Бойдоктор бурчу

                                                                    Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес.
Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып,
бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

Нурбек

Туулган жылы: 1988-жыл 12-март

Кесиби: электрик

Иштеген жери: кесиби менен иштейт

Жердиги: Ысык-Көл облусу Жети-Өгүз району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Туруктуу, ыймандуу, акылдуу

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0702 67 74 41

– Мен мурдагы никем менен 3 жыл жашагам. Таанышып, жакшы мамиледе жүрүп ишенимге жеткен кезде баш кошконбуз. Бирок жашоо биз күткөндөй болбой калды. Ажырашуубуздун себеби, анын иштейм деп туруп алганы болду. Болгондо да атайын кесиби жок болсо дагы карылар үйүндө иштейм деп көгөрдү. А мен анын баланы карап үйдө отурушун каалачумун. Себеби бул ­маалда балабыз ымыркай эле болчу. Карыларды кароо оңой эмес экенин түшүндүрө албай койдум. Акыры ушинтип урушуп-талаша берип ажырашып кеттик. Баланы ала кеткен. Өзү бир айдан кийин эле турмушка чыгып кетти. Андан бери 3 жыл өттү. Балам болсо ортодо. Карап, каралашып турам. Эми мага 21-23 жаштардагы көлдүк, чүйлүк кыз-келиндер керек. Мурунку турмушунан баласы болсо багып алам. Баланы кыз, эркек деп тандабайм. Мүмкүн болсо иштейм дебеген, үй тирилигине жакшы караган айымдар болсо жакшы болот.

 

Романс

Туулган жылы: 1975-жыл 2-февраль

Кесиби: айдоочу

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Ош облусу Өзгөн району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Туруктуу, акылдуу, жаман адаттардан алыс

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0773 08 85 52

– Аялым менен эки жарым гана жыл жашагам. Биздин бир болбой калуубуздун себеби, балалуу боло албаганыбыз болду. Анын төрөбөй турганын билген соң ажырашууга туура келди. Андан бери 8 жыл өттү. Бул аралыкта кайрадан турмуш куруу тууралуу ойлонбой жүрө бериптирмин. Эми жаңы жашоо баштоону пландап жатам. Мага бир гана оштук кыз-келиндер керек. Жашы 24 жаштан баштап 32 жашка чейин болушу шарт. Баласы барлар убара болушпасын. Бирөөнүн баласы бирөөнө бүлө болбойт. Муну ата-энем­дин тагдырынан, аталаш туугандарымдан улам билем. Ошондуктан бир гана өз канымдан жаралган балдарды багып, тарбиялагым келет. Мен сыяктуу балалуу болууну каалаган, жалгыздыктан тажаган айымдар чалыңыздар. Бактылуу болууга бирге аракет кылалы.

 

Айсулуу

Туулган жылы: 1995-жыл

Кесиби: жок

Иштеген жери: жок

Жердиги: Нарын облусу Жумгал району

Кандай сапаттагы мырзалар жагат? Туруктуу, ишенимдүү, жоопкерчиликтүү

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0705 77 35 96

– Мен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн адамга каа­лоом менен баш кошком. Чындыгында бири-бирибизди жакшы көрчүбүз. Ошондуктан мен ал адам менен жашап кетериме ишенгем. Бирок кайненеме жакпаган келин болуп калдым. Анын мага карата кылган жаман мамилесинин айы­нан бир кыздуу болгон кезде жолдошум экөөбүз ажырашып кеттик. Кызымды тарбиялап, кызым деп жашап келем. Эми жакындарымдын кеңеши менен өзүм теңдүү мырзага турмушка чыгууну чечтим. Мени бактылуу кылам деген мырзанын шарттарына жеке сүйлөшүүдө жооп кылам. Андыктан аялы менен биротоло ажырашкан жигиттер чалыңыздар.

 

Айбек

Туулган жылы: 1984-жыл 4-февраль

Кесиби: ширетүүчү

Иштеген жери: кесиби менен иштейт

Жердиги: Нарын облусу Нарын району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Тың, туруктуу, элпек, сылык

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0708 75 60 23

– Мен бир баланын атасымын. Келинчегим менен эки жыл бирге жашагам. Башында жашообуз жакшы эле башталган. Бирок ал жашообуз кайненемдин кийлигишүүсү менен бат эле бузулуп калды. Апасынын тилине кирген аялым балам эки айлык кезинде мага таштап салып кетип калган. Артынан барган жокмун. Ошол бойдон баласы менен катташпайт, кабарлашпайт. Баламды жалгыз карап жашап келе жатканыма төрт жыл болду. Эми негизгиси балама жакшы эне болуп бере ала турган айымды издейм. Жашына карабайм, жердиги Ош облусунан башка жерден болушу керек. Баласы болсо багып алууга макулмун. Балама эне болуп, ага өгөй экенин билдирбеген мээримдүү аялзатын кезиктирсем жакшы болот эле. Менин абалымды түшүнгөн, түйшүгүмдү бирге тартыша ала турган ­айымдар чалыңыздар.

 

Абды

Туулган жылы: 1979-жыл 16-август

Кесиби: жок

Иштеген жери: чарбачылык менен алек

Жердиги: Ысык-Көл облусу Тоң району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Акылдуу, туруктуу, мээримдүү, түшүнүктүү, сыйчыл

Материалдык байлыгы: үйү, жери бар

Байланыш телефону: 0702 09 89 19

– Биринчи никем менен 9 жыл бирге жашагам. Бир балабыз бар. Кийин кайын журтум менен келише албай калып, анын натыйжасында аялым менен ажырашып кеткем. Уулум азыр кайненемдин колунда, мага жиберишпейт. Өзүм барып учурашып турам. Аялым болсо күйөөгө тийип кеткен. Эми мага нарындык, көлдүк 30-35 жаштардагы кыз-келиндер керек. Баласы болсо багып алам. Мени колдоп, бутума бут, колума кол боло турган жакшы жар менен бала-бакыралуу болуп жашагым келет.