Бойго бүтүрүүнүн жөнөкөй ыкмалары

Бала жытын эңсеп, балалуу болуу бактысын зарлап күткөн үй-бүлөлөрдүн саны суюлбай келет. Бирок замандын өнүгүшүнө ылайык балалуу болууга ар түрдүү ыкмалар колдонулуп, мүмкүнчүлүктөр да арбын. Бул макалабызда балалуу болуу бактысына жеткире турган бир катар ыкмаларга токтолобуз.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын чыгыш медицинасы кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Канаев Рыскулбек Алыбаевич: “Ийне терапиясы менен балалуу боло алышат”

– Ийне терапиясы жана анын балалуу болууга кошкон салымы тууралуу айтып берсеңиз.

– Негизинен ийне терапиясы көптөгөн ооруларга жардам берет. Анын ичинде төрөбөгөн аялдарга да колдонулуп келет. Жыйынтыгы жаман эмес, муну атайын өзүм изилдеп, өз тажрыйбамда колдонуп келатканыма көп болду. Акыркы учурда төрөбөгөн келиндердин баары эле суукка урунгандар. Бирок бир нерсени айтып коюшум керек, бизде боюнда болбой калса дароо жатындан көргөн туура эмес түшүнүк пайда болду. Гинекологдор да жатынды, жатын түтүгүн текшере беришет. Бул туура эмес, анткени бардык нерсе бөйрөктөн башталат. Бөйрөк өзүнүн кызматын аткара албай калганда жатындын күчү жоголот да, аялдын боюнда болушу кечеңдейт. Кээ бирде гана бөйрөктөн башка себептер болуп калат. Балалуу болуу үчүн аялдын биринчи кезекте бөйрөгү мыкты болушу керек. Ошол эле учурда күйөөсүнүкү дагы. Себеби эркектин бөйрөгү начар болсо, бел суусунун күчтүүлүгү азайып кетет.

– Балалуу болуу максатында ийне терапиясы кайсы органга колдонулат?

– Жатын менен байланышкан атайын чекиттер бар. Жогоруда белгилегендей, жатынды күчтүү кылыш үчүн бөйрөктү дарылайбыз. Ал үчүн ийне жатындын тонусун көтөргөн, бөйрөктүн күчүн калыбына келтире турган чекиттерге сайылат. Ал чекиттер бөйрөктүн тушунда, белде болот. Адам суукжан болуп кетсе да бөйрөк алсызданат. Ошондуктан суукжандар ысыкты пайда кылуучу тамактарды көп жеш керек. Ал тамактар: жылкы, кой, эчки, үйдө багылган тооктун эти, жумуртка, кургатылган жер-жемиштер, курма, жаңгак. Адам ысык жандуу болсо, балалуу болгонго оңой.

– Бир айда канча процедура болот?

– Мен чыгыш медицинасы боюнча 10 күн, анын ичинде бир гана ийне эмес, укалоо, кургатылган чөптөр менен да дарылайм. Андан сырткары кандай тамактар менен тамактаныш керектигин да айтып берип турабыз. 10 күн катары менен ийне сайылгандан кийин бир ай эс алат. Бир айдан соң кайрадан экинчи процедура башталат.

– Канча процедурадан кийин балалуу болуу мүмкүнчүлүгү пайда болот?

– Ар кимдин организми ар кандай. Кээ бириники 10 күн алгандан кийин эле болуп калат. Көпчүлүгүнүкү 3 процедурадан кийин сөзсүз болот. Менин колумдан төрөгөн келиндер көп, буюрса. Балдарынын алды 5ке чыгып калды. Аларды көрүп кубанып калам.

– 10 күндүк процедура канча сом турат?

– Бардык балалуу болууну каалагандардын эки көзү төрт. Бирок каражаты жетпей кыйналып, аны айта албай тургандарын билем. Андай учурда жардам катары жеңилдик берип бааны арзандатабыз. Кыскасы, мүмкүнчүлүгүнө жараша кардар менен жеке чечишип алам. Атайын белгилүү так баасы деле жок.

 

Бойго бүтүрүүнүн башка ыкмалары

Укалоо

Укалоо кандай учурда жасалат? Оор көтөргөндөн улам жатындын оң же сол жагы кыйшайып калат. Ушундай учурда аялдын жатыны эркектин бел суусун кабыл албай, түшүп кала берет. Аны медициналык укалоо аркылуу түзөйт. Укалоо 10 күнгө созулат. Эгерде кандайдыр бир күмөн саноо болсо, кайрадан 10 күн жасалат.

 

Сүлүк курт менен

Акыркы учурда сүлүк курттун дабасы менен боюнда болгондор да бар. Сүлүктү белге, жатындын үстүнө коюп дарылайт. Организмге жетишпеген зат сүлүктүн шилекейи аркылуу кирет. Бул дагы 10 күнгө созулат.

 

Аарыга чактыруу жолу

Бул ыкма көптөн бери колдонулуп келет. Аары менен дарылоо 3 курстан турат. Анда 10 күн чактырып, 10 күн эс алдырат. Аары жатынды кеңейтет, суук тийгенди айыктырат. Башында 8 аарыдан чактырып отуруп 10 күндүн ичинде аарынын саны 20га жетет. Эскертүү: алгачкы 2-3 күндө чыйрыгуу, баш айлануу, денеде кычышуу сөзсүз болот.

 

Жатынды көтөрүү

Жатын ылдый түшүп кетсе да бойдо болбой калышы мүмкүн. Анын жолун билген апалар кыргызчылык жолу менен укалап өйдө көтөрөт. Жатыны ылдый түшүп кеткендерге боюнда болсо да түшүп калуу коркунучу бар. Ошондуктан жатын калыбында эмес экенин байкаган учурда сөзсүз билгендерге кайрылып, туура кам көрүү зарыл. Жатынды көтөрүүгө этек кир келип жаткан күндүн биринчи күнү абдан ыңгайлуу.

 

Е витамини

 Бул витамин - аялдардын эн безинин, эркектердин урук безинин жакшы иштөөсүнүн өбөлгөсү. Е витамининин булагы болуп розанын желекчелери эсептелет. Розанын желекчелеринин үстүнө кайнак суу куюп демдеп койсо, роза суусу даяр. Муну ач карын ичүү керек. Е витамининин дагы бир булагы – чычырканак. Чычырканактын ширесин, майын ичип же жаңы мөмөсүн жеш керек.

 

Ашкабак 

– Ашкабакта Е витамини менен кошо организмге керектүү башка заттар да болгондуктан муну пайдалануу өтө жакшы. Ашкабакты колдонуу талгактын алдын алып, бала эмизген аялдарда сүттүн көбүрөөк бөлүнүп чыгышын шарттайт.

 

Кара көсөө

– Кара көсөө (спорыш). Бул чөп - тукумсуздукта табылгыс каражат. Анткени жатынга жана эн безине дарылык касиетин тийгизип бойго бүтүрүүгө жардам берет. Аны чай катары ичүүгө болот. 2 чай кашык кара көсөө чөбүнүн үстүнө 400 грамм кайнак суу куюп 4 саат демдөө керек. Анан бир күндө 4 маал, тамактан жарым саат мурун 100 граммдан иче берсе болот.

 

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА