Сурагым келет

Үй-бүлөлүү ар бир аял, эркектин төшөк жаатында түгөйүнө да батынып айта албаган суроолору бар. Уят сезилгени менен ал абдан маанилүү экендиги баарына белгилүү. Мына ушул жааттагы суроолорго Улуттук госпиталдын илимий урология борборунун заара таштары оорусу бөлүмүнүн бөлүм башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, уролог, сексопотолог Мырзалиев Жуман Сатимбаевич жооп берет.

Суроо: – Күйөөм оңой менен төшөк оюнуна көңүл бурбайт. Дайыма мен аракет кылам. “Мени дүүлүктүр” деп коюп жата берет. Ал учурда аябай кыйналам. Эркектердин эрогендүү зоналары кайсы жерлеринде?

Нурзада, Сокулук району

Жооп: – Төшөк кумарын ойдогудай өткөргүңөр келсе, сөзсүз түрдө бири-бириңерди дүүлүктүрүп алганыңар жакшы. Бардык эркектердин дароо дүүлүктүрүүчү эрогендүү зоналары - жыныстык мүчөсү, өзгөчө жумурткаларынын алды. Андан кийин кулак, моюн, чыканактын ички бети, төш болуп эсептелет. Ушул чекиттерди сылап-сыйпап, өпсөңүз жолдошуңуз тез дүүлүгөт.

 

– Мен 38 жаштамын. Бир жылдай убакыттан бери бүтүрө албай жатам. Башында аялымдан уялганымдан айтчу эмесмин. Акыры айтууга туура келди. Аялым: “Балким, мен сага кызыктуу болбой жатам”, - деп өзүн күнөөлөйт. Жашырганда эмне, башка менен да кошулуп көрдүм, жыйынтык жок. Эмнеден болушу мүмкүн?

Марат, Күн-Туу айылы

– Акыркы күндөрү 30-40 жашка чейинкилерде ушундай көйгөй күч алып жатат. Мунун себеби ар кандай болушу мүмкүн. Мисалы, суук тийгенден, чочутуп алгандан. Урологго барып урук бездериңизди текшертип себебин билиңиз. Суук тийсе бүтмөк түгүл, турбай калуу коркунучу бар. Кээ бирлер мындай учурда тай массажын жасатып кырдаалдан чыгышат. Аны шаарыбыздагы жеке медициналык борборлордо жасашат. Эртерээк аракет кылыңыз. Жыйынтыгы импотенцияга алып келиши мүмкүн.

 

– Жашым 37де. Төрөгөндөн кийин күнүнө каалап жолдошумдун жанын койбой жатам. Коркконум – “дүүлүктүрүүчү клеткаларың жабыркап калган” дешет. Ушундай жашта күнүгө кошулсак кандай болот?

Гүлмира, Нарын шаары

– Эгерде сиз күнүнө каалап жатсаңыз, чындыгында гормондор жабыркаган. Мындай куракта күнүнө кошулгандар сейрек кездешет. Сексопотологго же психотерапевтке барып текшерилиңиз.

 

– Үй-бүлө курганыбызга бир жарым жыл болду. Жашым 29да. Жыныстык мүчөм кээде турат, кээде таптакыр турбайт. Балалуу да боло элекпиз. Жаштайымдан турбай калуусу коркунуч жаратууда. Дарыланса жардамы болобу?

Нурдин, Талас шаары

– Күч-кубаттын жоктугу, эрекциянын төмөндүгү, психиканын жана гормондордун жабыркашы, депрессия, нерв клеткаларынын бузулушу ушундай таасир берет. Сиз менен бетме-бет сүйлөшүү керек. Текшергенден кийин препарат сунушталат же дарылоо жолу менен калыбына келтирсе болот.

 

– Жашым 22де, күндө кыздарды каалай берем. Көчөдөн кыз көрсөм кармана албай калам. Өзгөчө эрте менен турганда күчөйт. Дос кыздарым менден качып калышты. Себеби алардын кээ бирин төшөккө чакыргам. Бул оорудан кантип кутулам?

