Сиз адашып калдыңыз...

Жийде жумушу качан бүтсө деле кеткиси келбей отура берди. Суук, сүйлөсө өз үнү жаңырган үйүнө негедир баргысы келген жок. Жан дүйнөсүн буулуктурган жалгыздык ээлеп, ааламдын кунары учкандай суз эле. Бүгүн элчилеп үйгө шашпаган жалгыз аял өзү өңдөнүп, ошол шашпаганынан, бапыратып дасторкон жайбаганынан ансайын басынып ыйлагысы келди. “Ким үчүн жаям?” - деди негедир актанып. Анан жакын көргөн адамы менен сүйлөшкөн сөздөрүн аргасыз ичиркене эстеп алды. Келбесин билип туруп куру үмүткө алданып чалбады беле.

– Сиз келесизби?

– Каякка?

– Мага да?

– Кызык суроо бердиң го, Жийдеш, мен бүгүн үй-бүлөм менен болушум керек дебедим беле?

– Мен жалгыз болууга макулдук берген эмесмин.

– Бербесең да түшүнөсүң да, сен акылдуу аялсың.

– Ошо мен аялмын, акылдуумунбу, акылсызмынбы, аялмын. Мен да башкаларчылап үйгө шашып баргым келет, дасторкон жайып отургум келет.

– Жөн эле ызылдай бербечи, алтыным, сен бүгүн барып дасторконуңду жайып, телевизор көрүп убакыт өткөрүп тур, анан мен эртең барып калам.

“Эртең келет имиш, эртеңге чейин керек болчусуң”, - деди дагы эле макул боло албай ызалуу күбүрөнүп. “Кой, минтип отура бербей жалгыз болсом да дасторкон жаяйын, башкалардан эмнем кем?” - деди өзүн-өзү кайраттандырып. Анан шашып базарга жөнөдү. Базарда бут коёрго жер жок. Ачарчылык келчүдөй элдин баары базарда. Буту тизесине чейин ылай болуп, топчулары жулунчудай жулкулдашып жүрүп майда-чүйдө алып араң чыкты. Негедир эл менен аралашкангабы, же элдин деми дем бердиби, маанайы көтөрүлө түштү. Негедир көптөн бери катылып жаткан апакай дасторконун алып чыкты. Апасы быйыл жайда учурашканы барганда: “Жакшы күйөө табылып калса чогуу чай ичесиңер”, - деп берген болчу. Негедир ушул эненин ак тилеги катылган дасторконду бүгүн жайгысы келди. Апасынын кадырын да азыр билди. Канча жолу: “Жашың отуздан ашты, эртерээк күйөөгө чыгып төрөп ал, балам”,-дей берчү. Андан бери да беш жыл өтүптүр. Апасы да акыркы кезде өзү билсин дедиби, же башка балдарынын түйшүгүнөн арыла албай калдыбы, “күйөөгө тий” деп айтпай калды.

Жийде дасторкон жасап, анан шашпай отуруп алып абдан жасанды. Бир маалда эшиктин коңгуроосу басылгандай болду. Анан кайра басылды. Коңгуроо басып жаткан адам батынбай басып жатабы, же кошуналар угуп калбаса экен деп коркуп жатабы, айтор, коңгуроонун үнү ишенимсиз чыгып жатты. Жийдештин кыялына эле “Бакыт келип калган го, ичи түтпөй бир мүнөткө болсо да кирип чыга калайын деп келди бекен?” деп ойлоп, ошол оюнан кубанып кетти. Келин эшикти ашыгып ачты да, селее түштү. Бет алдында 40-45терге барып калган узун бойлуу, кең далылуу бейтааныш эркек турган эле.

– Кимге келдиңиз? – деди Жийдеш.

– Мурда ушул үйдө жашачумун... – деди эркек акырын. Эркектин көздөрү кусага, анан эмне кыларын билбеген белгисиздикке толуп чыкты.

– Азыр мен жашайм, - деди Жийдеш эркекти абай карап.

– Коркпоңуз, карындашым, мен кетем, сиз бул үйдү кичинекей баласы бар келинден сатып алдыңыз беле?

