Эркингүл айым: «Ини мата-энесинин абалын билдирбей зыңгырап жүрчү»

Акыркы учурда жол кырсыгынын кесепетинен кырчындай жаштардын өмүрү кыйылып жатканы абдан өкүнүчтүү. Жаңы жылдын алдында “элди жагымдуу жаңылык менен камсыздасам” деген ниетте кызмат кылып жүрүп жол эрежесин сактабаган айдоочунун азабынан каза тапкан НТС телеканалынын оператору Жоомарт Асанбековдун өлүмү бардык кесиптештеринин жүрөгүн сыздатты. Маркумдун таежеси менен байланышып төмөндөгү маалыматтарды алдык.

– Жоомарт бир үйдүн жалгыз уулу эле. Болгону 22 жашка келген. Ата-энеси 2-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар болгондуктан эжем 35, жездем 39 жашка келишкенде кеч үйлөнүшкөн. Учурда жездем Асанбек 65 жашта, оорудан улам үйүнөн алыс чыга албайт. Эжем Айнагүл 61де, алынын жетишинче кирип-чыгып жүрөт. Жоомарт төрөлгөндө эжем ооруп аны алты айына чейин багып, торолтком. 9-класстан кийин менин колума келип И. Арабаев атындагы университеттин алдындагы колледжди жакшы аяктаган. Кийин Президенттин алдындагы башкаруу академиясына өз күчү менен өткөн. Ата-энеси пенсияларын чогултуп, бир туугандар да жардамдашып жылда 32 миң сомдон контракт төгүп окуткан элек. Кенедейинен орус класста окуп, мээси кыйын иштечү. Былтыр банк иштери боюнча адис катары окуусун аяктаган. Мен энесиндей, ал уулумдай болуп калганга “улуу балам” деп тамашалап койчумун. Кечиксе кайда жүргөнүн билмейин санаам тынчычу эмес. Жоопкерчиликтүү болчу, айткан саатында “тамак даярбы?” деп тамашалап келип калчу. Өзүнө тың, абдан тырышчаак, кек сактабаган, таарынычы беш мүнөттө тараган жайдары жигит эле. Ар убак жадырап ата-энесинин абалына мүңкүрөбөй, дайыма таптаза болуп тыкан, бир калыпта жүрчү. “Мунум, тигиним жок” деп кейип кыйначу эмес. Академияда окуп жүргөндө теңтуштары деле анын абалын байкашчу эмес экен. Тайпалаштары кыз-эркек дебей машина тээп келип баары байдын балдары эле. “Таеже, тайпалаштарым “Жоомарт, эмне машина теппейсиң?” деп мени шаардык, байдын баласы деп ойлошот”, - деп калчу. Теңтуштары эжем, жездем менен таанышкандан кийин Жоомарттын кандай үй-бүлөдөн экенин билишкен. Бүгүн ошол достору ыйлап, куран окутуп келип кетишти.

– Каргашалуу окуя боюнча эмне айта аласыз?

– 29-декабрда Жоомарт түнкү саат 10дордо Жаңы жылга карата филармониянын алдында иш үстүндө болгон. Мерседес үлгүсүндөгү автоунаа алдындагы машинаны ашып өтүп жолдун чийиминде турган Жоомартты сүзгөн. Катуу соккудан бир нече метрге учуп барып түшкөндө каршы жактан келе жаткан Лексус үлгүсүндөгү автоунаа да коюп кеткен. Айдоочуну ошол замат эле кармашкан. Ал эми операторлор Бакыт деген иниме “айдоочу күнөөсүн сезип олтурган. Атасы өзбек, апасы орус же еврей экен. Алар келгенде тиги бала жок болуп кетти да, Наркологияга келип капюшонун чечкенде башка өзбек бала болуп калды. Канды, анализди ошол башка бала тапшырды” деп айтышкан. Бул маалыматты кечээ тергөөчүлөргө айтып бердим. Ушундан улам Жоомартты сүзгөн айдоочу бул эки өзбектин кайсынысы экени бизге сыр болууда.

– Акыркы күнү ишке кандай кеткенин байкадыңыз беле?

