Эс тутумду жакшыртуу үчүн эмне кылуу керек?

Эс тутум - биздин жашообузду байытат. Ал өзүнө үч процессти камтыйт: маалыматты белгилөө, аны сактоо жана кайра кайтаруу. Бул үч процесстин бирөөсү жакшы иштебесе, адамдын эске тутуусу начарлайт. Мындай абалга кез келип, эс тутумдун начардыгынан ар кандай ыңгайсыздыкка туш болбоо үчүн эмне кылуу керек?

Керектүү маалымат көпкө чейин эсте калуу үчүн атайын көнүгүүлөр 

Көңүл коюу
Унутчаактыктын негизги себеби, ал адам маалымат алып жатканда жакшы көңүл бурбаганында. Эстеп калуу үчүн ага көңүл буруу менен бирге маанилүү нерселерди эринбестен жазып да алуу керек. Бул керектүү маалыматты кийин оңой эстөөгө жардам берет. 

Түшүнүү
Алып жаткан маалыматты адам ой-жүгүртүү менен түшүнбөсө ал эсте калбайт. Маселен, компьютерди үйрөнүп жаткан адам компьютердин кандай иштей турганын түшүнүп алса, анда анын ичиндеги функцияларды жакшы эстеп калат. 

Бөлүшүү 
Кайсы бир маалыматты эстеп калуу үчүн анын эмне себептен маанилүү экенин эске салуу керек. Буга кошумча билген маалыматты башкалар менен бөлүшүп турганда гана ал эсте жакшы сакталат. 

Үн чыгарып кайталоо
Унутпашым керек деген нерселерди үн чыгарып кайталоо керек. Себеби үн чыгарып кайталаганда ага көңүл буруу жакшы болот да, натыйжада эсте калат.

Элестетүү
Бир нерсени эске тутуп калгыңыз келсе аны бир буюмга окшоштуруп элестетип алыңыз. Элестетүү канчалык күлкүлүү болсо, ошончолук жакшыраак эсте калат.

Эс тутумду жакшыртуучу элдик каражаттар

Шалфей кайнатмасы
Шалфей адамдын ишке болгон жөндөмдүүлүгүн арттыруу менен бирге эс тутумду күчөтөт. Ал үчүн 1 аш кашык майдаланган шалфей менен 1 аш кашык жалбызды аралаштырып термоско салып, үстүнө 2 стакан кайнак суу куюп оозун жаап коюу керек. Эртең менен аны сүзүп алып 50 граммдан бир күндө 4 жолу тамакка жарым саат калганда ичип жүрүү шарт. Бул ыкманы күнүгө бир ирет бир жума кайталап, андан соң бир жума тыныгуу жарыялаган соң кайра бир жума ичүү керек.

Бал
Дүйнөгө белгилүү дарыгер Авиценна эс тутумду калыбына келтирүү менен бирге жаштыкты сактап калуу үчүн балды сунуштаган. Күнүгө 1 чай кашык балды таза сууга аралаштырып ичип жүрүүнү адатка айлантыңыз.

Хрен аралашмасы
5-6 хрен жалбырагы менен 3 даана лимонду майдалап туурап, андан соң аларды 3 аш кашык балга аралаштырып, банкага салып 3 жума муздаткычта сактоо керек. Тамактанарга жарым саат калганда күнүгө эки ирет бир чай кашыктан жеп туруу зарыл. Хрен аралашмасы эс тутумду жакшыртуудан тышкары көздүн көрүүсүн да жөнгө салат.

Кошумча кеңештер
Жетиштүү түрдө суу ичкиле. Суунун жетишсиздиги эс тутумдун начарлашына алып келет.
Жетиштүү түрдө уктагыла. Уктап жатканда маалыматтардын мээде сакталуу процесси жүрөт.
Ичимдик ичүүдөн, тамеки чегүүдөн качкыла. Ичимдик кыска мезгилдүү эс тутумга доо кетирет, ошондой эле эс тутумдун жакшы иштешине абдан керек болгон В витамининин тобундагы тиаминдин жетишсиздигине алып келет.

Алтын суу
2 стакан сууга ташы жок алтын шакек-сөйкөлөрдү салып, аны суу жарымынан болуп калганча үстү жабык абалда кайнатуу керек. Андан соң бул алтын суудан күнүгө 3 ирет тамактанарга 20 мүнөт калганда ичип туруу зарыл. Бул ыкманы эки жума катары менен кайталаңыз. Алтын суу эс тутумду жакшыртуу менен бирге жүрөк булчуңдарын бекемдейт.

Эс тутумуңуз кандай?

Эмил Балтагулов:

- Мен унутчаакмын. Бирок анын айынан уят болуп калбоо үчүн жоопкерчиликтүү жумуштарды кол телефонумдун эскерткичине жазып алам. Ал эми тойлордо адамдардын аттарын жакын туугандарымдын аттарына окшоштуруп жаттаганга аракет кылам. Бул мага чын эле жардам берет. Мурун эс тутумду жакшыртат деп күнүгө 1-2 грек жаңгагын жеп жүрчүмүн, азыр анымды таштап салдым. 

Ильяз Андаш:

 - Менин эс тутумум жакшы. Андыктан маселе деле жок десем болот. Бир гана алдыда 2-3 айдан кийин боло турган иштер тууралуу телефонумдун календарына белгилеп коём. Телефонум ошол күнү боло турган маанилүү иш бар экенин эскертип коёт. Ошондуктан, мен бирөөгө убада берип унутуп калган учурлар болгон эмес. 


 

Гүлбүбү Иманалиева:
- Мен болгон окуяларды жана сонун көз ирмемдерди, адамдарды алардын мимикаларынан улам элестетип

эсиме сактап калам жана дайыма сүрөткө тарткандай дапдаана эстейм. Адам туура эс албаганда, туура ой жүгүртпөгөндө, болбогон ушак сөздөргө маани бере бергенде жана дайыма бушайман болуп, депрессияда жашаса эс тутуму начарлайт. Андыктан туура эс алып, туура тамактанып, туура ой-жүгүртүп, дайым көңүлдүү жүрүш керек. Элдин сен жөнүндө айткан ушактарына көңүл бурбаганда гана эс тутумуңа жардам бере аласың деп ойлойм. Керексиз маалыматарды мээге сактап жүргөндө андан пайда чыкпайт. 


Роза Шакирова: 

 - Мен унутчаакмын. Унутчаактыгымдан улам бере турган интервьюлардын саатын, жолугушууларды блокнотума жазып алам. Эч жакпаган сапатым адамдардын аттарын, жеңил унаалардын маркаларын, телефон номерлерди жаттай албайм. Азыр айтса азыр унутуп калам. Бирок уялбай эле "кечиресиз, сиздин атыңыз ким эле?" деп кайталап сурап алам.

 

 

Даткайым Досматова