Чыныбай ТУРСУНБЕКОВдун кызы Бегимай: «Акыркы убактарда атамды телевизордон эле көрүп калдым»

Алгач бизнес жаатында ийгилик жаратып, учурда ЖКнын депутаты болуп элге кызмат кылып жаткан Чыныбай Турсунбеков иштин эле эмес, бала тарбиялоонун жолун да мыкты өздөштүргөн ата экен. Ал балдарын кичинесинен эмгекке тартып, өз алдынчалыкка үйрөткөн. Бул тууралуу кызы Бегимай айтып берет.

– Бегимай, Чыныбай Акуновичтин канчанчы кызы болосуң?

– Биз үч бир тууганбыз. Эки кыз, бир эркек. Мен экинчи кызымын, жашым 25те. Борбордук Азиядагы Америка университетинин бизнести башкаруу бөлүмүн аяктагам. Азыр кесибим менен өзүмө жаккан туризм тармагында иштеп жатам. Тактап айтканда, “Акун Ысык-Көл” отелинин директорумун. Он эки жашымдан тарта иштеп эмгекке үйрөндүм. Жайкы эс алуу сайын ата-энебиз бизди “иштегиле” деп Ысык-Көлгө жиберчү. Алгач көл жээгинде чатырча, керебетчелерди ижарага берип иштеп баштасам, кийин бир аз чоңоюп кассир болдум, бильярд залында иштеп жумушум жоопкерчиликтүү боло баштады. Андан администратор, менеджер болуп улам жогорулап, тажрыйба топтоп олтуруп директорлукка жеттим. Бул жоопкерчиликтүү кызматта иштеп жатканыма төрт жыл болду. Аны менен катар банк чөйрөсүн үйрөнүп банктын директорлор кеңешинин мүчөсү болдум.

– Жаш кезиңден жумушка тартканы үчүн ата-энеңе таарынбайсыңбы?

– Балдарын жашынан иштегенге үйрөткөн үй-бүлөлөрдү сейрек кездештирем. Биздин үй-бүлөдө ата-энебиздин максаты - балдарын өз алдынча болуп, өздөрү акча таап, тапкан акчасын баалап керектүү нерсеге жумшаганга үйрөтүү. Мен кичинемден иштеп акча таптым, убакыттын өтүшү менен акчага башкача мамиле кылып баалоону үйрөндүм. Жашымдан иштегенимдин пайдасын эле көрүп келе жатам. Бул үчүн ата-энеме, тескерисинче, абдан ыраазымын.

– Эң алгач канча акча тапканың эсиңдеби?

– Аны эстеш кыйын. Бирок жетиштүү суммадагы акча тапканым эсимде. Жайкы сезонду жаап, Бишкекке келип акчамдын бир бөлүгүнө окуу куралдарын сатып алгам. Калганын ата-энемдин, инимдин туулган күнүнө, Жаңы жыл майрамына катып койгонумду билем. Ата-энем акчамды кийим же оюнчук сатып албай, окуу куралдарына жумшаганыма таң да калышкан, ыраазы да болушкан. Азыркыга чейин бир нерсе сатып аларда “эмгек менен тапкан акчама ушул нерсе татыктуубу?” деп ойлоном. Өзүм тапкан акча таттуу жана баалуу.

– Атаң үйдө кандай адам?

– Атам абдан оор басырыктуу. Апам экөө идеалдуу түгөйлөр. Атам бизнесте тобокелге көп барат, апам болсо ар нерсеге абайлап мамиле кылганды жакшы көрөт. Жыйынтыгында дайым атам ийгиликке жетишет.

Мен тартынчаакмын, атам: “Баары сага окшогон адам, эч кимден тартынба”, - дейт. Көйгөй болгондо чечүүнүн жолдорун сурап кайрылсам, “чыга турган жолду өзүң ойлонуп тап, баарын мыйзам чегинде жаса. Мыйзамдуу жолду тандасаң адашпайсың”, - деп өзүм аракет кылганга үйрөтөт. Атам балдарын үнүн катуу чыгарып урушканын эстей албайм, акырын сөз менен гана айтат.

– Бир туугандарың да сендей аракетчилби?

– Эжем Түштүк Кореядагы бизнес мектебинин магистратурасында жана Америкада саясат жаатында магистратурада билим алган. Былтыр жай айында Кыргызстанга келди. Ал биздин үй-бүлөлүк бизнес менен иштебейт. Анын каалоосу - өз алдынча иштеп, ийгиликке ата-энемдин жардамы менен эмес, өз аракети менен жетүү. Учурда кесиби менен иштейт. Иним да мен окуган университетте 1-курста окуйт. Чет өлкөдө окууга мүмкүнчүлүгү бар болсо да кеткен жок. Балким, магистратураны чет өлкөдөн окуп келет, эми аны убакыт көрсөтөт.

– Бизнесте жүргөн адамдардын үй-бүлөсүнө кароого убактылары кандай?

