болду? Мурда деле кетчү да ээ, ушинтип?

– Ооба, башынан эле иши ушундай эмеспи. Бизнес улам өскөн сайын иштери ошончо көбөйүп, улам сайын колу кармалып эле баратат. Антип иштебесе да болбойт да, - мен анын оозун басмакка сыймыктуу унчуктум.

– Билбейм, Таалай, Болоттон эч шегиң жокпу, – анын көз карашы мени чочутуп койду. Чындап санааркагандай, анын үстүнө Бермет бул кепти жок жерден айтпайт эле. Мен суроо салганча башкалар кепке кошулуп сөзүбүз бүтүп калды.

Түн бою түпөйүл тартып чыктым. Болоттун тынымсыз иш сапарлары жөн эместей туюла баштады. Бирок ошол эле маалда андай ойлор үчүн өзүмдү күнөөлүү сезип кетем. Таң агарганы Болоттун чалуусун күтүп олтуруп чыдамым кете түштө өзүм чалдым.

– Кандайсың, качан келесиң?

– И, эмне болуп кетти, тынччылыкпы? – ороңдой унчукту.

– Жай эле. Кечээ туулган күнгө жакшы барып келдик, - эмнегедир ушинтип жибердим.

– Ии, жакшы болуптур. Барганда сүйлөшөбүз аны.

Ушул маалда ары жактан аялдын күлкүсү жакындай түштү.

– Макул, өзүм чалам.

Үйдөн дайыма таң атпай туруп, түштө эч качан уктабаган Болоттун чак түштө телефонду уйкусурап алганынан шектене түшкөн элем. Эми жанагы күлкү биротоло тынчымды алды. Болот келгенден кийин сүйлөшүшүм керек дегем. Бирок ага бет келгени эч нерсе дей алган жокмун. Бир чети Берметтин кебинен башка эч кандай илинчегим жок эле. Бир жагынан буга чейин ага атырылмак турсун, каршы ой айтып көрбөгөн жаным антүүгө батынбадым.

***

Аз убакыт өтүп Болот үйгө байырлап калганга өткөндөгү бушайман сезимдерим жоголуп, өзүмө келип калгандай болдум. Бирок эми биздин келишпестиктин жаңы барагы ачылды. Бешинчи жолу кош бойлуу экенмин. Бул мени кубандырганы менен Болоттун карандай ачуусун келтирди.

– Жетет могу төрт бала, ушуларды эптеп багып алалычы. Алдырып сал.

– Кантесиң Болот, эптеп дегенден уялсаң. Жакшынакай эле жашап жатабыз го.

– Жакшынакай жашап атсаң, тууп алып бага бер. Бирок менден ашык акча сураба.

Башка чапкандай болдум. Дайыма акчаны санап берип, анан менден да, балдарынан да берген акчасынын эсебин алып турганын анын тактыгы, акчаны туура жумшаганы деп саначумун. Бирок акчага мынча кароо болуп, мындай ачуу кеп айтат деп такыр ойлогон эмес элем. Ошол эле күнү баланы алдырып салууга бардым. Чынын айтайын, Болоттун ачуусуна тийип төрөгөндөн корктум. Бирок кеч болуп калган экен. Аргасыз көнүүгө туура келди. Ичим чоңойгон сайын анын кабагы карыш. Мурда иш сапарына деп баарын жайгарып, керектүүлөрүбүздү алып берип кете турган болсо, эми кайда кетип атканы белгисиз эле спорт сумкасын жонуна асып чыгып кетчү болду. Акча сураган сайын үйдө жаңжал. Жашообуздун шаңы кетип, кабагыбыз ачылбаган жашоо башталды. Балдарымдын биздин көзүбүздү карап жалооруп тургандарына жүрөгүм ооруйт. Кыйналып кеттим. Ошол кезде Бермет чалып “жолугалы” деп калды.

– Таалай, эмне мынча жүдөп кеткенсиң? Арыктап да алыптырсың? Ден соолугуң жашыбы?

