Азамат ИСМАИЛОВ, «Чебер» компаниясынын жетекчиси: «Пайда үчүн эмес, ушундай нерсе бар экенин элге көрсөтүү үчүн иштеп атабыз»

Тамашоучу Азамат Исмаилов - ар тараптуу талант экенин эл алдында далилдеп келген жигит. Эми дагы бир ишке жөндөмү артып жакында ачкан “Чебер” компаниясынын алкагында жаңы иштерди жүзөгө ашыра баштады. Анын элге сунуш кылып жаткан торттору эч кимди кайдыгер калтырбайт.

– Азамат, «Чебер» компаниясы элге кандай кызматтарды кылат?

– Көркөм сүрөт академиясында чогуу окуган достор кыргыз маданиятына чеберчилик боюнча жаңылык киргизип, өз салымыбызды кошолу деп бул компанияны негиздедик. Мен жетектейм. Компаниябыздын алкагында түрдүү тортторду жасайбыз, портреттерди, пейзаждарды үйлөрдүн дубалдарына тартабыз, ички-сырткы интерьерин кооздойбуз, логотип чыгарып, кыска жарнама, социалдык роликтерди тартабыз.

– Силердин тортторуңар өзгөчө кызыгууну жаратат экен...

– Мындай тортторду Борбордук Азия боюнча эч ким жасаган эмес. Биз чет өлкөдөн көрүп, кызыгып Кыргызстанга барып жасайбыз деген максат койгонбуз. Ошону ишке ашырдык. Алгач торттун үстүнө атактуулардын бейнелерин чагылдырып жасап, атайын көргөзмө уюштуруп элге тартууладык. Бир жагынан таттуу, бир жагынан күлкүлүү, кайталангыс эксклюзивдүү тортторубуз баарына жакты. Биз келбетин чагылдырган адамдарды аларга айтпай эле жасаганбыз. Көргөзмө болор күнү баарына чакыруу жөнөттүк. Алар үчүн, албетте, сюрприз болду, таң калып, кубанычтарын да жашыра алышкан жок. Тортторду өзүлөрүнө белек кылдык. Ал эмгектерибизге чыгым чынында көп кеткен, аны түшүнгөндөрү ырымдап акча беришти.

– Тортторду ким жасайт?

– Апам менен келинчегим тамакты абдан мыкты жасашат. Майрамдарда укмуштуудай даамдуу тортторду жасап берип кубандырышат. Эми баарыбыз биргелешип торт жасоого өттүк. Тортту апам менен келинчегим, үстүндөгү фигуралардын композициясын балдар чогуу ойлоп таап, Алмаз деген скульптор бала жасайт. Ал азыркы жаш мастерлердин эң алдыңкыларынан. Фигуралар шоколад мастикаларынан жасалат. Ал абдан даамдуу. Буйрутма менен жасаткандар үйүнө алып барып коюп коюшса, кайсы бир убакка чейин тура берет.

– Тортуңардын сырты көз кубандырат экен, ички курамы кандай?

– Бул чоң жоопкерчилик да, эмгегибиз элге жагышы үчүн торттордун бир нече түрүн кымбат болсо да табигый азыктардан жасап жатабыз. Торттун түрүн байыткан - апам менен келинчегим Сымбат. Алар ойлоп таап жаңы түрүн жасашат. Аны үй-бүлөбүз менен жеп көрүп, жакшы болсо каталогго киргизебиз. Азырынча тортту буйрутма түшкөн учурда эле жасагандыктан үйдөн эле иштеп атабыз. Чоң өнөр жай цехин ачуу үчүн көп каражат керек да. Ал учурга, буюрса, акырындан жетербиз.

– Мындай өзгөчө тортко буйрутма бергиси келгендер арбын болсо керек, бааларын айта кетсең?

– Торттун бир килограммы 800 сомдон өйдө болсо, фигуралары 5 миң сомдон жогору. Бул нерсе торттун көлөмүнө, композициянын оордугуна жараша болот. Адамдын бейнесин чагылдырган фигуралар кымбат, мультфильм каармандары төмөнүрөөк баада.

– Бул баа карапайым адамдардын чөнтөгүнө оор да, буйрутма бергендер барбы?

– Буйрутма бергендер болуп атат. Алардын көпчүлүгү - искусствону баалаган адамдар. Бул баа Кыргызстан үчүн өтө эле арзан десек болот. Биз практика жүзүндө чет өлкөгө барып иштеп келгенбиз. Бул жакта эң арзан 5 миң сомго жасап жаткан фигуралар чет өлкөдө 20 миң сомдон болчу. Ал жакта чыгармачылык жогору бааланат. Биздин эмгекти көргөн казак бизнесмендери “Казакстанга барып иштегиле, биз бардык шарттары менен чакан фирма ачып беребиз. Казакстандын атынан жасайсыңар, ал жакта кардарлар көп” деп сунушташкан. Бирок биз Кыргызстан үчүн баш тартканбыз. Бизде мындай сунуш кылмак тургай, кайрылсак кызыгып койгон адам чыга элек. Андай болсо да биз пайда үчүн эмес, элге ушундай нерсе бар экенин көрсөтүү үчүн иштеп атабыз. Түшүнгөн адамга ишибиз абдан оор.

Өзгөчө тортторго буйрутма берүүнү каалагандар үчүн байланыш телефону: 0703 16 80 86

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Динара ЧОКОЕВА