– Жок, эркек киши көрсөтүп баалашкан.

– Демек, кайнагам саткан экен да, – деди күрсүнүп. Анан бир жакшысын жоготкондой сумсая коштошпой артына бурулду. Далысы түшүп, эки ийни шалдая басып бараткан эркекти Жийдеш аяп кетти.

– Каякка барасыз? – деди батына бербей.

– Билбейм, – деди эркек артына бурулбай.

– Кирип чай ичиңиз, Жаңы жыл эмеспи, – деди да, кайра “түрмөдөн чыккан неме болсо кантем?” деген ой чагылгандай дилин аралап өттү. Эркектин кадамы жайлап токтоп калды. Бери бурулганда караса эркек ыйлап жатыптыр. Келин кебин жута апкаарыды.

– Рахмат, карындашым, сизге да тоскоол болбоюн, мен мындай эле басып жүрүп таң атырам да, анан эртең менен айылга кетип калам, – деди каргылдана.

– Мындай суукта кантип басып жүрмөк элеңиз, кириңиз. Күйөөм жакшы адам, ал деле “кир” демек. Азыр өзү да келип калат, – деди шашып. Киргизгенден да коркуп, киргизбей койгонго да ичи түтпөгөн келин күйөөсү тууралуу тек гана сүр кылып айтып койду. Эркек келиндин көздөрүн саамга ойлуу карап алды да, анан башын жерге сала туруп калды.

– Кириңиз, - деди келин дагы. Эркек батынбай кирди да, тумагын кармалай босогодо туруп калды.

– Мурда жашасаңыз, сизге тааныш чыгар баары. Ырас, бир аз оңдоп-түзөп киргенбиз деңизчи, – деди келин тартыныңкы. Негедир саамга өзүн күйөөлүү аялдай сезип эрдемсий да түштү. Эркек эшиктин эски туткасын кармап кобурады:

– Туткасы да тааныш, баламдын издери, күлкүсү угулуп тургансыйт. Азыр тиги бөлмөгө кирсем эле курсагы ачылган уулум уктап жаткансып сезилип кетти, – деди каргылдана. Келиндин эми элеки эрдемсинген бактысы күбүлүп не деп жубатарын билбей аптыкты.

– Мынча жыл кайда жүрдүңүз? – деди батына бербей.

– Ээ карындашым, азыр Орусия деген башпаана чыккан, адамдар карыз болсо да, бирөөдөн кемсинип куру намыска кул болсо да ошо жактан аргасын издейт.

Келин өзү да байкабай жеңилдене шуу үшкүрүп жиберди.

– Мен да сизди түрмөдөн чыкканбы деп... – өзүнүн шеги тегинге чыкканына кубанган келин кантип бул сөздү балп эттирип ийгенин да байкабай калды. Эркек биринчи жолу астейдил күлдү. Эркектин көздөрү мээримдүү экенин, айрыкча күлгөндө сулуу болуп кетерин көргөн Жийдештин ичи жылый түштү.

– Ошол ой менен да коркпой киргиздиңизби ээ? - деди келинди ыраазы боло карап.

Экөө унчукпай тамак ичип, ортону ыңгайсыз жымжырттык ээледи. Бир кезде эркек:

– Менин атым Муса. Карачы, сүр басканына атымды да айтпапмын, – деди баладай ачык күлүп.

– Менин атым Жийдегүл, апам “жийде гүлдөгөн маалда төрөп, ушул жийдедей жыттуу, сулуу болсун деп ушул ысымды ыроологом” деп калат.

– Апаңыз жаңылбаптыр, – деди Муса келинди ойлуу карап. Анан саамга бирдемени эстеп жаткансып унчукпай отурду да, чечилип сүйлөп кирди.

