Айнура: «Күйөөм бизди денесин сатып бакчу экен»

Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Айнуранын абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок.

Жалгыз кыз болгондуктан ата-энем мени эч нерседен кем кылбай чоңойтушту. Бакчадагы курагымдан баштап ийрим аттуунун баарына барып олтуруп акырында спортко жеттим. Мектепти аяктар жылы кызыгуу менен машыгуу залына каттап калдым. Канча бир айдан бери үзгүлтүксүз барып жүргөн машыгуу залы оңдоп-түзөлө турган болуп убактылуу ал залдын башка жердеги бөлүмүнө бара турган болдук. Бул мага ыңгайсыздык жаратканы менен жашоомо чоң бурулуш кылды. Себеби ушул жерден келбети, дене түзүлүшү, күлгөнү менин кыялымдагыдай менден беш жашка улуу адамды кезиктирдим. Машыгуудан ырахат алганым менен бул залдын үйдөн абдан алыс экенине маанайым чөгүп унаа күтүп тургам.

– Абдан сулуу экенсиң. Айрыкча машыгып жатканда.

Мага жанаша туруп калган жигитти таң кала карадым. Ага жооп кылганча болбой мен күткөн маршрут келип кетип калдым. Кийинки күнү кечээки жигит мени сырттан тосуп алды. Экөөбүз аялдамага келгенче жакындан тааныштык. Кеп-сөзүнө, турпатына караганда жаман жигит эмес. Жакын дос болуп, ой бөлүшүп турууга эмнеге болбосун.

***

Өзүм барып жүргөн залга кеткенге чейинки үч айда Бакыттын үй-бүлөсүн сырттан таанып, учурда ашпозчу болуп иштерин, ар кандай курстардан сертификат топтоого кызыкдар экенин, иниси “үйлөн” деп шаштырып жатканын билдим. Мен аны таанып жатам деп ойлосом, ал мени иликтеп жүргөн экен. Мен күтпөгөн бир күнү: “Мектептеги мамлекеттик сынактарың аяктаса турмуш куралы”, - деп сунуш киргизсе болобу. Мен аны дос катары көрүп жүрсөм, ал мени эчак өзүнө энчилеп алыптыр. Ойлонуп калдым. Талдап отуруп жогорку окуу жайдагы окуу менен үй-бүлөнү бирге алып кетем деген чечимге келдим. Ата-энем менен кеңешкенимде алгач каршы болушту. Бирок мен аларга окшобой көп балалуу болушум керек экенин, турмуштан кечикким келбей турганын айтып көгөрдүм. Акыры макул болушуп “тааныштыр” деп талап коюшту.

***

– Айка, кызым, бул бала спорт залда машыккандан башка эмне менен алек экен? Кантип жашайбыз дейт? – апам үйгө келери менен ушул суроону узатты, маанайсыз.

– Эл катары эле иштеп жашайбыз да. Азыр ашпозчулар кыйын табат.

– Кайда жашайсыңар? Ата-энеси жардам берет бекен?

– Батирде жашап, көп балалуу болсок, ошого жараша кийин жетебиз, апа. Силер деле акырындан жетпедиңер беле, м?

Биздин маек ушул жерден токтоп калды. Болбосо биздин бүлөнүн баягы жаралуу маселеси кайра козголмок. Байкуш ата-энем ошондо менин көңүлүм үчүн гана турмушка чыгып эрте жашоо баштоомо макул болушкан экен.

***

Жогорку окуу жайга тапшырып, ага катар тойго кам көрүп жаным тынбай калдым. Бакыт да бир буту шаарда, бир буту айылда болуп чапкылап жүрдү. Бат эле биз күткөн күн келип той болуп, тойдун эртесине да жеттик. Бакыт кандай абал, кандай шарт болсо да өзүнө ыңгайлуулук түзүп, бапырап жашоону жактырат. Мунусун жакшы сапаты деп баалайм. Кыйналбайлы деп менин окуума жакын жерден кабат үйдөн батир алып, ишин үйдөн алыс эмес жердеги кафеге которуп алды. Мен болсо бир гана окуу менен алекмин. Бакыттын табышкердиги купулума толуп мени бактылуу кылчу. Батир акы, айлык төлөмдөр, окуунун контрагын төлөө деген маселелерге мени кириштирген жок. Ал турсун, мени базарга алып баруудан аяп баарын өзү бүтүрчү. Жарым жылдай убакыт өтүп кош бойлуу болдум. Кубанганымды айтпаңыз. Ичим билине баштаган маалда Бакыт “насыяга машина алалы” деп сунуштады. Баарын өзү төлөп, өзү бүтүрүп жаткан соң эмнеге башымды оорутам деп макул болдум.

