Кыш мезгилинде келбетти бир калыпта сактоо

Жаздын келиши менен аялзатынын ашыкча салмактан арылуу керек деген түйшүгү башталат. Толуп кетүү же жыл бою форманы бир калыпта алып жүрүү сарсанаасы сизди да ойлондурса керек. Бул маселе айрыкча кыш мезгилинде күчүнө кирип ашыкча салмак ыңгайсыздык жаратат. Бул түйшүктү жоготуу үчүн азыртан кам көрүү зарыл.

Кышында зат алмашуу жайлап, бардык процесстер мурункудай активдүү иштебей калат. Бул учурда уйкусуроо, жалкоолук күчөйт. Мындай көрүнүш келбетке терс таасирин тийгизет. Анын алдын алуу үчүн айрым эрежелерди адатка айлантышыбыз керек.

 

1.       Адам табиятынан суук түшкөн мезгилде адаттагыдан көбүрөөк жеп баштайт. Себеби жылынуу үчүн болгон күчүн тамактан чыгарат. Бул аракеттен улам ашыкча тамактанып алганын өзү байкабай калат. Жыйынтыгында кат-кат майлар пайда болуп ашыкча салмак топтолот. Сырттан тоңуп келгенде дароо тамакка олтурбай, биринчи ысык чай ичип жылынып алуу керек. 20 мүнөттөн кийин тамактана баштаңыз.

 

2.       Андан да жакшысы - шекер кошулбай жасалган как компоту. 1 стакан какты 1 литр сууга кайнатып, тамактанарга жарым саат калганда жылуу түрдө ичиңиз. Мындай компот тамакка болгон табитти жоготот. Колдон келсе бир күндө 1,5-2 литрге чейин суу же компот ичкенге аракет кылыңыз. Өзгөчө эртең мененкисин ач карын бир стакан чийки суу ичкенди адат кылып алсаңыз жакшы.

 

 

3.       Тамактануу рационуңузга салат кошуп ар бир тамакты салат менен жеңиз. Жарым капустаны майда туурап, бир даанадан сабиз, кызыл кызылча жана түрптү сүргүчтөн өткөрүп, кичине туз салып баары жумшарганча аралаштырыңыз. Эки аш кашык өсүмдүк майын жана ашкөктөрдү кошуп коюңуз.

 

4.       Көнүгүү жасоону адатка айлантыңыз. Көнүгүү жасоого мүмкүнчүлүк таппасаңыз, таза абада күнүгө жарым саат жөө басыңыз. Көп кабаттуу үйдө жашасаңыз, лифт колдонбой, жөө чыгып, жөө түшүңүз.

 

5.       Тамакты шашып жегенде даамын гана билбей калбастан, ашыкча да жеп алган болосуз. Адистер тамакты мүмкүн болушунча шашпай олтуруп, майда чайнап жеш керектигин сунушташат. Тамакты ашыкча жеп албоонун дагы бир ыкмасы - тамак алдында ичилген бир стакан кефир.

 

6.       “Жакшы тамак калгыча, жаман курсак айрылсын” деген түшүнүктү унутуңуз. Тамак канчалык даамдуу болбосун, кичине тойбогондой абалда тамактанууга өзүңүздү тарбиялаңыз. Себеби ичке кирген тамак анык тойгондой абалды 20-30 мүнөттөн кийин гана тартуулайт. Бирок биз аны күтпөй ашыкча тамактанып алабыз.

 

7.       Кайсы диетолог болбосун, эрте мененки тамакты өзүңүз жеп, түшкү тамакты досуңуз менен бөлүшүп, кечки тамакты душманга беришиңиз керектигин айтат. Бул сунушту кабыл алыңыз. Эгер кечинде курсагыңыз ачып чыдабай турган болсоңуз, бир сабиз менен бир алманы майда сүргүчтөн өткөрүп, бир чай кашык өсүмдүк майын аралаштырып жеп алыңыз. Бул салат витаминдүү жана адамды ток кармап тургандан тышкары шлактарды айдап, бөйрөктүн, боордун иштешин жакшыртат.

 

8.       Колдон келсе тамактануу рационуңуздан казы-карта, чучук баш болгон майлуу эттерди жана нан баш болгон ун азыктарын чыгарып салыңыз. Жок дегенде аз жеңиз. Баш тарта албай жеп алсаңыз, эртеси организмди тазалоочу ыкмаларды колдонуңуз. Мисалы, таңдан кечке 5-6 стакан лимон менен көк чай же кайнатылган суу ичиңиз. Бул ыкма организмге терс таасирин тийгизүүчү заттардын баарын айдап чыгат жана кандагы канттын деңгээлин азайтуу менен кан басымын түшүрөт.

 

9.       Ток кармап, бирок семиртпеген дан өсүмдүктөрүнөн гречка, күрүч, геркулес, сулуну сууга кайнатып, бууга бышырып же ботко жасап жесеңиз болот. Мындан тышкары алардын кебектерин дагы тамак рационуңузга киргизүүнү диетологдор сунушташат. Бирок күрүчтү аз жеңиз.

 

Даткайым ДОСМАТОВА