Айдин, Токмок шаары

– Бул оору эмес. Сиздин курагыңызда гормондор күч алып турган кез болот. Бул нормалдуу көрүнүш. Аны өзүңүз гана көзөмөлдөп жөнгө сала аласыз.

 

– Жолдошум экөөбүздүн бирге түтүн булатканыбызга 10 жыл болду. Жашыбыз 31де. Жумасына бир жолу гана кошулабыз. Бул биздин жашка туура элеби?

Алиса, Бишкек шаары

– “Жумасына мынча жолу” деген түшүнүк жок. Баары эркектин күч-кубатынан көз каранды. Эркектер жыныстык күч-кубаты боюнча алсыз, орточо, күчтүүрөөк деп үч топко бөлүнөт. Бул табияттан же тукум куучулуктан болот. Күчтүү эркектер бир түндө бир нече ирет кошула алышат. Булардын көпчүлүгү 40-50 жашка чейин ушул калыбында калат. Эгерде жумасына бир жолу кошулуудан канааттанып, терс таасирин көрүшпөсө, өздөрүнүн жашына туура эле. Анын үстүнө жаш өткөн сайын жыныстык катнаш азаят. Буга күнүмдүк турмуш, жашоо шарты, жумуш, нерв системасы таасир берет.

 

– Акыркы күндөрү күйөөм менен кошулганда табарсыгым катуу ооруп төшөк кумарын таптакыр сезбей калгам. Доктурга текшерилсем, “табарсыгыңа катуу суук тийиптир” дегенден дарылангам. Кийин жакшы жагына өзгөрөт деп ойлогом. Бирок эми деле төшөккө болгон сезимим өзгөргөн жок. Кандай чара колдонсом болот?

Зарина, Жалал-Абад облусу

– Бул нерсенин төшөккө эч кандай тиешеси жок. Оору башка, кумар алуу деген башка. Коркуп отуруп бара-бара сезимин жоготуп, психологиясында ушундай ой калыптанып калган. Психологдун кеңешин алып койгон туура.

 

– Аял менен эркек жыныс мүчөлөрү бири-бирине туура келерин кантип билсе болот?

Айка, Кант шаары

– Атайын анатомиялык көрсөткүчтөр бар. Бирок аялдын жыныс мүчөсүндө атайын стандарт жок. Айрым аялдар өтө семиз болгону менен жыныс мүчөсү абдан тар болот. Ошондуктан мынча деп айтуу кыйын. Ал эми эркектердики 14-20 сантиметр, кыскараагы 10-12 сантиметрге жетет. Алдын ала бири-бирине туура келерин аныктап ченегенге болбойт.

 

– 6 айлык боюмда бар. Биринчи төрөтүм болгондуктан көп нерселерди билбейм. “Төрөгөнгө жакын кошула берсе төрөт жеңил болот” деген чынбы?

Мадина, Бишкек шаары

– Боюнда бар кезде жеке абалга карап дарыгердин кеңешин бат-бат алып турган жакшы. Төрөгөнгө жакын көп кошулуу, тескерисинче, туура эмес. Аз калганда мүмкүн болушунча аяр мамиле кылып сактануу керек.

 

– Үйлөнгөнүбүзгө бир жарым жыл болду. Келинчегимдин боюнда болбой жатат. Жазында экөөбүз тең текшерилип көрсөк келинчегим таза чыкты. Менин спермамдын күчтүүлүгү 8% экен. Дарыгер дары жазып берип, 4 ай ичкенден кийин барып кайрадан тапшырсам 50% болуп калыптыр. “Бул көрсөткүч менен балалуу боло аласыңар”, - деген. Бирок андан бери 5 айдын жүзү болду, боюнда боло элек. Бул пайыз канчадан жогору болуу керек?

Улук, Бишкек шаары

– Саны жагынан алып караганда эркектин суюктугунда сперматозоид 50 миллиондон ашат. Ал эми пайыз менен алганда бир миллилитрде миллиондун ичинен тирүүсү 80%дан жогору болуш керек. 50% да жакшы көрсөткүч. Бирок боюнда болбой жатса, кайрадан жакшылап уролог, андрологдорго кайрылып дагы бир ирет текшерилүү ашыктык кылбайт. Дарылоо жолу менен пайыздык көрсөткүчтү жогорулатса болот.