– Жашым отузга чукулдап калса да кыз жактырбай жүргөн жаным жүзү жумурткадай аппак, каректери карагаттай шаардык кыз Жамийланы бир көрүп жактырдым. Биз жыл айланбай үйлөндүк. Апам байкуш: “Балам ай, келинчегиң өзүбүзгө ылайык эле жерден болсо жакшы болмок, тең келе алар бекенсиң? Намыскөй жаның бар эле, басынбасаң эле болду”, - деп дароо эскертти. “Жаштык – курчтук” дегендей, апамдын сөзүн кулак сыртынан кетирдим. Биз үйлөнөрүбүз менен Жамийлага улуу агасы эки бөлмөлүү үйдү белекке берди. Ошол үйгө көчүп баргандан баштап кечире берчү болдум. Жубайым жароокер, кыялкеч, жайдары болгону менен жанда жок көк болчу. Абдан чынчыл, так болчу, анан башкалардан да ошондой чынчылдыкты, тактыкты талап кылчу. “Айылга апамдын жанына барып жашайлы, ал киши жалгыз, картайып да калды”, - десем көнбөй койду. Апамды колго алалы деп ойлоп, бирок кайнаганын үйүнө алып келгенден намыс кылдым. Балалуу болбой жүрүп кеч балалуу болдук. Уулум Арген үчкө чыкканда бир досум Орусияга иштеп келгени чакырып калды. Намыстанып, басынып жүргөн жанымды жок дегенде өз үйүм болсо жашоо жеңилдейт деген үмүт жетелеп дароо кетмей болдум. Албетте, менин чечимим Жамийлага жаккан жок. Бирок мен да көгөрдүм. Орусияга барган алгачкы айларда абдан кыйналдым, анан бир аял жолукту. Орун-очок алып, соодасын жолго коюп алган тың аял болчу. Оболу эже, жердеш катары эле жумушка киргенге жардам берип, кийин өзүнө ишке чакырып алды. Оюмда эч нерсе жок анын колунда иштеп жүрдүм. Бир күнү “туулган күнүм” деп үйүнө чакырды. Жумуштагы балдар баарыбыз чогуу бардык, анан кантип мен калып калганымды билбейм. Ойгонсом эле тиги аялдын төшөгүндө жатам.

– Муса, мен сени азгырган жокмун, өзүмдү да таңуулабайм, сени эркек дейт, кааласаң келип тур, каалабасаң мурдагыдай кала беребиз, – деди аял куду келишим түзүп жаткандай. Кирдеп, басынып чыкканымды азыр сөз менен жеткире албас элем. Ошол эле күнү Женя укса эч качан кечирбешин түшүндүм, бирок болору болуп боёосу канган эле. Ошондон бир ай өтпөй аялыма жеткиришиптир. Азыр Орусия деген кошуна айылдай эле болуп калган тура. Тиги аял менен кез-кезде гана байланышып калбасак, арабыз бириге турган, бизди байлай турган эч нерсе жок эле. Үч жылдай мойнунан байлаган иттей жүрдүм да, качан эки бөлмөлүү үйгө акчам жеткенде апама жөнөтүп, анан келе бердим. Азыр эле вокзалдан келе жатам. Самолётко да түшпөдүм, оюмду жыйнап, өзүмдү токтотуп алгым келди. Женя мени кечирбеси анык, бирок уулумду гана көрсөм деген элем. Көчүп кетиптир, демек, уулумду да көргөзүшпөйт.

Муса ыйлап жаткандай унчукпай жер карап бир топко отурду.

– Мен алып жатканда саткан киши “карындашым кыйналбаса, бакыт тапса деген ниетте ушул үйдү белек кылдым эле, тескерисинче, үй бактысыздыкка себеп болду” деген эле.

– Үйдө эмне күнөө, баарын биз, адамдар, өзүбүз жасайбыз да анан күнөөнү жадагалса жансыз буюмдан издейбиз, – деди Муса шуу үшкүрүп.

– Азыр адамдарды түшүнүп болбойт, башканы эмес, өзүмдү түшүнө албай кетем, байке, апам “кой” десе болбой бирөөгө турмушка чыктым. Анан жыл айланбай ичкиликтин айынан ажыраштык. Бир жылда эле эки жолу доктурга жатып чыктым. Ичип алганда колуна кирген менен сабачу. Ошондон жүрөгүм үшүп калган экен, көпкө эркек аттуудан коркуп жүрдүм. Бирок жашоо уланып, өтмүш унутулат экен. Табият өз шартын аткартат тура. Азыр жок дегенде төрөп алсам деп бирөөнүн күйөөсүн караан тутуп жүрөм. Минтип майрамда да күтүү менен шерикмин.

