“Жетиген” журналы бизди «жылдын мыкты гезити» деп тапты

Республикабыздагы көп тармактуу “Жетиген” журналы жыл сайын салтка айланган жөрөлгөсүн улантып бул жылы да “Жыл мыктыларын” аныктап, сыйлык тапшыруу аземин 16-декабрь күнү “Алтын Казына” ресторанында өткөрдү. Салтанаттуу кечеге Кыргыз Эл баатырлары Сооронбай Жусуев, Миталип Мамытов, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, депутаттар, министрлер, губернатор-акимдер, айыл өкмөттөрү жана чыгармачыл инсандар катышышты. Сыйлык тапшыруу салтанаты жогорку деңгээлде өткөрүлүп, Кыргыз Эл артисттери Керим Турапов, Роза Аманова, КРнын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев, “Кыз-Бурак” тобу, Данияр Эрматов ж. б. өнөр адамдары жыл мыктыларын куттуктап жагымдуу маанай тартуулашты. Жети өлчөп, бир кесип эң көп добуш алган эл тандоосунун жыйынтыгы менен “Жетиген” журналы тарабынан төмөндөгү инсандарыбыз “Жыл мыктылары” деп табылды.

«ЖЫЛДЫН АДАМЫ» - Кыргыз Республикасынын президенти АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ

 «ЖЫЛДЫН БАКАЙ АТАСЫ» - Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, академик ТУРГУНБАЙ САДЫКОВ

 «ЖЫЛДЫН САЯСАТЧЫСЫ» - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты КАНАТ ИСАЕВ

 «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ДЕПУТАТ МЫРЗАСЫ» - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты НУРБЕК АЛЫМБЕКОВ

 «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ДЕПУТАТ АЙЫМЫ» - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты АЙНУРУ АЛТЫБАЕВА

 «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МИНИСТРИ» - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министри АРГЫНБЕК МАЛАБАЕВ

 «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ» - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы АДАМКУЛ ОРОКЕЕВ

 «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИСИ» - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы РАФИК МАМБЕТАЛИЕВ

 «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ГУБЕРНАТОРУ» - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү АМАНБАЙ КАЙЫПОВ

 «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МЭРИ» - Каракол шаарынын мэри РЫСКУЛ КАЛЫГУЛОВ

 «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АКИМИ» - Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акими АСКЕРБЕК АЛИЕВ

 «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АКЫНЫ» - Кыргыз Эл акыны АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ

 «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МЕНЕДЖЕРИ» - Кыргыз Республикасынын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер ассоциациясынын төрагасы ЖЫРГАЛБЕК САГЫНБАЕВ

 «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ РЕКТОРУ» - Жалал-Абад экономика жана ишкердик университетинин ректору КАНТӨРӨ ТОКТОМАМАТОВ

 «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ОКУУ ЖАЙЫ» - Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту, МИТАЛИП ТАИРОВ

 «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МЕКЕМЕСИ» - Бишкек шаарынын башкы архитектору БАКТЫБЕК АБДИЕВ

 «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МЕКЕМЕСИ» - Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу мамлекеттик экспертиза департаменти, директору МИРБЕК АКМАТАЛИЕВ

 «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ КУРУЛУШ КОМПАНИЯСЫ» - «Сафари» ЖЧК, директору КУРСАНТБЕК ЭРГЕШБАЙ

 «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ӨНӨР ЖАЙ ИШКАНАСЫ» - Сүлүктү шаарындагы «НУР» жоопкерчилиги чектелген коому, жетекчиси РАХМАН АБДЫНАЗАРОВ

 «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ӨНДҮРҮШ ИШКАНАСЫ» - «Бузурманкул Т» ЖЧК, директору ТОКТОНАЗАР ТОКТОСУНОВ

 «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ИШКАНАСЫ» - “Ош-Сары-Таш-Эркештам” автожолдор башкармалыгы, башчысы УЛУКБЕК КУРМАНБЕКОВ

 «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ИШКЕР АЙЫМЫ» - «Аида Арт» мода үйүнүн дизайнер-модельери АИДА БАТЫРБЕКОВА

 “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ИШКЕР МЫРЗАСЫ” - «Clean Water» ЖЧК жана «ASIANA» ЖЧКнын башкы директору, «NOMADMEN FILMSтин» продюсери НУРБЕК АЙБАШОВ

 “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ИШКЕР МЫРЗАСЫ” - «МИРАС АГРО» ЖЧКнын башкы директору, жеке ишкер МИРЛАН КАПАРОВ

 “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРТИП САКЧЫСЫ” - Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы АШИМ ТАГАЕВ

 “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ДАРЫГЕРИ” - Медицина илимдеринин доктору, профессор КАЛДАРБЕК АБДРАМАНОВ

 “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ САНАТОРИЙИ” - «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинин директору ЛИРА БАТЫРБЕКОВА

 “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АЙЫЛ ОКРУГУ” - Үч-Коргон айыл округунун башчысы АХМАТЖОН АБДУРАХМОНОВ

 “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТЕМИР ЖОЛЧУСУ” - «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын жол чарбасы филиалынын башчысы САПАР САДЫРАЛИЕВ

 “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ РЕДАКТОРУ” - “Де-факто” гезитинин башкы редактору АМАНТУР МУСАГУЛОВ

 “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ПАРТИЯСЫ” - «КЫРГЫЗСТАН» саясий партиясы

 “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ГЕЗИТИ - “ЛЕДИ KG” гезити

 “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ РАДИО ДИДЖЕЙИ” - Кыргыз радиосунун диджейи ЭЛМАРА ТУРСУНАЛИЕВА

 “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЫРЧЫСЫ” - Кыргыз Республикасынын маданиятына Эмгек сиңирген ишмер СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ

 “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АДАБИЙ ДОЛБООРУ” - «Беш акын» теледолбоорунун жетекчиси, «ТүркСОЙ» эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү КОЖОГЕЛДИ КУЛТЕГИН

 “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТЕЛЕДОЛБООРУ” - “САРМЕРДЕН”

Кеченин соңунда кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуев “Жетиген” журналы кызыктуу, окумдуу, акыйкатты чагылдырган, жаманын жашырып, жакшысын чыгарган жакшылыктын жарчысы экенин айтып, өзүнүн ак батасын берди.

Айта кетчү жагдай, нускасы 15 миңге жетип, 168 бетти өзүнө камтыган республикабызда №1 аталган кыргыз тилдүү “Жетиген” журналы 2016-жылы 5 жылдык мааракесин белгилегени турат. Эмне дейбиз, үй-бүлөлүк журналдын арышы кенен болуп, зоболосу көтөрүлө берсин. Чыгармачыл жамаатка чыгармачылык эргүү, изги ийгилик, бекем ден соолук каалайбыз. Сыйлыгыңыздар кут болсун, жыл мыктылары!

 

Даткайым ДОСМАТОВА