Айида Маширап кызы: «Күйөөм менен баламды жалын жалмап кетти...»

Январь айынын 30унан 31ине караган түнү Москвадагы тигүү цехтеринин биринен өрт чыгып кыргызстандык жана өзбекстандык 12 адам каза болуп, төртү жаракатынан улам ооруканага жаткырылган. Каза болгон жарандардын алтоосунун сөөгү Кыргызстанга алынып келинип жерге берилди. Бул оор кырсыктын кесепетинен бир эле учурда күйөөсү менен алты жаштагы баласынан ажыраган Айиданын күйүтүндө чек жок.

 

“Үйлөнүп, үч айдан кийин Орусияга иштеп кеттик”

– Биз Баткен облусунан болобуз. Жолдошум экөөбүз 2009-жылы баш кошконбуз. Анын ата-энеси жок болгондуктан бизди кайнагамдар үйлөнтүшкөн. Айылда турмуш оор эмеспи, андан улам баш кошконубузга үч ай болгондо Орусияга барып иштеп тойго каражат топтодук. Кыргызстанга келип заманбап той өткөргөн маалда мен кош бойлуу болуп калган элем. Ошону менен айылда калып, 2010-жылы уулдуу болдук. Баламды торолтуп, апама таштап коюп Орусияга күйөөмдүн жанына иштегени кеттим. Москва шаарында күйөөм экөөбүз тең тигүүчү болуп иштечүбүз. Акчаны жакшы таап Баткендин борборуна жакын жерден үй сатып алдык. Бирок кыялыбыздагыдай үй салабыз деп күйөөм былтыр ал үйдү бузуп, чоң үй тургузуп, үстүн жаап кеткен. Москвада кайнилерим менен батирде жакшы жашачу элек. Балабызды, эл-жерибизди сагынганда Кыргызстанга келип турчубуз.

 

“Балам жанымда болсун деп алып кеткен элем”

– Былтыр май айында экинчи жолу кош бойлуу болдум. Бул үчүн күйөөм экөөбүз тең абдан кубанганбыз. Күзүндө инимдин тоюна Кыргызстанга келгенде: “Төрөсөм ансыз да үйдө олтурам. Балам жанымда болсун”, - деп апамдын колундагы уулум Даниэлди Москвага алып кеттик. Ата-энесинин жанында болгонго балам чоочун жер болсо дагы жыргап калган. Мен кош бойлуу болсом да үйдө олтура алган жокмун. Ишибиз жеңил болгондуктан дарыгер: “Төрөгөнчө иштей берсең болот”, - дегенинен иштеп жүрчүмүн. Балам цехке ээрчип барып, биз иштеп атканда ойноп жүрө берчү. 30-январь күнү толготуп, тез жардам менен түшкү саат бирлерде төрөт үйүнө жетерим менен уул төрөдүм. Балабызды көрөйүн десе күйөөмдү киргизбей коюшту. Экөөбүз телефон менен сүйлөшүп, ага: “Кете бер, бүгүн сени киргизбейт”, - десем, эртеси эрте менен келмек болду.

“Ошол күнү цехте өрт болуп ичиндегилер качып чыгышканын уктум”

– Ошол эле күнү кечки саат жетиде күйөөмө чалып: “Керектүүлөрүмдү ала кел”, - деп айткам. Биз сүйлөшүп жатканда балам чуркап ойноп жатканын, үнүн уктум эле. Күйөөм аны: “Кошуна кыздар менен калып тур”, - десе болбой ишке ээрчип келген экен. Түндө дагы бир кабарлашып коёюн деп чалсам телефону өчүк. Телефонунун кубаты өчүп калган го деген ой менен уктап калдым. Түнү чочуп ойгонуп эмнегедир дагы чалдым, дале өчүк. Эртең менен эрте келем деген күйөөм кечигип, же кабарлаша албай таң калып олтурдум. Кечке маал Москвада иштеген тууганым телефон чалып: “Силердин цех жакта өрт чыгыптыр го, тынчсыңарбы?” - деди. Аларга төрөт үйүндө экенимди айтып, кайнилериме, цехте иштегендерге чала баштадым. Баарынын телефондору өчүк. Чогуу жашагандарга чалсам, бирөөсү: “Тынч эле, үйдө эмесмин”, - деп кыска жооп берип телефонду өчүрүп койду. Мага чалган тууганыма кайра чалып: “Окуя каерде болуптур? Дарегин айтчы”, - десем, “он эки адам каза болуптур, бирөөсү жаш бала экен”, - деди. Абдан жаман абалда болуп калдым. Башка туугандарга чалып мен төрөгөн күнү цехте өрт болуп ичиндегилер качып чыгышканын уктум. Эшиктер ачык эле турчу, андыктан качып чыгышты деген эле ишенимде элем. Үй-бүлөмдүн чоо-жайын билгенге канчалык ашыксам да төрөт үйүнөн чыга албай “качып чыккандарды милиция камап койду болуш керек” деп эле ойлоп отурдум.

