Сурагым келет

Аялзатын кыжаалат кылып, бирок, ачык сурап алууга мүмкүндүк бербеген "уяттуу" оорулар көп. Окурмандардын андай көйгөйлүү суроолоруна жооп издеген бул рубрикабыздын бүгүнкү адиси акушер-гинеколог жана психолог, саламаттыкты сактоонун отличниги Гүлзина Мадраимова. 

Суроо: - Менин айызым келгенде токтобой көпкө созулат. Кээде дары-дармектерди ичсем дагы болбойт. Дайым сол жактагы түтүгүм ооруйт. Ушул убакка чейин 5-6 гинекологго көрүнсөм дартымды аныктай албай коюшту. Иммунитетим жана гормондорумду текшерип көрүшсө баары жакшы экен. Мендеги бул көйгөйдү кантип токтотсо болот?

Алия, Ак-Бата конушу

Жооп: - Алия, бул жерде сиз салмагыңызды жазбаптырсыз. Сиз салмагым жетишпейт же ашыкча деп айтсаңыз мен ошого жараша тагыраак жооп бермекмин. Эгер сиз өтө арык болсоңуз анда организмиңизге витамин жетишпей жатындын урук клеткалары начарлап кетет да, кан туура эмес келе баштайт. Муну медицинада дистрофик деп коёт. Дистрофикке учураганда адамдагы кан бузулуп, ошондон улам айыз токтобой келет. Мындай кыздарды текшергенде алардын гемоглобиндери аз болуп чыгат. Эгер сиз семиз болсоңуз анда гормондоруңуз эркектик гормондорду көп бөлүп чыгара баштаганын текшерүү керек. Эркектик гормондорду көп бөлүп чыгара баштаган учурда кыз-келиндерде кан токтобой калат. Мындан тышкары адам катуу стресске кабылганда кан келип калат же келип жаткан кан токтобошу мүмкүн. Мага келиңиз, текшерүүдөн өткөрүп, саламаттыгыңызды карап берейин. 

Суроо: -2-3 жылдан бери жатынымдын моюнчасы кычыша берет. Дарыгерлерге барып көрүнсөм кымбат-кымбат дарыларды жазып бере берчү болду. Ал дарыларды ичип жүргөн маалда кычышпай калат. Качан дарыны ичип бүттүм дегиче кайра башталат. Чынын айтсам 2-3 жылдан бери дары менен жашап калдым. Бул оорудан таптакыр айыгуум үчүн эмне кылсам болот? Жыныстык жашоодо жашабасам мага оору кайдан жугушу мүмкүн? 

Чолпон, Кара-Жыгач конушу 

Жооп: - Турмуш курбаган же жыныстык жашоодо жашабаган кыздар оорубайт деген туура эмес. Сиз айтып жаткан симптомдор молочницага таандык. Сизде бир гана молочница эмес, дисбактериоздор да бар. Өздүк гигиенаны сактабаганда, мисалы, коомдук жайларда жүрүп үйгө келгенден кийин колуңузду таза жуубай ич кийимиңизди которгондо ич кийим аркылуу жуктуруп алышыңыз мүмкүн. Дисбактериоздун башка дагы түрлөрү болот, а мен сизди көрүп текшербей туруп бул же тиги дары-дармекти ич деп айта албайм. 

Суроо: -Менин айызымдын цикли бирдей эмес. Бир ай келсе, эки же үч ай келбейт. Турмушка чыга элекмин, жыныстык жашоодо жашабайм, 25 жаштамын. Айызымдын минтип келгенинен коркуп жатам.

Асема, Бишкек шаары

Жооп: - Тез арада гинекологго кайрылышыңыз керек. Айызыңыздын убагында келбегенин гинекологуңузга айтып тез арада дарыланбасаңыз бул тукумсуздукка алып келиши мүмкүн. Тукумсуз болуп калганыңызды турмушка чыккандан кийин билсеңиз кеч болуп калат. Физиология боюнча жумуртка айына бир жолу жетилип, аялдар айына бир жолу боюна бүткөнгө мүмкүнчүлүк алат. Күйөөгө тие электе ал жумуртка кайра башынан өсүш үчүн жок болуп кетет. Ал эми күйөөгө тийгенден кийин ал жумурткадан балалуу болуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Сиз тез арада келип айызыңыз эмне себептен үзгүлтүккө учурап жатканын билиңиз. 

Суроо: -Лазер менен эрозиямды 10 күн күйгүзүштү. Ал эми 10-күнү айыз келгендей кан келип баштады. Гинекологум 10 күн катары менен свеча кой деп койду. Учурда айыз каны сыяктуу кан келип жатат. Кан токтогондо свечаны коюшум керекпи же кан келип жатканда эле свечаны коё берсем болобу? 

