Кайсы буюмдарды үйдө сактоого болбойт?

Үй адамдын денеси жана жан дүйнөсүнүн сүрөтүн экранга түшүргөнгө окшош. Ошондуктан үйдөгү буюмдар сиздин келечегиңиз, каалоолоруңуз жана көмүскө туюмуңузга байланыштуу болот.

Ар бир буюмдун баары эле пайда алып келе бербейт. Үйүңүзгө кичине инвентаризация кылуу менен очогуңуздун энергетикасына доо кетирген буюмдардан арылыңыз.

1. Тытылган жана колдонулбаган кийим-кечек, бут кийимдерден кутулуңуз.

2. Жарака кеткен же сыныгы бар идиш-аяктар. Ашканадагы идиштер үй-бүлөнү чагылдырып турат. Ал эми жарака же сыныктар өз ара мамилеге энергиясын тийгизет.

3. Сынык тиричилик буюмдары жана сынган күзгүлөр. Колуңардан келишинче үйүңүздү таза сактап, жашаган жериңизди булгабаңыз. Кара күчтөр кир, таштандыларды, жуулбаган дене жана таза эмес жан дүйнөнү жакшы көрөт.

4. Сиздин жан дүйнөңүзгө туура келбеген белектер бактысыздык гана алып келет. Кээ бир белектер чын көңүлдөн эмес же башка ниетте берилиши мүмкүн.

5. Кээ бир ыңгайсыздык жараткан сүрөттөр психологиялык терс таасир жаратып, жан дүйнөңүзгө тынчтык бербейт.

6. Арсайган тишин көргөзгөн жапайы жаныбарлардын сүрөттөрүн ыргытуу керек. Алар канды кызытып үй-бүлөлүк мамилелерге терс таасир алып келет. Чыр-чатак жана талаштар болуп турат.

7. Эски терс нерселерди эстеткен буюмдар. Ар кандай начар шарттарда алынган же өткөндөгү кайгылуу окуяларды ойго салган буюмдарды жок кылуу зарыл.

8. Кокустан көз байлоочулук максатта колдонулган буюмдар. Кээ бир африкалык жана чыгыштын атрибуттары (бет кап, кичинекей айкел же символдор) зыяндуу энергиянын белгиси болушу мүмкүн.

9. Антиквардык, түшүнүксүз баалуу буюмдар же күмөндүү энергетикасы бар нерселер.

10. Мейкиндикти тар көргөзгөн, учтуу бурчтары бар эмеректер.

11. Чырмоок сыяктуу өсүмдүктөр үй ээсине ар кандай ооруларды тартып турат. Мындан тышкары бурмаланып өскөн гүлдөр аялдардын жалгыздыгын тилейт.

12. Үйдөгү өскөн камыштар оорулардан сактап, өлүм жана жалгыз калуудан коргойт.

 

Мезгил КУМАКОВ