Көк бет баланы кантип тарбиялоо керек?

Бала тарбиялоодо энелерди нааразы кылган нерсе - баланын көктүгү. Энелердин ар бирин «балам эмнеге көк бет болуп калды, кантип бул сапатын жок кылсам болот?» деген санаалар ойлонтот. Бул жөнөкөй суроого бир тараптуу жооп жок. Андыктан көк бет балага кантип мамиле кылуу керектигин гана билүү зарыл.

 

Көктүк бир нече типке бөлүнөт:

1. Өтө бекем жана талапты катуу койгон тарбия. Ата-энелер балдарга ишенип, кызыкчылыктарын сыйлап, өз алдынча болгонго эркиндик бериши керек.

2. Ыксыз эркелик көктүккө жеткирет. Бул балдарга талапты бир аз күчөтүү керек. Ал эмнени кааласа, баарына «сеники туура» дей берген болбойт. Баарын акырындык менен өзгөртүү зарыл.

3. Кароосуз калган баланын көктүгү. Балдарга көп көңүл буруу керек. Ошондо үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине болгон мамилеси жакшы жакка өзгөрөт.

 

Көк бет баланы кантип тарбиялоо керек?

1. Алгач ачууга алдырбай, сабыр кылып, чыдап, балага кемчиликтерин түшүнүп жана моюндаганды үйрөтүү керек.

2. Балаңызды башка балдар менен эч убакта салыштырбаңыз. Эгерде кошунанын баласын «акылдуу, жакшы» дей берчү болсоңуз, балаңыздын жакшы жактары туткундалып калат.

3. Балага капа кыла турган сөздөрдү айтып, ат коюп кемсинтүү туура эмес. Анын кыбыр экенин айтпай туруп шамдагайлыкка бат үйрөтө аласыз.

4. Балаңызды же кызыңызды үй-бүлө ичинде гана эмес, башка адамдын көзүнчө да мактаңыз. Психологияда жакшы баа албаган учурда да алдын ала мактоону сунушташат. Бала өзүнүн уникалдуу экенин сезгенде гана гүлдөй ачылат. Ата-энеси анын кылгандарын жактырып, байкап турса, бала тоону томкорууга да даяр.

5. Балаңыз адаттан тыш көк беттенип, кежирленип баштаса, анын абалына анализ кылыңыз. Ал бул жол менен мектептен же бала бакчадан чарчаганын көрсөтүп жатышы мүмкүн. Балким, сиздин көңүл бурууңуз жетиштүү эмес.

6. Ата-эне баланы байкоосуздан айтып алган ушагы үчүн тыйса, ага эмне себептен тыюу салып жатканын түшүндүрүү керек. Ошондо гана бала менен ата-эненин ортосунда ишенимдүү жылуу мамиле сакталып калат.

7. Балага эреже, тартиптерди үйрөткөндө чыдамдуу болуңуз. Бала деген баарын тез жана так аткара албайт. Ата-энесинин нааразычылыгына дайыма кабылган бала бардык нерседен артта калып баштайт.

8. Баланы эч качан урбоо керек, ал урган сайын агрессивдүү, көк боло берет.

 

Алия Даниярова