Ич кийимди туура тандап кийиңиз

Аялзаты тазалыкты ич кийиминен башташы керек. Кийимдин ичинен эч байкалбайт деген ич кийимде көп сыр катылган. Эмесе, туура тандап, кандай кам көрүп, кантип кийиш керек экенин билип алыңыз.

 

Ич кийим кандай болушу керек?

- Ыңгайлуу жана сапаттуу;

- Өлчөмү туура тандалышы шарт. Ич кийимди кийгенде дем алуу жана кыймыл эркин болуп, кан тамырлар кысылбашы керек;

- Стринги жана танга - эң коркунучтуу трусалар. Биринчиден, денеге аба киргизбеген жана терди сиңирбеген синтетикалык материалдан тигилет. Бактериялардын көбөйүшүнө мыкты шарт түзүп, жагымсыз гинекологиялык ооруларга себепчи болот. Ошондуктан бул трусаларды романтикалык кечте гана аз убакытка кийиңиз;

- Эгерде ич кийим 100 пайыз кебезден тигилген болсо, аны көп убакыт кие албайсыз. Анткени кебез бат чоюлуп формасын жоготуп коёт. Андыктан кездемесинин 20 пайызы лайкрадан тигилгенин тандаңыз.

 

Ич кийимге туура кам көрүү

1. Жаңы ич кийим сатып алганда кийбей туруп жууш керек. Жуурдун алдында бир аз ашкана уксусу кошулган жылуу сууга чылап коюңуз. Бул дезинфекция сүйүктүү ич кийимиңиздин түсүн да ачат.

2. Трусаны күн сайын, бюстгальтерди эки күндө бир алмаштырып, дароо жууп туруңуз.

3. Ич кийимдин этикеткасынан аны кандай жууган туура экенин билип алыңыз. Капрон менен жасалгаланган ич кийимдерди колго жуу шарт. Кир жуучу машинага сала турган болсоңуз, атайын ич кийимдерди салып жууй турган мүшөк сатып алыңыз да, “кылдат жуу”, “кол менен жуу” деген программасы менен 40 градустан төмөн температурада жууңуз. Ысык суу кийимдин жагымдуу өңүн жоготуп, эрте эскиртет, металлын дат бастырат.

4. Трусаны сууга салганда андан сууга 100 миллиондогон ичеги таякчалары түшүп, алар башка кийимге да өтөт. Андыктан трусаны башка кийим менен бирге жууган туура эмес.

5. Ич кийимдерди жылыткычка жайып кургатуу бат эскиртет, түсүн жоготот, поролон бюстгальтердин формасын бузат.

 

Кандай кездемелерден тигилген ич кийимдер сапаттуу?

Кебез 99 пайыз целлюлозадан турат. Кебезден тигилген кийим бышык, жууганга мыкты, сууну жакшы сиңирет, эң башкысы абаны жакшы өткөрөт жана денеге кыналып, тери үчүн жумшак, жагымдуу. Дүүлүктүрүп, кычыштырбайт.

Вискоза – бул сөңгөк жана өсүмдүктүн целлюлозасынан өндүрүлгөн жасалма була. Бирок синтетикалык була эмес. Ал денеге жумшак жана жагымдуу, синтетикалык электр күчүн жаратпайт, сырткы кийимге да жармашпайт.

Модал - азыркы убакта ак бренддердин арасынан абдан популярдуу болуп турган вискозалык була. Модал денеге жагымдуу болуп, жибеги жалтырап турат. Модалдын башкы өзгөчөлүгү - түсүн көпкө чейин жоготпой сактайт. Кебезден өзгөчөлүгү - жуугандан кийин сапатын жоготпой, жумшак бойдон калат.

Бамбук буласы – абдан бышык, трикотаждык кездеме. Бамбук - экологиялык жактан таза, абаны эң мыкты өткөргөн була. Жеңил жана бышык.

Микромодал – целлюлозадан иштелип чыккан, мыктыланган вискозалык була. Кадимки модалдан бышык, бекемдиги менен айырмаланат.

Лайкра – “DuРont” компаниясы иштеп чыккан кездеме Жети эсе тартылып, чоюлса да кайра алгачкы абалына келген серпилме була. Лайкра табигый жана синтетикалык була кошулуп жасалат. Лайкра кошулган кийимдер өзгөчө жумшак жана чоюлчаак, кайра калыбына келүүчү болот.

Полиэстердин жалпы аталышы полиэфирдүү була. Кездеме абдан мыкты жана чыдамдуу. Өзгөрбөй формасын жакшы сактайт. Өндүрүүчүлөр аны ич кийимдин тордолгон бөлүгүнө колдонушат.

Синтетикалык булаларды жаратылышта кездешпөөчү, табигый аз молекулярдык кошулмаларды синтездөө менен полимерлерден жасашат. Синтетикалык кездеме териге аба өткөрбөй дем алууну оорлотот. Аялдын жыныстык мүчөсүнөн чыккан суюктукту сорбойт. Инфекция, суук тийүү, керек болсо жыныстык өнөкөт оорулардын да себепчиси болуп калышы мүмкүн.

 

Аялдар ич кийимди туура кийгенди билишпейби?

“Florange” компаниясы аялдардын 80 пайызга жакыны ич кийимдин өлчөмүн туура эмес тандай тургандыгын жазган. Ошондой эле ич кийимди туура кийгенди билбегендер арбын.

1. Бюстгальтердин таккычынын кийимден көрүнүп туруусу - адепсиздик. Жакшысы бандо же кабриолет түрүн тандаңыз.

2. Трусанын кезмесинин 80 пайызы кебез, 20 пайызы эластандан болуусу керек. Синтетикалык кезмеден тигилген тор труса абдан зыян.

3. Дагы бир кемчилик - ак труса менен ак шым кийип алуу. Ал көзгө дароо урунат, андыктан ак шымдын ичинен жука, дененин түсүнө окшош ич кийим тандаңыз.

4. Ак кийим менен кара бюстгальтер тагынуу туура эмес. Ооба, мындан бир нече убакыт мурун бул мода болчу. Азыр ал учур өтүп бул нерсе аялдын шалаакылыгы катары кабыл алынат.

5. Үйдө жүргөндө бюстгальтерди чечип коюу жаман көрүнүш. Эмчектин байламталары чоюлуп, салаңдап мурунку абалына келиши кыйын болуп калат.

6. Ич кийим тандоодогу эң чоң жаңылыштык - өлчөмүн туура эмес тандоо. Бюстгальтер тандаганда чөйчөгүнүн өлчөмүнө эле эмес, таккычынын узундугуна да көңүл бөлүңүз.

 

Динара ЧОКОЕВА