Аты кадыр-барктуу окуу жайларда сессия кандай кымбат бүтөрү жашыруун деле эмес да. Айрыкча акы төлөп окуган студенттердин акчасы ашып-ташып жаткандай соруп алышат. Жайкы сессия башталып акча абдан тартыш болчу болду. Ай сайын батир, насыя төлөмү, күнүмдүк жашоо болуп олтуруп ары тартып ар жакка, бери тартып бери жакка жеткире албай баштадык. Мен болсо улам сайын денем оорлоп, кызматым үйдө жатып ичип-жеген эле болуп калды.

Бакыттын тапканын аяп жеп калган ошол маалда дагы бир маселе туулуп али өзүнүкү боло элек машинасы менен кырсыктады. Кырсык жеңил болгону менен Бакыт себепкер болгондуктан экинчи тарап машинасын жасатып бизди бир топ беймазага салды. Эми карыздан карыз алып ого бетер айлабыз кетти. Убакыттын тездиги көзгө илешпей уулубуз да жарыкка келди. Бизди күнүмдүк түйшүктөн алаксытып, карыздар экенибизди унуткарган наристебиз болду. Бирок доочулардын чалуулары менен бирин алсак, бири түгөнгөн жетишпестиктин айынан бактыбызга жарака кетип күн сайын кер-мур айтышып жашап калдык.

***

Эртең менен Бакыт “бүгүнкүңө жеткирип тур” деп алдыма таштаган 100 сом катуу урушка айланып кетти. Ансыз да акыркы кезде эч кимди сүйбөй, сиркеси суу көтөрбөй жүргөн Бакыт эшикти тарс жаап кеткен бойдон күн бою кабарлашпай койду. Ошентип эле коркутуп басылат го десем, ал түнү келбей калды. Бир ачууланып, бир санаа тартып таң атырдым. Көп кечикпей Бакыт келди да, оңчулуктуу да учурашпай шаша ваннага кирип кетти.

– Мына, муну эмне кылса да бир айга жеткирип тур, - кытыраган беш миң сом сунду.

– Дагы кимге карыз болуп келдиң?

– Эч кимге, бергенди ала берчи.

Ал калдастап шаша туруп кетти, алса ала берем деп мен калдым. Ушундан кийин Бакыт кез-кез келбей калчу болду. Эмнеге келбегенин сурасам, алдыма акча ыргытып иштеп жүргөнүн айтат. Биздин үйдөгү татылуу маселе акча болгондуктан ал мени ушуну менен утат. Ушинтип эле канчадан бери оңчулуктуу сүйлөшпөй жүргөн Бакыт бир күнү жай кепке келип калды. “Апамдын туулган күнүнө белек жөнөтөлү, карыздардан бара-бара кутулабыз. Кошумча ишке кирем”, - деди. Акча баарына макул кылдырат тура. Жаңы кирип жаткан иши түнкү жумуш экенин жактырбасам да тажаткан карыздардан кутулуу үчүн аргасыз макул болдум.

Бакыт айткандай эле болду. Жарым жылга жетпей тынч уйку бербеген насыяны төгүп бүтүп машинаны өзүнө чыгарып, телефондун жанын тындырбай чалган доочулардын баарынан кутулуп, мени окуудан кулап калуу коркунучунан куткарып контрагымды да төлөп койду.

***

Түнкү экени эле болбосо, чириген байдын үй-жайын карап кароолдо тургандыктан Бакыттын бул иши жан кейитерлик деле эмес. Анын үстүнө кезеги эки-үч, кээде төрт күндө бир келет. Жылуу жерде, курсагы ток, кааласа уктап деле кезегин өткөрө берерин угуп санаам тынч. Башкысы акчасы жакшы. Андан улам мен: “Кафедеги ашпозчулук жумушуңдан чыгып, тиги байдын этегин бекем кармап, ишин жакшылап иштеп үй алып алалы”, - дей баштадым. Бирок канча айтканыма болбой Бакыт кафедеги жумушун таштабай койду.