 

“Биздин үй-бүлөдөн эле алты адам каза болуптур”

– Үч күндөн кийин төрөт үйүнө милициялар келип каза болгондордун аты-жөнү жазылган кагазды көрсөтүштү. Тизмеде күйөөм, балам, бир тууган кайним, бир тууган кайнежемдин эки баласы, келини бар болчу. “Булар кайда?” - десем, “өлүшкөн” деген жаман кабар айтышты. Биздин үй-бүлөдөн эле алты адам каза болуптур (ыйлап). Цехтин ээси өзүбүздүн жездебиз болчу, анын да 24 жаштагы баласы каза болуптур. Аларды угуп дендароо болуп калдым. Өрт болгон түнү түшүмдө күйөөм менен балам өрттөн качып чыгышып, бетинин бир-эки жери жара сымал карайып караңгы, суук жерде отурушкан. Бул түшүмдөн кийин да алар тирүү деген ойдо элем. Өрт өчүрүүчүлөрдүн экспертизасынын “өрт эшик тараптан же өйдө жактан чыккан, качып чыга албай түтүнгө ууланып калышкан” деген тыянагынан кийин гана айласыздан ишендим. Бул атайын уюштурулган өрт болду. Кызыгы, Куран китеп күйбөй калыптыр. Ал - Кудайдын бар экенинин далили. Кудай бар, ким кылса дагы табылар. Ушунча адамдын каны, көз жашы жөн койбосо керек. “Жумушчулар сыртынан бекитилген” деген сөздөр чындыкка туура келбейт. Эшиктер ачык эле турчу. Азыр ошол жерге барып көргөндөй түрдүү сөздөрдү айтып атышат.

“Мени азыр жаңы төрөлгөн балам гана кармап турат”

– Кыргызстанга 11-февраль күнү сөөктөр менен кошо келдим. Москвадан экспертизадан өткөрүп ороп беришкен, бул жактан бетин ачтырышпай, ошол боюнча жерге бердик. Коюп келгендер “денеси толук экен” деп айтып атышат. 25 жашымда күйөөм менен баламдан ажырап калам деген кимдин оюна келсин. Ойлосом, өлө турган адам чынында өзгөрүп калат экен. Күйөөм менен уулум өзүлөрү ак жуумал эле. Акыркы күнү таптакыр башкача аппак болуп, көздөрү мурдагыдан да жылдыздуу болуп калышкан. Мен төрөт үйүнө кетип жатканда балам аябай ыйлап ээрчиген, жаным кыйналып атканга жакшы көңүл бура алган эмесмин. Кийин телефондон: “Балам кимге окшош? Атын Даниэлге уйкаштырып Тариэл деп коёлу”, - деп атасы айтса, балам: “Апа, бөбөгүмдүн атын Тариэл деп коюңуз”, - деген. Экөөнү эстеп азыр жүрөгүм эзилип олтурам. Күйөөм корс сүйлөгөнү менен абдан мээримдүү, бирөөгө жамандыгы жок адам эле. Бир туугандарынын баарына күйүмдүү болчу. Мен урушуп калсам, “сенин урушканыңдан ырахат алам”, - деп каткырып жата берчү. Быйыл үйдү бүтүрүп келип, кайра Москвада эле иштеп туралы деп пландап атканбыз. Ал тилегибизге жетпей калдык. Күйөөм апрель айында 32 жашка, балам май айында алты жашка чыкмак. Жаман кабардан кийин төрөт үйүнөн абалым оорлоп сүт чыкпай калган. Дарыгерлер “бул балаңды да жоготуп аласың” дешкенде гана өзүмдү кармадым. Эң жакын эки адамымдын күйүтүнөн мени жаңы төрөлгөн балам гана кармап турат. Мен ыйласам кошо ыйлайт, аны сооротом деп атып өзүм да сооронуп калам. Ошого алаксыйм, жашоого болгон үмүтүмдү ушул кичинекейим жандырып атат. Чынымды айтсам, мындан аркы жашоом кандай болот, ойлоно да элекмин. Күйөөм менен баламдын каза болгонуна алигече ишене албайм. Балам: “Чоңойсом милиция болом”, - дечү эле, он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе соолуп калбадыбы, чырагым.

 

 Динара ЧОКОЕВА