– Атам саясатка кирген акыркы беш жылдан бери жумушунан, апам бизнес иштеринен бошобой калышты. Экөө тең эртеден кечке жумушта болушат. Атам мен уктаганда келет, кайра таң эрте кетет. Мен да жумушта болом. Чынын айтсам, акыркы убактарда атамды телевизордон эле көрүп калдым. Мурда үй-бүлөлүк бизнесибиз менен гана алек болгон учурда эс алуу күндөрүн чогуу өткөрүү салттуу адатыбыз эле. Баарыбыз чогуу киного, кечки тамакка барып, сейилдеп келчүбүз. Кыскасы, бала кезибизде ата-энебиз бизге жетиштүү эле убакыт бөлүп, кам көрүшчү.

– Силердин үйдө да акча тартыш болгон учурлар болгонбу?

– Албетте, ата-энемдин бизнеси жаңы башталган учурда биз кичине элек. Каражат боюнча кыйынчылык ошол маалда болгондур. Апам эстеп калат, "Сникерс", "Марс" сыяктуу шоколаддарды сатып берүүсүн суранганыбызда атам: “Шоколадды орустарга гана сатат”, - десе биз ишенип калчу экенбиз. Мен мектепке барганда күн сайын 3 сом гана беришчү, ага булочка, суусундук келчү. Эгер 5 сом берсе, 3 сомун коротуп, 2 сомун сөзсүз үйгө алып келчүмүн. Жетишкен үй-бүлөдө жашаган классташ кызым 6 сомго хот-дог сатып алып жечү. Хот-дог жеген менин кыялым эле.

– Депутат, бизнесмендин кызы катары коопсуздугуңа кандай маани бересиң?

– Чын-чынына келгенде бул тууралуу ойлонбойм дагы. Мен эмес, атам деле ээн-эркин жүрөт. Айрымдар “эмнеге атаңдын жан сакчысы жок?” деп сурашат. Көптөр коркуп жан сакчы алып, үйүнө кароолчу, сигнализация коюп алышат. Биздин үйдө деле коопсуздуктун белгиленген ченемдери бар. Атам: “Бирөөгө жамандык кылган адам гана коопсуздугунан чочулайт. Мен өмүрүмдө эч кимге жамандык кылган эмесмин, андыктан коркууга себеп жок”, - дейт. Ошондуктан коопсуздук тууралуу бизге деле ой келбейт.

– Саясатчыларга карата ар кандай кара пиарлар болуп турат эмеспи, атаңдын дарегине жазылган жагымсыз билдирүүлөрдү окуганда кандай кабыл аласың?

– Алгач биздин үй-бүлө үчүн абдан оор болгон, өзгөчө апам үчүн. Анткени апам баарын жүрөгүнө жакын кабыл алат. Айрым билдирүүлөр ачык эле калп болот. Башында капа болчубуз, акырындык менен көнүп бүттүк. Азыр колума тийип калса эле окуп койбосом, атайын кызыгып издеп окубайм.

– Келечекте өзүңдү саясаттан көргүң келеби?

– Кээде “мени кызматка койсо, тартип орнотуп коймокмун” деп тамашалап калганым болбосо, азырынча андай оюм жок. Атамдан айрым учурда саясаттагы кыйынчылыктарды, уруш-талаштарды угуп калам, ошондуктан көп деле каалабайм.

– Атаңды күйөө балалуу кылуу жакынкы пландарыңда барбы?

– Азыркы учурда жигитим жок. Ата-энем эжем экөөбүзгө “турмушка чыга турган учуруңар келди. Биз теңдүүлөр чоң ата, чоң апа болуп, неберелери мектепке барып калышты” деп айтып атышат. Кудайдын буйругу менен убагы келгенде болот деп ойлойм. Алгач окуп, иштеп, үйрөнүп, максаттарыңа жетишип алып, анан үй-бүлө куруу туура деп ойлойм.   

– Атаңдын кадырына карап куда түшүп келгендер болобу?

– Андайлар болуп калат, бирок ата-энебиз “бактыңарды өзүңөр тапкыла” деп биздин жеке жашообузга кийлигишишпейт. Бул жагынан бизге эркиндик беришкен.

– Айрым жигиттер кыздардын материалдык абалына карап калышпадыбы, сага да ошол таризде көз арткан жигиттер болсо керек?

– Ооба, чынында азыр кыздардын материалдык абалына карап мамиле кылгандар бар. Бирок менин жеке жашоом тууралуу жигиттер эмес, жакын тааныштарымдын баары эле биле беришпейт. Университетте окуп жүргөндө жакын курбум менин ата-энем ким экенин таанышканыбыздан үч жылдан кийин билген. Эжем экөөбүз тең бирөө менен таанышсак, “апам - мугалим, атам - бухгалтер” деп коёбуз. 

– Өзүң иштеп кандай материалдык байлык топтой алдың?

– Менин автоунаам бар, бирок аны жеке өзүм тапкан акчага алгам десем туура эмес болуп калат. Ата-энем жардам берген. Мен кадимки кызматчылар сыяктуу эле айлыкка иштейм. Азырынча тапкан акчам өзүмө чоң нерсе сатып алганга жетпейт. Майда-чүйдө чыгымдарыма эле кетет. Банктан эсеп ачып койгом, келечекте ата-энемдин жардамысыз, өз алдымча бир иш кылсам деген планым бар.

 

Динара ЧОКОЕВА