– Жолдошуң жок экенин көз карашыңдан байкагам, бирок айткым келген жок, сени капа кылып албайын дедим, – деди Муса келиндин каректерин ойлуу карап.

Жийдеш буулуга шуу үшкүрдү. Аңгыча телевизордон Жаңы жылдык коңгуроо кагылып, кошуналардын кубанычтуу уу-чуусу экөөнү уйкудан ойготкондой селт эттирди. Муса шаша ордунан тура калып шампанды ачып чөйчөктөргө куйду.

– Карачы, карындашым, арман айтышып отуруп Жаңы жылды өткөрүп жибере жаздаптырбыз, кел, айрылуу, кайгы, касыреттин баары эски жыл менен кетип, жаңы жылда жаңы бакыт тартууласын.

– Айтканыңыз келсин, – деди Жийдеш делбиреп. Аңгыча көчөдөнбү же кошуна үйдөнбү, сыбызгыган жеңил бийдин музыкасы жаңырды.

– Жийдеш, кел, мени менен бийлеп койчу, – деди батына бербей. Мусанын боз уландай тартынган тазалыгы келиндин аза боюн жымырата унчукпай макул болду. Мусанын каңылжаарын аялдын жыпар жыты кытыгылай, алаканындагы тумсак дененин калтырап турганын туйду. Бул калтырак өз боюнан өтө жүрөгү көөдөнүн жарып кетчүдөй тээп чыкты.

– Аял менен бийлебегениме көп болду, – деди үнү дирилдей.

– Менин да качан аял катары эркек менен бийлегеним эсимде жок. Бирөө кууп келаткандай шашып келип, бирөө кирип келчүдөй шашып уйпалап, шашып кеткен жашоо түгөнбөй койду.

– Антпей жүр, баары алдыда али, – деди Муса акырын.

– Сиз ишенесизби?

– Ишенем, анткени азыр эле тааныбаган сени менен тааныштым, дагы кандай жакшылыгын камдап турганын кайдан билебиз, – деди Муса келинден көз албай.

Келин жигиттин кең көөдөнүнө башын койду. Бул өз эркинен сырткары эле.

– Рахмат сага... – деди Муса келиндин кулак алдынан шыбырап.

– Неге рахмат?

– Киргизгениң үчүн, киргизбесең бакыттан кыя өтмөк экем.

– Бакыт экенимди кайдан билесиз?

– Менин курагым ошондой.

Муса келиндин ысып күйгөн моюндарынан шуу жыттай карегине үңүлдү. Каректер күйүп туруптур. Эриндер өбүүнү самагандай албырып дирилдейт. Муса кармана албай кетти. Жүрөгүн төшөй жалынып да, өпкүлөп да төгүлүп кетти. Келин да кыңкыстай бир толгонуп алып жигиттин эркине көнүп берди. Эки кусадар дене бири-бирине эрктен тыш умтула, колдор бири моюнга, бири белге чырмалып, кипкичинекей бөлмөдө аалам аңтар-теңтер түшкөндөй, деңиз жээкке урунгандай ала салып жатты.

Таңга жуук эшик чырылдады.

Уктабай Мусанын кырдач мурдун, бир калыпта дем алган таноолорун карап жаткан келин селт этти. Акырын ордунан туруп эшикке жакындады.

– Ким? – деди акырын.

– Мен, Жийдеш, Бакытмын, сага шашып келдим. Тигилер баары уктап жатканда сага чуркадым. Бол эми ач, бирөө жарым чыгып калбасын.

– Кечирип коюңуз, сиз адашып калдыңыз.

– Эмне?

– Бул жерге башка келбеңиз, сиз адашып калдыңыз, – деди да, артына бурула Муса жаткан үйгө бет алды.

– Ким? - деди келиндин шооратынан ойгонгон Муса сагынган жандай ашыга кучактай берип.

– Адашкан бирөө, уктай бер.

– Сагынып кеттим, жанымдан кетпечи...

– Жаныңдамын, мен да сени сагындым эле...

 

Айжаркын Эргешова