Табылды Эгембердиевдин кызы Салтанат: “Атамдын байлыгы неберелерине чейин бөлүндү”

Кыргызга аттын кашкасындай таанымал коомдук ишмер, айтылуу "Шоро" компаниясынын, "Супара" этнокомплексинин негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевди кимдер гана тааныбайт. Анын кылган эмгектери ар бир кыргыздын жүрөгүндө сакталып келет. Арабыздан кеткенине жыл айланган ишкер тууралуу кызы Салтанат эскерет.

– Салтанат айым, атаңыздын көзү өткөнүнө бир жыл болуп калды, андан бери жашооңуздар кандай уланып жатат?

– Атам менин тирегим, аска-зоом болчу. Көзү өткөндө ошол зоом кулап жашоом токтоп калгандай сезилген. Көрсө, өлгөндүн артынан өлө албайт экенсиң. Жашообуз акырындык менен уланып жатат. Атам менен апамдын бул дүйнөдөн эрте өтүп кеткени мени абдан өкүндүрөт. Апам да рак оорусунан улам 58 жашында эле каза болуп калган.

– Сиз атаңыздын канчанчы кызысыз?

– Биз төрт бир тууганбыз. Мен үчүнчүсүмүн. Атамдын экинчи үй-бүлөсүнөн дагы эки баласы бар. Алар менен дагы сыйлашып, катышып турабыз.

– Сиздин бала чагыңыз атаңыз менен өттүбү?

– Балалыгым Стрельникова айылында чоң энемдин колунда өттү. Кийин чоңоюп окууга кирерде гана ата-энемдин колуна келгем. Атам: “Балдар кичинесинде айылдын жашоосун көрүп, түйшүгүн билсе, келечегине жакшы болот”, - деп көп айтар эле. Ошондуктан баарыбызды чоң энеме жиберген. Чоң энемдин колунда бизден башка да неберелери жүрчү. Бизге айылдын жашоосу абдан жакчу. Боз ала чаң болуп ойноп күн кечирчүбүз. Ал эми апам шаарда окуу жайында мугалим, атам жаңыдан бизнеске аралашып жаткан кези эле. Эсимде, “Шоронун” чакан заводу чоң энемдин үйү болчу. Чоң энем менен атам жарма бышырып убара тартып эле жүрүшчү. Биз болсо дем алыш күндү чыдамсыздык менен күтөр элек. Анткени ар жуманын аягында шаарга келчүбүз да, атам бизди балык уулоого, тоо койнуна эс алууга алып барчу. Азыр атам менен жүргөн ошол күндөрүмдү эстеп көзүмө жаш алам.

– Ата-энеңиз ажырашканда канча жашта элеңиз?

– Мен ал кезде 1-класста окучумун. Атам бир күнү баарыбызды чогултуп алып: “Мен дайыма силер мененмин, эч качан таштабайм. Менин жандай көргөн балдарымсыңар. Бат-баттан келип турам, эч нерсе өзгөрбөйт. Болгону апаң экөөбүз эки бөлөк жашайбыз”, - деди. Апам болсо башын жерге салып унчукпайт. Ага чейин эле экөө чечишип алышкан окшойт. Биз эч кимибиз каршы болгон эмеспиз. Анткени атама өйдө карап сүйлөө деген бизде жок болчу. Атам биз менен коштошуп үйдөн чыгып кетти, кайда барарын да айткан жок. Бирок сөзүнө туруп мурдагыдай мамилесинен жазган жок. Бат-баттан үйгө келип кабар алып турду. Кичинекей болгонгобу, атамдын бизден кеткенин мен анчалык деле оор кабыл алган эмесмин, бирок чоңоюп калган байке-эжемдерге, өзгөчө апама оор эле болгон. Апамдын көпкө чейин азап тартып жүргөнү эсимде.

– Экөөнүн эки бөлөк жолго түшкөндөрүнө эмне себеп болду эле?

