Толгонай КЕРИМКУЛОВА: “Кийимдердеги кемчиликтерди көрүп оңдогонго аракеттенем”

Кыргызстанда кыргыз айымдарынын арасында кол өнөрчүлүк күч алууда. Бул ар бир адамды кубандырбай койбойт. Акыркы күндөрү кичинекей кыз-балдарга чыптама, чапандар чыга баштады. Бул кандай айымдын колунан тигилгенин билгиңиз келсе, , “Байра” мода үйүнүн жетекчиси менен маекке назар салыңыз.

– Толгонай айым, өзүңүз дизайнерлик кесиптин ээсисизби?

– Кесибим дизейнер эмес, Дүйнөлүк экономика факультетин аяктагам. Бирок бул кесипке болгон шык, жөндөм Кудайдан берилген талант деп ойлойм. Кичине кезимде сүрөт тартканды, мода көрсөткөндү абдан жакшы көрчүмүн. Ошол нерсе дээримде чоңойгончо кеткен жок. Тескерисинче, кызыгуум күндөн-күнгө күч ала баштады. Кызыкканым менен кантип иш баштоону билбей жүрүп турмушка чыгып кеттим. Ортодо банкта кесибим менен иштеп жүрдүм. Кийин төрөп үйдө олтуруп калганда талантымды ишке ашырууга белсендим. Ар кандай кийимдердин үлгүсүн ойлоп таап тиге баштадым.

– Мындай оригиналдуу кийимдердин үлгүсү кандайча пайда болду?

– Кичинекей кыз-балдардын чыптама-чапандарын тиккенге чейин бир топ кийимдерди тигип шыктуу болуп калдым. Кийим тигердин алдында кылдат ойлонуп, бир кездеменин үлгүсү менен саймасын экинчисине коюп көрөм, өзүнөн-өзү оригиналдуу кийимдер пайда боло баштайт. Анан, албетте, учурдун талабына ылайык кандай кийимдер актуалдуу болуп жатканын эске алам.

– Сиздин колуңуздан чыккан кийимдерди кайдан сатып алса болот?

– “Бишкек Парк” соода борборундагы түйүнүмдөн сатып алышат. Андан сырткары буйрутма берип алышат. Жакында Ош шаарынан, Казакстандан “биз жакка алып келбейсиңерби”? деген сунуш түштү. Балким, жакынкы күндөрү ал жакта дагы сатылып калышы мүмкүн.

– Баалары канча сомдон сатылат?

– Баалары кездеменин сапатына жараша болот. Көйнөктөр 2000 сомдон башталып 500 долларга чейин жетет. Ал эми кичинекей кыз-балдардын чыптама, чапандары 1200дөн 2500 сомго чейин.

– Кийимдериңизге карата кандай сын пикирлерди айтышат?

– Көпчүлүк учурда жакшы сөздөрдү угам. Канчалык жакшы сөз уккан сайын алдыга умтулуп ишке болгон кызыгуум артат. Кийимдердеги кемчиликтерди көрүп кийинкисинде оңдоп чыгарганга аракеттенем. Кардарларымдын сунуштарын да четке какпайм. Кудайга шүгүр, кардарларым күн санап өсүп жатат. Башында кылган эмгегимди элге жеткирүү үчүн жүгүргөн болсом, азыр эл мени издеп калды.

 

Алмагүл БАЗАРБАЕВА