Жумуртканын кабыгынын пайдасы

Жумуртканын ичи канчалык пайдалуу болсо, кабыгы да андан кем калышпайт экен. Андыктан жумуртканын кабыгы жаратылыштын бизге тартуулаган баалуу белеги десек болот. Окумуштуулар анын организмге сиңимдүү идеалдуу кальций экенин дадилдешкен. Буга чейин сиз таштандыга ыргытып жүргөн жумуртканын кабыгынын кандай пайдалуу экенин билип алыңыз.

 

Кайсы ооруларда колдонулат?

– Кальций жетишсиздигинде

– Сөөктөргө, өзгөчө карыган адамдардын сөөктөрүнүн морттугунда

– Зат алмашуунун бузулуусунда

– Итий оорусунда

– Балдардын тишинин туура эмес өсүүсүндө жана бузулган тишке

– Омурткалардын кыйшаюусунда

– Суук тийүүдө

– Аллергияда 

– Эриндеги учукка

– Аз кандуулукта

– Аялдардагы толгоо учурунда болгон алсыздыкта, жатындын булчуңдарынын боштугунда

 

Курамы

Жумуртканын кабыгынын курамынын 90 пайызы кальций карбонатынан турат. Ошондой эле организмге жетишпеген майда элементтерди да камтыйт. Алар жез, фтор, темир, марганец, молибден, фосфор, сера, цинк, кремний жана башкалар  болуп баары 27 элемент. Анын химиялык курамы биздин тиш, сөөктөрүбүз менен толук дал келишет жана биздин баш мээбизди стимулдаштырууга жөндөмдүү.

Кантип даярдоо керек?

1. Жумуртканын кабыгын жууп, ак плёнкасын калтырабыз. Анткени анда көп пайдалуу заттар бар.

2. Андан кийин кабыгын сууга 5-10 мүнөт кайнатабыз. Бул бактерияларды өлтүрөт.

3. Сүлгүгө же табакка салып, күнгө кургатабыз.

4. Кофе майдалагыч, блендер же комбайнда колдон келишинче майда кылып майдалайбыз. Даяр болгон порошокту айнек идишке салып алабыз.

 

Ичүү өлчөмү
(жаш курактан көз каранды)

6 айдан 1 жашка чейинки балдар үчүн бир чымчым же бычактын учу менен

1 жаштан 2 жашка чейинкилерге андан эки эсе көп

7 жаштагы балдарга жарым чай кашык

14 жаштан жогорку чоң кишилерге күнүнө бир чай кашыктан аз эмес

 

Эсиңизге салабыз:

Онкологиялык оорусу барларга жумуртканын кабыгын колдонууга чечкиндүү түрдө тыюу салынат.

Дарылыкка тооктун жаңы гана жумурткасынын кабыгын колдонуу керек.

Жумуртканын кабыгын кургатып, караңгы жерде, бөлмө температурасында, оозу жакшы жабылган айнек идиште сактоо керек.

Тамакка чейин, тамактан кийин дебей, кайсы учурда болсо да ичсеңиз болот.

Жумуртканын кабыгын жумурткадан же цитрус жемиштеринен аллергия болгондо да дары катары колдонсоңуз болот.

 

Жумуртканын кабыгы менен дарылоо

Кальций жетишсиздигинде

Жумуртканын кабыгы - кальцийдин булагы, адамдын толук кандуу өсүүсүндө, организмдин иштөөсүндө маанилүү роль ойнойт. Жумуртканын кабыгындай эч бир нерсе организмди кальций менен толук камсыздай албайт. Өзгөчө балалуу боло турган энелердин организмине пайдалуу, кальций жетишсиздигинен эненин төрөтү абдан оор өтөт.

 

Балдардын сөөк тутумунда

Баланын биринчи үч жылында сөөк ткандары тынымсыз өсүп, скелеттин калыптануусу үчүн кичинекей балдарга жумуртканын кабыгы өтө пайдалуу. Андыктан жумуртканын кабыгынын порошогун баланын тамагына кошуңуз. Ал организмди кальций менен эле камсыздабастан, аз кандуулук, итий жана диатез ооруларына да эң мыкты дары. Балдарга бир аз лимон ширесине аралаштырып жедирсеңиз, кальций сиңимдүү болот.