***

Бул күнү Бакыт кечээ түнкү кезекте туруп иштегенге күн бою уктап жаткан. Аңгыча телефону шыңгырап бирөөлөр менен сүйлөшкөн соң: “Бүгүн түнү да ишке чыгам”, - деп калды. Экинчи иши башталганы дагы бир жөнөкөй телефон көтөрүп калган. Шашып атып так ошол жумушчу телефонун унутуп кетиптир, келген чалууну алууга жетише албай калдым. Аңгыча ошол эле аты жазылбаган номерден “менин бүгүнкү кожоюнум, сени чыдамсыздык менен күтүп жатам. Сенин өткөндө көргөзгөн оюндарың менен чымыр денеңди сагынбай коё албадым” деп, дарек кошулуп жазылган кат келди. Түшүнүп-түшүнбөй калдым. “Кимге кожоюн? Эмне оюн? “Чымыр денеңди сагынбай коё албадым” дегени кандай?”. Бакыт “жумуш үчүн гана колдонгон телефон” дегенинен анысына деле кызыгып карай берчү эмесмин. Смс каттан кийин жанталаша аңтара баштадым. Атын жазып, анан “брат” деп кошуп койгон эки-үч номерден “сени дайыма келишимдүү аялдар чакырышат. Мага да ошондой кардарларыңдан бөлүшчү”, “бүгүн мен барган аял аман болсун, чочкодой эле экен, оонап. Бирок жакшы төлөп берди”, “брат, меники жакшы жарабай баратат, оору жуктуруп алгам го” деген смстер келиптир. Баары 1-2 күн мурун гана келгендер экен. Башка таппаганымдан мурдагыларын тазалап турарын билдим. Аларга Бакыттан “азырынча айткан жактарына бара бер, кийин жакшы төлөгөн бир-эки точка таап алсаң, сени ошолор эле багат”, аябай сөгүнгөн сөздөрдү жазып, анан “алар экөө болчу турбайбы? Бирөөнүн эле акысын беришти, эмне алдап жибересиң?”, “баягы “красотка” чалбай элеби? Кабарлашса ошону мага берчи” деген жооптор жазылыптыр.

Буга чейин денесин сатып иштеген эркектер боло турганын угуп калганым бар эле. Бирок анча ишенбегиндиктен этибар алган эмесмин. Деги алар тууралуу эмнеге ойлонмок элем. Бирок мен дал ошондой денесин саткан адам менен жашап жүргөнүмдү билдим. Бакыттын акчаны уучтап калганынын сыры ушунда турбайбы. Ойлосом, минтип акчага марып калганыбызга бир жылдай болуп баратыптыр. Демек, Бакыт бир жылдан бери денесин сатып иштеп келген.

Башым катып олтуруп жанагы смстеги дарекке барууну чечтим. Баламды мен сыяктуу балдары менен үйдө олтурган кошуна келинге таштадым да, алыс экенине карабай такси чакырып жөнөдүм. Сыртынан эч кандай мейманкана экени билинбеген эки кабат үй экен. Босогодон кызматчы кыз тосуп алды. Бул үйдүн эчактан эле мейманкана экенин айтканда күйөөмдү көрүп калбасам экен деп кайра артка кайттым. Жолдо көз жашыма ээ боло албай келе жатып Бакытка чалдым. Ал демиге телефонду алып чарчап иштеп жаткандай үн менен унчукту:

– Ии, угуп атам? Жай эле чалдыңбы?

– Мен сенин кайда экениңди билем, Бакыт, эмне иш кылып жатканыңды да билем. Үйгө келбе. Ар кайсы катындын койнунан тапкан акчаң өзүңө буюрсун.

Ал жооп кылбастан дымып турду. Ошону менен үйгө бир жумадан кийин келип: “Киши укпасын, ит болдум, куш болдум. Эми жаныңдан чыкпай калайын. Карызга батып айлам кеткенде кылган иш болгон. Эми таштайм. Жаңы гана баарына жетишип калганда кантип ажырашып кетебиз?” - деп жалынды. Кечире албадым. Эки айдан бери бир үйдө эки бөлөк жашап жатабыз. Бакыт жалынып кечирим сурагандан тажай элек. Мен болсо абдан тажадым. Андан эле эмес, бүт жашоодон, эркектерден, аларды азгырган аялдардан, айтор, баарынан көңүлүм калды. Мени сабырдуу кылган - бир гана наристем. Анын атасыз калышын каалабайм. Бирок Бакыт менен мындан ары жашагым келбейт. Бала күнүмдөн тилеген жакшы жашоого, бактылуу бүлөгө, бапырап үйүмдү толтурган балдарга жетпей жаш күнүмдө ушинтип армандуу болуп каламбы?..