"Апаңардын эмчегин сыйлагыла"

 (Башталышы)

– Апаңардын эмчегин сыйлагыла?

***

Ооба, алгач жолу укканда мен да сиздей болуп «ой, кичине сыйдалап, кагазга ороп сүйлөсө болбойбу? Бул жерде жашыбыз отурабыз, карыбыз отурабыз, тартынбай айтат, ачык айтат десе эле…» дегем жактырбай. Атамдын дасторкон үстүндө минтип кеп салып олтурганы жеке мен үчүн абдан ыңгайсыздык жаратты. Андан калса бул кебин кайра-кайра кайталап неберелерине айтып үйрөткөнүчү. Келиндери тим эле жерге кирип кетейин деп жатса керек…

Ушуларды ойлоп деги эле дайыма мурдумдун учунда турган ачуум жүзүмдү кумсартып, атамды «кой» демекке баш көтөрдүм. Жок, баары мен ойлогондой эмес. Атамдын кебине эч кимдин уялган деле, териккен деле түрү жок. Баарынан да деги эле кайратынан жазбай, баарын байкап, тезге салып турган атамдын өңү кубарып бир башкача. Мууну-жүүнү бош. Апам болсо балдарынын кашында турганына демейдегидей деле кубанбагандай. Жеңем, келинчегим менен келиним биринен-бири талашып ар нерсени бир кармап өздөрүнчө эле кайпалакташат. Эркек бир туугандарым болсо баштарын жерге салып ойлуу тартып, жер чукушат. «Деги буларга эмне болгон?» дегенче болбой жалгыз карындашым бышактап коё берди. Аны сооротууга бир далайга чейин эч ким дааган жок.

– Кой, кызыке, басыл. Ый - жамандыктын белгиси. Антпе… - апамдын оң колу болуп баарына бышып бүткөн жеңем эптеп тунжураган тынчтыкты бузду.

– Алдыңа кетейин, эмне ыйлайсың. Кудайдын жазганын көрөбүз, - деди апам кызынын башын төшүнө ката.

– Дагы эрте күндө билгенибиз жакшы болду. Кудайым бар. Ойлонгула балдар, ойлонгула, – атам кол шилтеп бата кылымыш болду да, туруп кетти. Артынан калганыбыз жайылып жөнөдүк.

***

Ошол айдан баштап апам эмчек рагы менен күрөшүп баштады. Чынын айтайын, бул дарттын аты жаман деп алыстан угуп үрөй учканы менен адам башына келген соң катардагы эле бир оору болуп калгандай кабыл алдым. Ал кезде андай эмес экенин билбептирмин да, аттиң… Айтор, жеке мен апамдын ай сайын шаардагы кызы менен балдарыныкына барып келип, үйдө баягысындай тирилик кылбай көп жата турганын анын эс алуусундай эле көрүптүрмүн. Бир жылдан бери ай сайын атам кепти алыстан баштайт:

– Балам, баарыңарды бирдей көрүп, бирдей багып-чоңойттук. Куураган апаң баарынан да оорудан башы чыкпаган сенин азабыңды көп тартты. Ошол үчүн да иниңди бөлүп, сени колго алып калбадыкпы. Баары колуңда турат. Ушул жолу акчаңды камдап, бир коюңду союп, апаңды машинеңе салып алып доктуруна сен көргөзүп кел. Бир туугандарың деле кичине кубанып калышсын. Айына 30 миң сом камдап, аны доктурга санап берип койгон ким-кимисине оор болуп атканын билип эле атам.

– Кыйын эмес, шаарда жылуу-жумшак креслодо чалкалап иштеп атышат. Акчаларын апасына бербегенде жыйнап алып жазданып жатышмак беле. Мен деген так силердин ошол айылга алып калганыңардын айынан малдын артынан калбай, ысык-суукка карабай азабын тартып келатам. Анан «сата кал», «соё кал» деп эле турасыңар.

Демейде ушинтип опурулуп алып тура жөнөчүмүн. Бул жолу жетишпей калдым.

– Аа, атаңдын оозун ачайын, акмак. Канчадан бери кайталап айтканым сага эмнеге жетпейт десе, малдын артынан жүрүп анык мал болуп бүткөн турбайсыңбы. Энең сени ара төрөлүп алсырап жатканыңда карабай койбоптур да. Энеңдин эмчегинен айлангыр десе.

Ушундан кийин атам «апаңды кара» деген кебин кайталап айтпай кулак-мээм тынчып эле калды. Эшиктеш турушса да үйгө кирбей калганын байкап канчага чейин таарынар экен деп жүрдүм. Келинчегим эле алардын үйүн тазалап, тамагын жасап берип, кирин жууп тынбайт. Мен «ушул сый, ушул эмгек эле канча турат. Сөзсүз эле малдын бирин сатып, бирин союп сыйлаш керек эмес» дейм ичимден.

***

Маңдайымда турган ата-энемдин босогосун аттабай жүрүп төртүнчү перзентимди көрдүм. Атам менен апам келип небересинин жүзүн ачып, кубанычтарын жашыра албай улуу балдарыма “пенсиябыздан” деп сүйүнчү, көрүндүк акча карматып, келинин алкап кетишти. Эртеси эртең менен апам өзү эле кирди. Байкасам, абдан арыктап кетиптир. Толугунан келип, дайыма жаркырап турган кишинин эти бошоп, бет сөөгү чыгып калганы жаман көрүнөт экен. Өңү болсо купкуу. Жүрөгүм үшүп кетти. Мага бир ооз ачып сүйлөбөй бир гана неберелерин кайра-кайра эркелетип, анан келинчегим менен эле сүйлөшө бергенинен анын мага таарынычы бар экенин туюп калдым.

