Кадр сыртындагы кызыктуу окуялар

“Тасма талаасы кызыкка бай” деп көп угабыз. Бирок ал кызык учурларга ошол тасма айдыңында иш алып баргандар гана күбө болуп, алардын бири элге жетсе, бири көмүскөдө калып унутулуп келет. Оңбогондой эмгекти талап кылган тасма иштериндеги кызыктарга назар салалы.

 

Мурат Мамбетов: “Марат дудук болгондо...”

– “Кууш жолдор”деген тасмада уурулук көп катталган айылга милиция кулагы керең, дудук жана келесоо болуп келип ууруну табыш керек болчу. Дудук милиционердин образында Марат Жанталиев эле. Тасмада ууру табылгыча айылда жүрүүгө мажбур болуп, шалбыраган кийим кийип жүргөн жеринде балдар аны таш менен ургулап кууп салышат. Ошондо бир кемпир балдарды кубалап, тиги “селсаякты” үйүнө киргизип тамак берет эмеспи. Мына ошол боорукер кемпирдин ролун аткарууга атайын актриса тандаган эмеспиз, ошол жерден эле бир кемпир таап тартабыз деген ишеним менен бара бергенбиз. Съёмка башталарда Маратка: “Сен чыныгы дудуксуң, кемпир сени сүйлөй албаган байкуш экен деп ишенсин. Сен съёмка бүткүчө такыр сүйлөбө”, - деп тапшырма бердим. Айткандай эле, Марат кемпирди ишендирүү үчүн репетиция учурунда да жинди чалыштын ролун жакшы аткарып, эпизод тартылып бүткүчө таптакыр сүйлөгөн жок. Боору ачыган айылдык апа басса-турса ага кейип: “Ии, байкушум, ата-энең барбы?” - деп кайра-кайра сурап, жан тартып жүрдү. Съёмка бүткөндөн кийин апага ыраазычылыгымды айтып жатсам Марат келип менден тамеки сурап калды. Анын сүйлөгөнүн көргөн апа ошол жерден: “Апей, бул угат турбайбы. Сүйлөп атпайбы?” - деп чочуп кыйкырып жиберди. Апа актёр чын эле дудук экен деп ишенген.

 

Эрнест Абдыжапаров: “Съездбек “машина айдаганды билем” деп алдаптыр”

– “Боз салкын” тасмасындагы башкы каарман Мурат деген бала айылдык экенине карабай шаардык кызды жактырган прогрессивдүү, атты да чапкан, унааны да айдаган жигит болушу керек эле. Ушул каарманды издеп жаткан маалда Съездбек Искеналиев келип калды. Аны башкы каарманыма окшоштуруп жактырдым. Съездбектен: “Унаа айдап, ат чаба аласыңбы?” – десем, токтолбой: “Ооба”, - деди. Башкы каарман аныкталган соң съёмканы баштадык. Баштаганда эле Асеманын ата-энесине таанышканы барчу жерден Съездбек бордюрду сүзүп унааны талкалап салды. Машина айдай албасы ачыкка чыгып ошол жерден айдатып үйрөттүк. Ал бүтүп, Суусамырда айдаган жерден чычырканакка кирип кетип унаа аз жерден талкаланбай калды. Айлабыз кеткенде жамгыр жаап жаткан кадрларды анын костюмун кийип, бетимди көрсөтпөй өзүм ойнодум. Анан Бурулдун тизесин өпкөн жери бар го, ошол жерди тартарда ал тизе турсун, кыз өпкөндү билбеген жигит болуп чыкты. Аны дагы чоң репетиция жасап жатып ызы-чуу менен үйрөткөнбүз.

Асема Токтобекова: “Жасалма доллар экенин билбей балыкчылар БЧКга секирип...”

– 2014-жылы күз айында “Көк жал” тасмасынын бир эпизодун БЧКнын жанынан тартууга туура келди. Сценарий боюнча башкы каарман кызды куткаруу үчүн бир сумка толтура долларды душмандарына бериши керек. Акчаны берип кызды колуна алган маалда сумкадагы бомба жарылып, акчалар асманга сапырылып учуп, БЧКнын суусунда калкып жайнап агат. Биз тасма тартып жаткан маалда ары жакта балыкчылар да жүрүшкөн. Алар аккан акчанын жасалма доллар экенин билбей сууктун күнү БЧКга жанталаша секирип башташты. Алып чыккан “долларларын” күнгө жайып кургатып атышат...

 

Ырысбек Жабиров: “Каармандарыбыздын тагдырлары алар жашаган үйдүн ээлеринин тагдырларына окшош экен”

– “Талак” тасмасын тартып жаткандагы окуя азыр да эсимде. Токтогулдун Терек-Суу деген жерине барып, ал жерден эки кошунанын үйүн сураштырып жүрүп эптеп таптык. Сценарий боюнча, биринчи каармандын үйүндө айыл өкмөтү, экинчи үйдө иштебей эле, арак ичип жүрө берген каарманыбыз жашамак. Ошентип, үйдү таап, съёмканын биринчи күнү түн жарымга чейин тартылды. Экинчи күнү түштөн кийин тасма тартууну уланталы деп келсек, баягы биздин аракеч каармандын үйүнүн чыныгы ээси бизди киргизбей койсо болобу. Көрсө, тасмадагы каармандын тагдыры чыныгы үй ээлеринин тагдырына окшош экен. Кимдир бирөө айтып койгонбу, айтор, ээси: “Силер мени шылдыңдап жатасыңар”, - деп көгөрүп бизди үйүнө киргизбей туруп алды. Кошуна-колоңдорду чакырып, тааныш-билиш салып олтуруп эптеп макул кылганбыз.

 

Съездбек Искеналиев, “Аманат” тасмасынын продюсери: “Эмил байкенин төшү күйүп кеткен”

– “Аманат” тасмасынын аяк жагында Ханды атып салган жери аябай эсте калган. Хандын ролун аткарып жаткан актёр Эмил Борончиевдин ок тие турган жерине ичине боёк куюлуп батарейка менен иштей турган атайын аппарат койдук. Октолбогон тапанчаны атканда катуу үн чыгат, ошол кезде актёр боорун кармамыш болуп атып баягы аппаратты басыш керек эле. Биринчи жолу тартканда батарейка түгөнүп калып баскыч жарылбай койду. Тасманы эртерээк тартып бүтүш керек болгондуктан баскычты жардыруу үчүн зымдарын аккумуляторго кошууга туура келди. Бул аябай коркунучтуу болгонуна карабай Эмил байке тобокелге барып тартылды. Тасма учурунда баскыч эки эсе катуу жарылып, жыйынтыгында жер-суунун баары боёк болуп, Эмил байкенин төшү күйүп кеткен. Тасма тартылган үйдүн ээси үйүн жаңы эле оңдоп-түзөгөнүн айтып кабак түйгөн эле.

 

Даткайым ДОСМАТОВА