Кош бойлуу кездеги оорулар менен үй шартында күрөшүү

Ооруп калсак доктурга барып дары жаздырып алып дарыланабыз. Ал эми кош бойлуу аялдарга дары ичүү сунушталбайт. Эмне кылуу керек? Албетте, алгач доктурга кайрылыңыз. Андан сырткары үй шартында элдик каражаттар менен дарылансаңыз болот.

 

Жөтөл

– 2 аш кашык кургатылган бака жалбырак же кара карагатты 1 стакан кайнак сууга салып 2-3 саат тыныктырып коёсуз. Муну күнүнө жарым стакандан 3 жолу ичесиз.

– Орточо көлөмдөгү пиязды кабыгы менен мискейдеги сууга салып, ага 50 г шекер кошосуз. Андан соң 30 мүнөт кайнатып, муздатасыз. Бул маңызды күнүнө 1 чай кашыктан 4-5 жолу ичесиз.

– 2-3 аш кашык тамак-аш содасын 1 литр кайнак сууга салып, ага мурдуңуз менен оозуңузду кезеги менен тосуп дем алыңыз.

 

Cасык тумоо

5 аш кашык майдаланган ит мурунду 1 л кайнак сууга салып, термоско 8-12 саат коюп коюңуз. Күнүнө 3-4 жолу 1 стакандан ичсеңиз болот.

Мөмө-жемиштер же алардын жаңы сыгылган ширесин ичиңиз. Бирок апельсин, грейпфрут, лимон сыяктуу цитрус өсүмдүктөрү кош бойлууларга сунушталбайт. Алар кош бойлуу аялда аллергия пайда кылышы ыктымал. Ширени күнүнө суу менен аралаштырып 1-2 стакан гана ичүү керек. Алма, алмурут, өрүк, шабдалынын ширеси абдан пайдалуу.

Хрендин тамырын кыргычтын майда тишинен өткөрүп, ага теңме-тең шекер кошуп аралаштырып, жылуу жерге 12 саат коюп коюңуз. Оорунун алгачкы 2 күнүндө 1 аш кашыктан ичип туруңуз.

 

Тиш оору

– Оозуңузду шалфей, ромашка, бака жалбырак, календуланын маңызы менен чайкаңыз.

– Кебезди өсүмдүк майына малып, ага “Звёздочка” бальзамынан ширеңкенин башындай өлчөмдө кошуп ооруган тишиңизге коюңуз.

– Гвоздиканы майдалап ооруган тишиңиздин этине сээп койсоңуз, оорусу басылат.

 

Гайморит

Мурун көңдөйүн туз, календула маңызы кошулган жылуу суу менен чайкаңыз.

Мурунга кызылча ширесин тамчылатыңыз.

Температураңыз көтөрүлсө, чайга малина кошуп ичиңиз.

 

Ангина

1 стакан кайнатылган жылуу сууга 1 чай кашык туз, сода жана 3 тамчы йод кошуп аралаштырып, 1 сааттан соң тамагыңызды чайкаңыз.

Жарым стакан жылуу сууга 1 аш кашык суутек перекисин (3%) кошуп күнүнө 3-4 жолу тамагыңызды чайкаңыз. Андан соң 15 мүнөттөй эч нерсе жеп, ичпеңиз.

1 стакан кайнатылган жылуу сууга Фурацилин таблеткасынан бирди майдалап кошуп, ар бир 30-40 мүнөттө тамагыңызды чайкаңыз.

 

Молочница

– 1 литр сууга 1 аш кашык сода жана 1 чай кашык йодду кошуп аралаштырып, тазикке куюп, анда 20 мүнөт отурасыз. Бул процедураны 2-3 күн бою күнүнө 1 жолудан жасайсыз.

– Календула чөбүнөн жылуу сууга бир аз салып ванна жасаңыз.

– Жыныс органыңызды эмендин кабыгынын маңызы менен жууңуз.

 

Геморрой

Картошканы таза жууп, кабыгы менен кыргычтан өткөрөсүз. Андан соң ширесин сыгып алып клизма жасайсыз.

Четин менен кызылчанын ширесин күнүнө жарым стакандан ичиңиз.

300 грамм өрүк как, кара өрүк жана мейизди эт майдалагычтан өткөрүп, ага 200 г балды кошуп аралаштырып, күнүнө 1 аш кашыктан тамактанардан мурун 3 жолу жеңиз.

Эгер жогорудагы процедуралар жардамын тийгизбесе, сөзсүз доктурга кайрылыңыз.

 

Кош бойлуу кезде оорусаңыз, оорукчан бала төрөйсүз

Кош бойлуу кездеги оору түйүлдүк үчүн эң коркунучтуу. Алгачкы 12 жумалыгында баланын органдары курала баштайт. Мүмкүн болушунча бул убакта аял оорубаганга аракет кылышы, ар кандай оорунун алдын алуусу керек. Кош бойлуу кездеги бардык оорулар түйүлдүккө таасир этпей койбойт. Оорудан улам түйүлдүктүн өсүшү кечеңдеп, же убагынан эрте төрөлүшү, бойдон түшүп калуусу, жатында өлүп калышы мүмкүн. Төрөлсө да организминде кемтик болуп төрөлөт: жүрөк кемтиги, көзүнүн көрбөй калуусу, нерв системасынын жабыркашы, акыл-эс жактан артта калуу, укпай калуу сыяктуу оорулар менен төрөлүшү ыктымал.

 

Шааркан Абдуллаева