Гүлжамал, Кара-Буура району

Жооп: - Лазер менен күйгүзүп жатканда кан келсе лазерди тез арада токтотуп тактоо керек эле да. Эрозия жакшы күйбөй калган учурда же ал кайра жаңыдан жаңырып калганда ошентип кан кетет. Ал эми свечаны албетте, кан токтогондон кийин колдонушуңуз керек. Дарыгериңизге барып "эмне үчүн кан келип калды?" деп тактап сураңыз. Ден соолук сизге керек. 

Суроо: -Кызым 19 жашта. Буга чейин таптакыр айызы келген эмес. Гинекологдор кызымдын дартын жатындын гипоплазиясы (детская матка) жана аменорея деп аныктап беришти. Бул маселени чечсе болобу? Кызымдын айызы келбесе төрөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт да ээ? Жардам бериңизчи. 

Гулина, Кант шаары

Жооп: - Албетте, кыздын жатыны өспөй калса жана айыз каны келбесе ал эне болуу бактысынан ажырайт. Гулина, сиз мага кызыңызды алып келиңиз. Текшерип кызыңыздын жатынын өстүрүүгө болобу, айызы келүү мүмкүнчүлүгү барбы карап берейин. Менин телефон номеримди редакциядан алсаңыз болот. 

Суроо: -Акыркы күндөрү жыныс мүчөмдөн башкача ириңдер бөлүнүп чыгып жатат. Мындан тышкары заара чыгара турган жерим да тынымсыз кычышып, анысы аз келгенсип арт жагымдан да ириң сыяктуу суюктуктар бөлүнүп чыгып, сасык жыт жыттанып жатат. Оору жуктуруп алдымбы деп коркуп жатам. Эгер жуктуруп алган болсом кантип дарылансам болот? Эмне кылышым керек?

Жамал, 6-кичи району

Жооп: - Жамал, сиз жыныстык жашоодо жашайсызбы же жашабайсызбы жазбаптырсыз. Көтөн жактан чыккан ириң түз ичегиге суук тийгенден. Ал эми сасык жыт жугуштуу ооруларды жуктуруп алганда гана чыгат. Сиз эч нерседен коркпой келип текшерүүдөн өтүңүз. Сизде гонорея, трихомония жана кандидоз сыяктуу жугуштуу оорулардын симптомдору бар экен. Лабораториянын текшерүүсүнөн соң кайсы жугуштуу ооруну жуктуруп алганыңызды толук айтып, андан соң дарылануу курсун жазып берем. Уялбай эле келип кайрыла бериңиз. 

Суроо: -Заара ушаткым келгенде тезинен барбасам заарамды кармай албай калам. Дарыгериме барсам заара каналы ичкерип сезгенген деп айтты. Эмне себептен заара каналы ичкерип сезгенет? Менин жашым 19да, турмушка чыга элекмин. 

Перизат, Нарын району

Жооп: - Сизде өнөкөт табарсыктын сезгенүү оорусу бар. Медицинада өнөкөт цистит деп коёт. Ал заара ушаткысы келгенде заарасын кармай албай калат. Адамдын бөйрөгүндө туз көп болгондо сийдиги өтө ачуу болот да, заара ушатканда жатынды ачыштырат. Заара каналы ичкерип кетиптир деген заараны кармоочу булчуң эттер иштебей калган дегенди билдирет. 

Суроо: -Учурда 45 жаштамын. Кулагым тунуп, муундарым жана сөөктөрүм какшап, кан басымым бирде көтөрүлүп кайра түшүп, уйкусуздуктан кыйналып жатам. Айыз циклимде да бузулуу болуп жатат окшойт. Бул учурда кандай дары-дармектерди ичсем болот? 

Орун, Ак-Босого конушу 

Жооп: - Сиз климакс менен ооруп жаткан экенсиз. Климакска ичүүчү ар кандай дары-дармектер бар. Мен сизге азыр бул же тигил дарыны ичиңиз деп айта албайм. Биринчи текшерүүдөн өтүшүңүз керек. Текшерүүдөн соң гана кайсы дарыны кабыл алууга болорун айтам. Себеби ар бир адамдын организмине ар кандай мамиле кылуу керек. Аялдын сулуулугуна, тамак-аштын сиңишине жана кан басымдын өйдө-ылдый болушуна жооп берген аялдык эстроген суюктугу бар. Ал гормон жок болгон учурда аялда климакс башталган болот. Климакс менен ооруп жаткандар көп ойлонуп, болбогон нерсеге капаланып өзүн-өзү кармай албай күчүн башкалардан чыгарышы мүмкүн. 

 

Даткайым Досматова