Ушул кезге чейин келбетиме карата мындай терс сын уккан эмесмин. Ансыз да бугум толуп турган жаным ыйлап ие жаздадым. Бирок шек билгизбей:

– Ичим чоңойгону ушинтип жалкоо болуп атам. Бул эми убактылуу да, - деген болдум.

Биз бир топко аркы-беркини сүйлөшүп отурдук. Убактыбыз тарып бараткан сайын Берметтин мага бир нерсе айта албай тынчы кетип атты. Акыры кетер алдында ал жарылып кеткендей болду.

– Таалай, сен эмне, Болоттун аны менен жашоосуна макулсуңбу? Сен минтип челкейип турсаң таштап кете бергенине кантип чыдайсың?

– Ким менен жашайт экен? Таштап кетпей эле турат!

– Ушунча да болосуңбу, Таалай, эмдигиче билбейсиңби? Ой, мен канчадан бери сени эмне дейт деп бышып жүрбөймүнбү. Болот тиги Махабаттардын кудачасы менен жашап атканын досторунун баары билет. Аларды эч ким токтото албай коюшту окшойт. Анысы да аз күндө төрөйт экен.

Башыма миң сан ой келип бир ооз кеп айта алган жокмун. Күчүмдү көз жашымдан чыгарып үйгө кайттым. Ал күнү Болотко өмүрүмдө биринчи жолу бийик сүйлөдүм.

– Токолуң качан тууйт?

– Эмне? – Болоттун жүзү кубарып ордунан обдула түштү.

– Ошо! Сага бала артык баш болуп атпады беле?

– Былжырабачы! Аны менен ишиң болбосун! – телевизорду тиктегенинен жазбай бурк этти. Тоготор түрү жок.

– Жогол, ошонуң менен кет да, кайрылба.

***

Ошол күнү чыгып кеткенинен эми аны кайрылбайт го деп ойлогом. Андай болгон жок. Бала баары бир данакер экен. Андан бир жума өтпөй толготуп калдым. Балдарым атасын чакырышкан экен. Келип наристебизди көрүп, өзүнө каттатып кетти. Бирок мага бир ооз унчуккан жок. Мен да үндөбөдүм. Мен үйгө чыгып келгенче балдардын жанында болуптур. Андан кийин бирде келип, бирде жок болуп жүрдү. Азыр ал наристебиз 4 жашта. Болот биз менен жашап жатканын же тигиниси менен экенине түшүнбөйм. Ачык да сүйлөшө албайбыз. Балдары эс тартып баарын түшүнүп калышкан. Алар деле атасынын башка аял менен жүргөнүн билип, туюп турушкандарын байкайм. Бирок кантип кеп козгоп ортого салмак элек. Баарыбыздын арманыбыз ичибизде. Эл бизди бай бизнесмендин бүлөсү деп ойлошот. Бизде баары бардай мамиле кылышат. А чынында биз кээ күндөрү дүкөндөн карызга нан алып жашап жатканыбызды эч ким билбейт. Мага болсо Болоттун аялы болгонум үчүн сыймыктануу эми керексиз. Мурдагыдай тартиптүү болуудан абдан тажагам, ага кызыкдар да эмесмин. Өткөндө мектепте окуган кызымдын бир ооз гана кеби мени эсиме келтирди.
– Апа, экинчи досторуңузга барбай эле коюңузчу. Алар үйгө келсе да киргизбейбиз. Сиз алар менен арак ичип алып атып атам бизди таштап кетмей болду, - дейт. Байкуш наристем, атасынын бизди алда качан эле таштап кеткенин кайдан билсин. Атасы бизди таштап кеткени үчүн ушул жашоого кептелип олтурбайбызбы. Мен кызымдын кебинен улам өзүмдүн аракеч болуп баратканымды туйдум. Кеч болуп кала электе деп аракет кылып көрдүм. Бирок ызамды курбулар менен бөлүшүп, ачуу менен басканга бир топ эле көнүп алган экенмин. Мен өзүмдү тааныбай баратам.