 

Радиоактивдүү заттардан куткарат

Адамдын организми өзүнө радиоактивдүү заттарды бат толтуруп турат, жыйынтыгында алар ден соолукка зыян алып келет. Андыктан аларды сөзсүз түрдө чыгарып туруу керек. Ал үчүн жумуртканын кабыгын колдонуңуз. Күн сайын 1/4 чай кашыктан бир нече күн ичиңиз.

 

Астма

Астмада төмөнкү рецепт сунушталат: 10 чийки жумуртканын кабыгын ичиндеги плёнкасынан ажыратып алып, кургатып, майдалайбыз. Даяр болгон порошокту 10 даана лимондун ширесине кошуп 10 күн караңгы жерге коюп коёбуз. Андан кийин даяр болгон аралашманы марлиден өткөрүп алабыз. Ошол эле учурда 10 жумуртканын сарысына 10 аш кашык шекер, 1 бөтөлкө коньяк кошуп даярдайбыз. Эми экөөнү аралаштырып 30 млдан күнүнө 3 жолу тамак ичерге жарым саат калганда ичебиз.

 

Гастритте

Гастритти жумуртканын кабыгы менен айыктырууга болот. Жумуртканын кабыгын саргайганча кууруп, аны порошок кылып майдалап алабыз. Күн сайын бир маал тамакка чейин жарым чай кашыктан он күн ичебиз.

 

Ич өткөктө

Ич өткөктө жумуртканын кабыгы менен жүзүм виносун аралаштырып (жарым чай кашык порошокту 1 стакан виного кошуп) ичесиз. Ушул эле суюктукту бөйрөктөгү ташты, табарсыкты тазалоо үчүн да ичсеңиз болот.

 

Күйүктө

Бир жериңиз күйүп ыйлаакча пайда болгон шартта жумуртканын майдаланган сыртын сээп койсоңуз пайдасы зор.

 

Ашказан жарасы

Ашказан жарасы, он эки эли ичеги жана ашказан оорусун дарылоо үчүн үч литрлик банкага уйдун кайнап бышкан сүтүн куюп, тооктун алты жаңы жумурткасын салып, банканын үстүн марли менен жаап бөлмө температурасында коюп коёсуз. Жумуртканын кабыгы жумшарганча тийбейсиз. Андан кийин жумуртканын ичин этиеттик менен алып чыгып, эриген жумуртканын кабыгын сүткө салып аябай аралаштырасыз. Даяр болгон суюктукту жарым стакандан тамак ичерге жарым саат калганда күнүнө үч маал ичебиз. Дарылануу убактысы бүткөнчө куурулган, туздуу, ачуу тамактардан, алкоголдук ичимдиктерден, тамекиден алыстап туруңуз. Банкадагыны ичип бүткөндө тыныгуу жасасаңыз болот. Ашказаныңыздагы жара тырык болуп бүтүп калат.

 

Ортопедиялык ооруларда

Ортопедиялык ооруларда (остеопороз, сан тубаса чыгып кеткенде ж. б.) бир ай бир чай кашыктан жумуртканын кабыгынын порошогун лимон ширесине кошуп күнүнө эки ирет ичесиз. Балдар бир ирет ичсе жетиштүү болот.

 

Сулуулукта

Жумуртка пилинги

Жумуртканын кабыгынан пилинг да жасаганга болот. Ал терини жылмакай, таза кылып коёт. Масканы даярдоо үчүн жумуртканын сарысын, бир кашык каймакмай, жарым кашык жумуртканын кабыгынын порошогун аралаштырабыз. Аны таза бетке маска кылып жабабыз, 20 мүнөттөн соң жылуу суу менен жууп, азыктандыруучу бет май сүйкөп алабыз.

 

 

Динара ЧОКОЕВА