Тилек ИМАНГАЗИЕВ: “Мурдагы жашоомду кайрып алсам кана...”

Кырктын кырын жаңы басканда бутунан айрылып, анын айынан үй-бүлөсү таштап кеткен Тилек байкенин жашоосу, кимди болбосун, мүңкүрөтпөй койбойт. Оор жашоодо күн кечирип жаткан замандашыбыздын үйүнө барып ал-абалы менен таанышып, арманын угуп кайттык.

– Бутуңуздун мындай абалга келүүсүнө эмне себеп болду?

– Мындай абалга туш келем деп ойлогон эмесмин. Арман дүйнө, алты саным аман кезимди эстегенде кирерге жер таппай туталанам. Андайда кайра өзүмдү алдап “таптакыр баса албагандар деле жүрөт, ага караганда сүйрөлүп басып жүргөнүмө тобо кылайын” деп коём. Анын үстүнө балдарым бар, артымда туяк калтырганыма кубанам. Шаарга 1992-жылы үйлөнгөндөн кийин келгем. Келинчегим экөөбүз үч балалуу болуп өзүнчө чакан мамлекетке айландык. Ошол жылдардан баштап прораб болуп иштеп жүрдүм. Келинчегим болсо тигүү цехинде иштечү. Тапканыбыз баарына жетиштүү болуп жакшы жашачубуз. Ошондой санаасы жок бир күнү жумуштан чыгып келе жатканымда мени машина сүзүп кетти. Күүгүм кирип калгандыктан ким сүзгөнүн, кандай машина экенин билбей калдым. Айдоочу качып кетиптир. Көзүмдү ачсам ооруканада экенмин. Андан бери 15 жылдын жүзү болду, бутум жарактан чыгып минтип майыпка айландым.

– Келинчегиңиз кайда?

– Ооруканадан чыккандан кийин 3-4 жыл чогуу жашадык. Мен оорукчан болуп иштебей үйдө балдар менен отурганга анын сөзү өйдө болуп кыйынсына баштады. Менин абалымды көрүп акыры ою бузулду окшойт. Бирөөлөр азгырдыбы же өз каалоосу болдубу, айтор: “Москвадан жакшы жумуш чыгып жатат. Сен дагы иштебей кыйнала баштадык. Мен барып силерге акча салып турам”, - деди. Каршы болуп: “Бул жактан эле иште, абалымды көрүп турасың”, - деп жалынып-жалбардым. Бирок айткандарымды кулагына да илген жок. Эчак эле пландап чечим чыгарып койгон экен. Андан көп өтпөй акча топтоп жөнөп кетти. Уулум жана эки кызым менен жалдырап кала бердим.

– Кийин кабарлашып турдубу?

– Башында бир-эки ай чалып абалыбызды сурамыш этип жүрдү. Анан эле дайыны чыкпай калды. Укканыма караганда, бирөөгө тийип алыптыр. Ичимден боздодум, сыздадым. Сыртымдан тийсе мейли, аман болсун деп тим болдум. Мени карабаса да кароосуз калган балдарына боор оорубаган аялдан жакшылык күтпөй калдым.

– Балдарыңызды жалгыз кантип чоңойттуңуз?

– Апасы кеткенде улуу балам окуп калган, эки кызым кичинекей болчу. Бутум жарабаса да белимди бекем бууп балдарымды чоңойтконго тырыштым. Мамлекеттен алган 4200 сом акчаны сары майдай сактап сарамжалдуу коротуп, андан сырткары элдин майда-барат жумуштарын азыраак акчага жасап жүрдүм. Баары бир жетпей кыздарым ачка калган күндөр болду. Кайсы жакка барбайын, аларды жаныма ээрчитип алчумун. Бутум талыганда балдаксыз жетелеп алышчу. Убакыт деген зымырык куш экен, кыздарым чоңоюп мектепке кирип, балам бой жетти. Ушул нерселерге каниет кылып турганымда бутум ириңдеп оорлошуп, таптакыр эч нерсеге жарабай калдым. Кыздарымды мектепке окутууга чамам келбей чыгарууга мажбур болдум. Балам учурда 20 жашка чыгып калды. Улуу кызым 7-класс, экинчиси 5-класс болмок.

– Келинчегиңиз ошол боюнча келген жокпу?

– Жакында Москвадан келип “балдарымды өзүмө алам” дегенинен каршы болгон жокмун. Балам менен улуу кызым апасын ээрчип кетти. Кичүү кызым ыйлап кетпей койду. Балам өзүн бакканга жарап калган. Керек болсо кызым экөөбүзгө деле каралашса болмок. Анткен жок, мейли. Улуу кызымды мектепке киргизип коюптур. Аман болсун, билим алып жатканына сүйүнүп олтурам. Эми жанымда калган кичүү кызымды окута албаганыма күйбөгөн жерим күл болот. Иштей албайм же эч кимден жардам жок. Күндө бир маал: “Кыз баласың, мен таарынбайм, апаң менен чогуу бол”, - дейм. Балким, апасын сагынып куса болуп жатабы деп ойлойм. Атакелеп бутумду кучактап кетпейт. Көзүм өтүп кетсе баары бир апасына барганга туура келет. Ушуларды ойлоном. Азыр эрмегим - кызым, кужурап сүйлөшүп, эшикке кирип-чыгып мага караан болот. Коёндой окшош күндөрдө суук үйдө ачка-ток болуп кызыма эле убал болду. Колумдан эч нерсе келбей жатканыма ичим бышат.

– Бул үйдү ижарага алып турасызбы?

– Мурда ижарада жашачумун. Айлам куруганда инимдин өзүнчө салынган бир бөлмөлүү үйүнө келгем. Иним колунан келишинче жардам берип жатат. Аныкынан тамак-аш ичип келип жатып калабыз.

 

Алмагүл БАЗАРБАЕВА