Гастрит - ашказандын сезгенүү оорусу

Акыркы мезгилде гастрит оорусунан жапа чеккен бейтаптардын саны гана арбыбастан, жашы да жашарып барат. Натыйжада, бүгүнкү күндө гастрит оорусу актуалдуу көйгөйгө айланууда. Бул дарттын келип чыгуусу жана андан сактануу тууралуу кенен маалыматка көңүл буруңуз.

Гастрит эмнеден улам пайда болот?

Адамдын организми үчүн ашказан өтө маанилүү орган. Анын ичиндеги ыйлаакча чел кабыктары 1-2 литрге чейин шире бөлүп чыгарат. Анын жардамы менен адам жеген тамагын аш кылат. Эгерде адам ашказан оорусу менен жабыркаса, шире азайып олтуруп тамакты иштете албай калат. Мындай оорунун пайда болушу нерв системасына байланыштуу. Стресстик абалга көп кабылганда, туура эмес тамактанып, тамакты өтө ысык же муздак ичкенде, убагында тамактанбай режимди бузуп бирде ачка жүрүп, бирде ашыкча жегенден, алкоголдук күчтүү ичимдиктерди ичип, тамекини көп тарткандан улам бул дарт келип чыгат. Кээде адамдар ооруга байланыштуу узакка дары ичкендиктен, химиялык заттарды, уксус, жегич кислоталарды байкоосуздан жутуп алган учурларда гастрит пайда болот. Убагында дарыланбаган гастрит жарага айланып кетет.

«Хеликобактер» инфекциясы гастритти таратат

Эски ыкмада диетаны кармабай койгондо, ысык же муздак ичкенде жана тамактануу режимин бузганда гастрит пайда болот деп келсе, акыркы жылдары ашказан оорусун козгой турган «хеликобактер» деп аталган инфекция гастритти пайда кылат деп айтып келишет. Ал инфекция ашказандын ичиндеги былжырлуу челде жашап заң, шилекей аркылуу сыртка чыгып, адамдан адамга жугат. Мисалы, бир идишти бир эле учурда бир канча адамдын колдонуусунан улам тарайт. Ал адамга жуккандан кийин ашказанга келип түшөт да, аны сезгентип гастрит оорусун пайда кылат.

Гастриттин түрлөрү:
курч жана өнөкөт гастрит

Гастрит капысынан же бир канча айлардан кийин пайда болуучу деп экиге бөлүнөт. Курч гастрит тез аранын ичинде пайда болуп, кыска убакыттын ичинде өтүшүп кетет. Өнөкөт гастрит акырындык менен айлап же жылдап пайда болот.

Гастрит учурунда кайсы пайдалуу, кайсынысы зыян?

Гастрит учурунда пайдалуу тамак-аштар      Гастрит учурунда зыяндуу тамак-аштар

Нан

                                        Буудай унунан жасалган нан       Май, сүт кошулуп жасалган жана жаңы бышкан нан

Эт

Майлуу эмес сулп эттер   Ышталган, майлуу эттер

 Май

                                                      Туздуу эмес майлуулугу аз май      Сары май, каймак, маргарин

Ун азыктары

Кайнатылган макарон, кургатылган нан Торт, блинчик, пирог

Таттуулар

Бал, шекер, варенье шоколад, халва

Сүт азыктары

                                      Сүт, айран, кефир, быштак, кургак сүт, каймак  Кычкыл жана майлуу сүт азыктары

Суусундуктар

Ширелер, сүт чай, компот     Газдалган бардык суусундуктар, квас жана сыра

Гастритти алдын алуу үчүн кандай тамактануу керек?

Бир күндө бир канча ирет

3-5 даана өсүмдүк же жашылча жемишин жеш керек

                                                                 3-5 жолу дан өсүмдүгүнөн жасалган нан

                                                                2-4 чыны көк же кара чай же сабиздин ширесин ичүү зарыл

                                                               Тамакка кошулуучу жашылчаларды ченемсиз түрдө колдонуу керек

Жумасына бир канча ирет

1-2 жумуртка же табигый сыр, тоок жана малдын этин кабыл алуу

                                                    2-6 жолу балык (треска, лосось жана сардина) жеш керек

                                                   1-2 жолу өсүмдүк (жаңгак, оливка жана күн карама) майларын кабыл алуу керек

                                                   2-3 жолу макарон тамактарын жеш керек

Кээде

                                         Бир канча даана курамында какао кошулган шоколад жегенге

                                         Бир рюмка вино ичип коюга болот.

                           Эскертүү: Дүүлүктүрүүчү ачуу, кычкыл, куурулган жана майлуу тамактардан качуу керек.

Даткайым Досматова