Өзүңүздү ыңгайсыз абалга калтырган ролуңуз кайсы?

Ар бир иш артыкчылыксыз, кемчиликсиз болбойт. Алардын ичинен кемчиликти унуткарбай эскертип турган иш тасма болсо керек. Анда түбөлүк сакталып калган образынан улам ыңгайсыз болуп келген актёр, актрисалар кимдер болду экен?..

Азиз Мурадиллаев:

– «Жараланган турна» деген тасмада менин өбүшүп аткарган жерим бар. Андан улам ошол ролумду такыр көргүм келбейт. Анткени абдан ыңгайсыз абалда калам. Мындан беш-алты жыл мурун жаштык кылып макул болуп тартылып койгон экенмин. Азыр ал мен үчүн уят туюлат. Негизи эле ошондой ролдордон алыс болуу керек экен. Эми андай ролго сунуш түшсө, такыр аткарбайм. Аталган тасма жарыкка чыккандан кийин бир гана жолу көргөм.

 

Назира Мамбетова:

– Менин алгачкы чоң ролум “Мен Тянь-Шань” тасмасындагы Кадичанын ролу болчу. Ал тасма жарыкка чыкканда аны көрүш мен үчүн абдан оор болгон. Тасманы алгач көргөнүмдө абдан сарсанаа болуп бармагымды тиштей берип тишим териме батып кеткен. 24 жашымда мындай роль ойноп, ал тасманы көрүү мен үчүн оор эле болчу.

 

 

 

Аскат Сулайманов:

– “Айыл өкмөтү” тасмасынын кыз-келиндерди "тарбиялаган" жерине келгенде апам, балдарым менен олтурсам абдан ыңгайсыз абалда калам. Эмне кыларымды билбей маймыл болуп же унчукпай олтуруп берем. Азыр ал ролум үчүн абдан уялам.

 

Эгемберди Чалабаев:

– Өзүм роль жараткан "Издейм сени" тасмасы - мен тартылган тасмалардан мага ыңгайсыздык жаратканы. Тасмада Шайыр Касымалиева экөөбүз мас болуп келип төшөккө жаткан жерибиз бар, ошол жерин көргүм келбейт. Мындай кадрлар биздин менталитетке туура келбейт экен. Роль берилгенде образга кирип аткара берет экенсиң, жыйынтыгында туура эмес болуп калат. Өзгөчө андай тасмаларды үй-бүлөң менен чогуу олтуруп көрө албайсың. Ал тасманы көргөндө аталган кадр бар сериясын такыр көрбөйм.

 

 

Айнура Турганбаева (Сакиш):

– Мен тартылган тасма жарыкка чыккан сайын алгач көргөндөн чочулап, башкалардан тасманын ал-акыбалын сурап атып, анан барам. Ырыс Жоомартова тарткан “Быйыл сөзсүз күйөөгө тием” тасмасындагы Ырыс, Динара Акулова болуп ыйлап жаткан жерибизди таптакыр көргүм келбейт. Анткени абдан эле ботодой боздоп калганбыз. Азыр ал тасманы көрсөм да ошол жерин өткөрүп жиберем.

 

Бакыт Мукул:

– Мен өзүм түшкөн жеңил-желпи тасмалардын баарын көргүм келбейт жана көрбөйм дагы. Азыр бизде профессионалдык деңгээлдеги тасма он жылда бир тартылат. Бирок кесибиң актёр болгондуктан аны күтүп жүрө бербей башка чакырууларга барасың. Натыйжада эптеп тартылып кетип калган жеңил-желпи ролдорумдун бирин да көрбөй калам.

 

 

 

 

Алия ДАНИЯРОВА