 

– Аялым экөөбүз акыркы эки жылдан бери оралдык ыкма менен кошулабыз. Тагыраак айтканда, бири-бирибизди тил менен кандырабыз. Мунун зыяны жокпу?

Нурак, Бишкек шаары

– Бул өтө кооптуу көрүнүш. Себеби тамактын рагына чалдыгып калуу коркунучу бар. Оозго ар кандай вирустар кирип ооз көңдөйү жараланып кетет. Бул ыкма эритүү үчүн кээде гана колдонулбаса, дайыма колдонууга тыюу салынат. Андыктан башка жолун издеңиздер.

 

– Менин балам учурда 16 жашта. Акыркы күндөрү интернеттен кумсаларга байланыштуу видеолорду көрүп жатканын байкап калам. Баламдын келечегин ойлоп коркуп жатам. Кантип бул оюнан алыстатам?

 Алина, Сокулук

– Мындай куракта балдарды түз жолго салуу кыйын. Алар өз оюн бербей турган курагы. Гормондору жаңыдан өөрчүп жаткан мезгилде ар кайсыны каалашат. Ошого карабай балаңызды оң жолго салуу үчүн аракет кыла бериңиз. Көпчүлүк учурда ата-энеси билбей бала өз оюн ишке ашырып кумсага айланып кеткендер жүздөп саналат. Ага сексологдун кеңешин күнүнө жок дегенде бир маал угузганга аракет жасаңыз. Мындай кырдаалга кабылгандар гомосексуалдуу болушат. Бул өнөкөттү дарылоого психолог менен сексолог жардамга келе алат. 

 

– “Күнүнө төшөк кумары менен алектенген адам жумасына 3-4 килограмм арыктайт” дешет, ушул чынбы?

Аида, Бишкек шаары

– Төшөк кумарынын дагы кайсы бир деңгээлде чеги бар. Арыктайм деп эле күнүнө кошула берсеңиз, тескерисинче, ден соолугуңузга терс таасирин тийгизип аласыз. Ар бир кошулууда орто эсеп менен алганда 300 калория жоголуп турат. Ошондо жумасына 3-4 жолу 30 мүнөттүк узактыкта төшөк оюну менен алектенген аял киши 2-3 килограмм салмак таштайт.

 

– Жолдошумдун жашы 45те. Бирок курагы жаш болгону менен жыныстык мүчөсү дарынын жардамысыз таптакыр турбайт. Мындай кырдаалга туш болгонуна 3 жылдын жүзү болду. Үч жылдан бери Виагра деген дарыны колдонуп жатат. Урушуп жатып доктурга алып баралбай койдум, баргандан уялат, намыстанат. Дарынын зыяны канчалык жана жыныстык мүчөнүн жабыркашы эмнеден?

Айтбү, Токмок шаары

– Негизинен эркектер 50дөн өтүп ушундай азапка кептелет. Ар кандай себептер болушу мүмкүн. Эң башкы себеби - урук бездерине суук тийгенден болот. Бирок бир ирет толук текшерүүдөн өтсүн. Ал эми Виагра дарысы өтө зыян. Балким, буга чейин күчтүү болом деп колдонуп жүрсө керек. Айрым эркектер табияттан берген күч-кубатка ыраазы болушпай түрдүү дарыларды колдонушат. Жыйынтыгы жыныстык мүчөнүн жарактан чыгып калуусуна алып келет.

 

– “Кээ бир эркектердин жыныстык мүчөсү сынып калыптыр” дегенди угам. Муну кандай түшүнсө болот?

Айпери, Бишкек шаары

– Ооба, туура айтасыз, аялдар үстүнө чыккан мезгилде туура эмес кыймыл жасап алса жыныстык мүчө бүктөлүп сынып калышы мүмкүн. Сынганда кадимкидей “карс” деген үндү угасыз. Таптакыр жарактан чыгарып албайын десеңер, ошол замат тез жардам чакыруу керек. Аны урологдор калыбына келтирет.

 

Алмагүл Базарбаева