– Ал күнү эртең менен мен жумушка кетип жатканда Жоомарт уктап жаткан. Ишине саат 10дордо кетчү. Кечки беште инимдин баласына чалып: “Таежеме айтып койчу, ойлонбосун. Бүгүн түнкү съёмкада болом. Эртең менен барышым мүмкүн”, - дептир. Кечке маал апасынын жүрөгү сезгендей мага чалып Жоомартты сураганда түнкү съёмкада экенин айтып: “Чалып тоскоол болбойлу”, - дегем. Саат он бирлерде “Жоомарт автокырсыкка кабылыптыр” деп бир туугандарым машина менен келип калды. “Деги аман-эсенби?” - десем, эч ким билбейт. Филармониянын жанына келсек, бизден мурда эле тез жардам алып кетиптир. Аны ооруканада го деп ойлоп колу-буту сынса да аман болсо экен деп тилеп жаттым. Көрсө, ошол жерден эле үзүлүптүр. Башында сүзгөн бала 19 жашта дешкен. Куран окутуп жатсак баласын жетелеп баягы өзбек киши барып уулунун 20 жашта экенин айтты. Уулунун камалбай, бош жүргөнү бизге таң калычтуу. “Маркумдун ата-энесин камкордукка алышса кечиресиңерби?” дешкенинен жоошуп калганбыз. Бирок бул боюнча эч тыянак жок. Эжем, жездемдин абалы кандай болор экен деп сарсанаабыз. Жок дегенде Жоомарттан башка бир кызы болсо, же алты сандары аман болгондо мынчалык күйбөйт элек. Эмне кылышты билбейбиз. Ата-энеси “биз тирүүнүн өлүгүбүз. Жашообуз бүттү” деп боздошсо жандарына чыдап тура албайбыз. Жоомарт каза болордон 5-6 күн мурун эле ата-энесине барып келген болчу. “30-декабрда ата-энеме барам. Алар менен Жаңы жылды тосуп, куттуктап көңүлдөрүн көтөрүп, 3-4 күн эс алып келем”, - деп пландап жаткан. Ал тилегине жетпей калды.

– Кайсы элеси жүрөгүңүздө калды?

– 27-декабрда коллектив менен корпоративге барам деп жуунуп-тазаланып кечки саат 7де кеткен. Кайра саат 12де эле келип калды. Алган белегин уулума, мага сувенирин белек кылды. Дагы бир эсимде калганы - 16-декабрда “мындан ары оператор болосуң” деп кол коюшту” деп сүйүнүп келди. “Азырынча иштей бер, кийин банктан иш чыкса которулуп кетерсиң”, - десем, “НТСте эле иштейм го”, - деп койгон. Жоомарт эки жумада бир ата-энесине азык-түлүк алып барып турчу. Экөөнүн пенсиясы беш миң сомдун тегереги эле болгондуктан ал акча эч нерселерине жетчү эмес. Айылда бир аз жери, анан 5-6 тоогу эле бар болчу. Апасы жумуртканы Жоомартыма деп чогултуп койчу. Барган сайын көтөрүп келер эле. Сүйлөшүп жүргөн кызы бар болчу. Жоомарт: “Сүйлөшкөн кызым жайында окуусун аяктайт. Күзүндө үйлөнөм. Айылдагы үйдү да бир сыйра оңдоп-түзөп алайын. Кудай буйруп ага чейин жер алып калсам, бардык шарты менен там салам. Ата-энемди көчүрүп келем”, - деп акылдашкан да жайы бар эле. Жакында эле: “Таеже, автомат кир жуугуч машиналар 30 миң сом экен. Акча чогултуп апама алып берейин деп жатам”, - дегенде абдан кубангам. Жоомарт каза болгондо сүйлөшкөн кызы эжемдин тизесине жатып алып колунан өпкүлөп аябай ыйлады. НТСтеги бир журналист кыздан: “Апама шуба алып берейин дегем. Шубалар канча турат?” - деп сураптыр. Аны баягы күнү тиги кыз батага барганда эскерип отурду. Ата-энесине абдан күйүмдүү эле. Эми аларга Жоомарттай ким күйөт?..

– НТСтин жетекчилиги эмне деп жатышат?

– Аларды деле түшүнсө болот. НТС моралдык жактан абдан дем берип, бүт чыгымын көтөрүштү. Башка каналдан да журналисттер батага келип эжем менен жездемди колдоп кетишти. Журналисттерге рахмат. “Эгер тергөө иштери туура эмес жүрүп, бул жагынан кыйналсаңыздар, жардамга келебиз” деген ниеттерин билдиришти.

 

Жазгүл КАРБОСОВА