– Алина, алдыңа кетейин, мен бул жолу узакка кармалам го. Мурда химия деген балакеттен кийин бир күн жатып эле жолго чыга бергеним бир жыргал болчу экен. Эми антип жол жүрүүгө дарман калбай баратат. Анализдерим да кандай болор экен... Сен атаңа жакшы кара. Күндүз балдарды жиберип ийсең ээ? Кобурашып эрмек кылсын. Чай, тамагынан санаам тынч, мен жок соксоюп калабы деп эле боорум ооруйт, курган чалга. Анан өзүңдү жакшы карап, жакшы тыңып ал. Бир кездеги убагым болгондо силерди минтип кыйнабай неберем экөөңдүн кыркыңды өзүм эле чыгарып албайт белем.

Келинчегим апамдын жака-башын оңдой эч нерседен сарсанаа болбоосун айтып узатып келди. “Жакшы баргыла”, - деп күңк этип мен босогодо калдым.

***

Апам баарын сезсе керек. Ошол кеткени боюнча химияны бир айда эмес, жыйырма беш күндө бир, кийин жыйырма, анан он беш күндө бир алуусу керек болуп шаарда кармалып калды. Мындай болуп жатканын келинчегимдин кирген-чыккандарга кобурап берип атканын улам эле билип турам. Ал апам тууралуу улам кийинки жаңылыгын айткан сайын санаам арбыйт. Шаардагы “чоңдордун” кимиси качан чалып “малыңдан сат, акча сал. Сенин да апаң” дешер экен деп тынчсызданам. Андай болгон жок... Жарым жылга жетпей апамдын сөөгүн алып келишти. “Шаардан чыгып атабыз” деп жаман кабарды угузушкандан баштап эле агаларымдын, карындашымдын мага болгон нааразы кептерине жооп камдай баштагам. Маркумду алып келгенден жерге бергенге чейинки расмиде мага эч ким үн катпады. “Ии, эл кетип, өзүбүз калганда башташат эмеспи” деп дагы деле баягы жоопторумду ичимден кайталап өзүмчө алышып жүрдүм. Үчүлүгү, жетилиги болду, эч кимден кеп-сөз жок. Кыркылыгына келип анда үндөшпөдү. Ашына чейинки бир жыл бою апам каза болгонун уккан күнү камдаган жоопторумду кайталап тынбадым, бирок мага суроо салып, кепке тарткан бир жан болбоду. Ыза боло баштадым. Бир туугандарымдын мага бир ооз сүйлөп “эмне апаңа караган жоксуң?” дебегендерине таарынып калдым. Андан да ачуумду келтиргени аштан кийин атамды шаарга көчүрүп кетишкени болду.

***

Атам кеткени мага келинчегимдин да мамилеси өзгөрдү.

– Дос-жолдошубуз жок дейин десем, эми тууганыбыз да жок калдык. Малдын төрт туягын санап жүрүп бир туугандарыңдан да чыктың, - дейт куйкамды куюштуруп.

– Эй, мээси жок, ошол мал менен күн көрүп атпайбызбы. Мал болбосо эмнени жеп, эмнени киет элең?

– Сенин санап берип ичиргениңе, санап кийиндиргениңе тойдум. Мал менен күндү сен көрүп атасың. Мага караганда малдын алдын жакшыраак жылуулайсың.

Энеңди урайын, ушинтип деги эле тилдүү болуп кетти.

***

– Доктур, бир айласын кылыңыз. Биздин төрт балабыз бар. Алинасыз алардын күнү эмне болот?

– Кечиресиз, мен сизди айылдан бери так ошол айла жоктугунун айынан чакыртып күтүп аттым. Айыкпаган сыркоолуунун үйүндө балдары менен болуп, канча жашаса да тынч күн көргөнү оң. Анан айтып коёюн, баласын кечке айтып атат, барып бала эмизчү болбосун.

– Доктур, жанагы химия дегенден берет го, бериңиз ошондон. Акчасы канча болсо да табам. Бар мал, баарын сатам.

– Ой жигит, жолу табыла турган дарт болсо, биз эмнеге аянмак элек. Химия менен денени бекер уулай бергенде эмне, келинчегиңиздеги дарт мындай болуп атпайбы.

Доктур ар кандай сүрөттөр тартылган кагаздарды, анализдери деп сандаган барактарды алдыма жайып бирдемелерди эле айтып атты. Бирин да түшүнгөн жокмун. Көз алдымда оорулуу апам, апамдан ажырагысы келбей анын ден соолугуна тынчсызданган атам турду. Акыркы кезде уруша берип тажагандай болгон аялым менен жашаганыма саналуу эле жылдар болуптур. Эми андан ажыраганы турам. Көзүм караңгылашып, кулагыма балдарымдын чуусу жаңырып кетти.

Эми мен балдарыма “апаңардын эмчегин сыйлагыла” деп кантип айтам.

(Аягы)

Мунара Сапарова