Даамдуу блинчиктер

Калориясы төмөн блинчик

Кандай азыктар керек?

Кефир: 1 стакан

Жумуртка: 1 даана

Кара буудай уну: 4 аш кашык

Кайнак суу

Сода

Кантип жасалат?

Ун менен содадан башка азыктардын баарын аралаштырасыз.

Андан соң унду кошуп эч бир бүртүк калтырбай чаласыз.

Кайнак сууга бычактын учу менен сода кошуп дагы чалыңыз.

Блинчик жука болушу шарт, андыктан көмөч казанга камырды аздан куюңуз.

 

Картошка менен блинчик

Кандай азыктар керек?

Өтө чоң эмес картошка: 5 даана

Сүт: 250-300 г

Ун: 250-300 г

Сарымсак: 3-4 тишче

Жумуртка: 3 даана

Шекер: 1 аш кашык

Өсүмдүк майы: 3 аш кашык

Туз

Петрушка, көк пияз

Кантип жасалат?

Картошканы аарчып, туурап, бир аз эле жаба тургандай суу куюп, туз татытып бышырасыз.

Бир аз муздаган соң суусу менен кошо блендерге салып же жөн деле ботко болгончо эзесиз.

Эми ага эзилген сарымсак, жумуртка, ун, ысык сүт, өсүмдүк майын, 1 чай кашык туз кошосуз. Баарын жакшылап аралаштырып, камырды 20 мүнөттөн ашык тыныктырып алып блинчик жасай бересиз.

 

Сүт менен блинчик

Кандай азыктар керек?

Жумуртка: 2 даана

Сүт: 0,5 л

Ун: 1 стакан

Шекер: 1 аш кашык

Сода

Туз

Өсүмдүк майы: 2-3 аш кашык

Кантип жасалат?

Жумурткага шекер менен тузду кошуп көптүрүп, ага сүт кошуп аралаштырасыз.

Ун менен соданы салып бүртүкчө калтырбай аралаштырасыз.

Камырга өсүмдүк майын кошуп көмөч казанга бышырасыз.

 

Сыр, көк чөптөр менен блинчик

Кандай азыктар керек?

Сүт: 1,5 стакан

Жумуртка: 2 даана

Ун: 1 стакан

Сыр: 150 г

Туз: 1 чай кашык

Шекер: 1 чай кашык

Камыр көптүргүч (разрыхлитель): 1 чай кашык

Өсүмдүк майы: 2 аш кашык

Укроп: каалооңузга жараша

Кантип жасалат?

Жылуу сүткө шекер, жумуртка кошуп чалып, үстүнө ун менен камыр көптүргүчтү кошуп аралаштырасыз.

Сырды майда кыргычтан өткөрүп аласыз.

Ага майда тууралган укроп менен майды кошуп, венчик менен жакшылап аралаштырып алып блинчик жасай бересиз.

Бышкан блинчикке каймакмайдан сүйкөп дасторконго ысык коюңуз. Муздаганын кичи молкундуу мешке ысытыңыз.

 

Динара Чокоева