– Экөө урушмак тургай, бири-биринин көңүлүн оорутканын көргөн эмесмин. Болгону мүнөздөрүн түшүнбөй калышты окшойт. Анткени акыркы күндөрү атамдын мүнөзү өзгөрүп кеткен эле. Кыялындагы идеяларын ишке ашырам деп жүрүп апама көңүл бурбай калган. Көпчүлүк убактысын жумушуна арнап үйгө келбей калган күндөрү көп болчу. Айтор, ушул сыяктуу себептер экөөнүн ажырашуусуна түрткү болдубу деп ойлойм.

– Экинчи бүлө курарда каршы болгон эмес белеңиздер?

– Жок, туура кабыл алдык. Жашоодо жалгыздыктан өткөн азап жок. Анын үстүнө эркек кишинин тамагы ысык, кийими таза болуш керек да. Жалгыз жашагандан көрө үйлөнүп алганын туура көрдүк. Үйлөнгөндө атам балдарын, туугандарын чакырганда, тескерисинче, сүйүнүп барганбыз.

– Азыр экинчи жубайы менен мамилеңиздер кандай?

– Атам үйлөнгөндөн кийин бизге баштагыдан да көбүрөөк көңүл бура баштады. Жаңыл эже да биз менен бат тил табышып кетти. Үйүнө бат-баттан чакырып коноктоп турчу. Ошондон уламбы, Жаңыл эжени биз улуу эжебиздей көрүп калганбыз. Аны менен атам тирүү кезинде кандай жакшы болсок, мамилебиз ошол бойдон сакталды.

– Адатта бай адамдардын көзү өткөндө артында калган байлыгын талашып балдарынын, туугандарынын ортосунда келишпестиктер чыгып кетет го, сиздерде андай көрүнүштөр болгон жокпу?

– Кудай сактасын, бизде андай болгон жок. Абалы оорлошо баштаганда баары бир адам болбосуна көзү жеткен окшойт, акцияларын, байлыгын балдарына тең бөлүштүргөн. Керек болсо неберелерине чейин бөлүндү. Атам бул жагынан эч кимибиздин көңүлүбүздү калтырган жок.

– Учурда “Супара” этнокомплексин ким иштетип жатат?

– Атамдын иниси Кайрат байкем иштетип жатат. Ал атам менен бирге жүрүп иштин көзүн билип калган. Ага Жаңыл эже кошо жардамдашып жүрөт. Эсимде, ушул “Супара” тууралуу атам : “Кыргызстанга керектүү чоң иш жасайм, ага элдин баары суктанат. Ушул кыялдарым ишке ашса баары жакшы болот”, - деп айтса биз түшүнчү эмес экенбиз. Бир жолу баарыбыз барсак атам жепирейген тамдын түбүндө кубанып отурган экен. Анда бул жай толугу менен бүтө элек болчу. Биздин жинибиз келип “ата, бул таштанды төгүлгөн жай го” дегенбиз. Ошондо атам кайгырып: “Мунун канча эмгек менен курулганын билбейсиңер. Силер эмнени түшүнмөк элеңер”, - деп таарынып басып кеткен. Көрсө, атам туура айткан экен, азыр баары суктанган эс алуу жайына айланды. Атам бар кезде “Супарага” бат-баттан барып чер жазып турар элек. Азыр көп барбай калдым. Анткени “Супаранын” ар бир бурчунан атамдын элесин көрүп кыйнала берем.

– Өзүңүздүн жашооңуз тууралуу айтып кетсеңиз.

– Мен 1-курсумда окуп жүргөн кезимде турмушка чыккам. Жолдошум абдан түшүнүктүү, дайыма мени колдоп турат, ал азыр бизнеси менен алек. Мен болсо үч балабызды тарбиялап учурда үйдөмүн.

– Атаңыздын кайсы тарбиясын жашооңузда көп колдоносуз?

– Албетте, ар бир ата-эне баласынын ыймандуу, тартиптүү, акылдуу болуусун каалайт. Атам дагы бизге: “Эч убакта бирөөдөн озбогула, эл менен бирге болуп катардан чыкпагыла”, - деп жакшы насааттарын айтчу. Эсимде, бир жолу атамдан телефон алып берүүсүн сурансам, “дос кыздарыңдыкы болсо гана алып берем. Болбосо кереги жок”, - деп атып араң сатып берген. Жакшы окушубузду талап кылчу эмес. “Эң негизгиси ошол нерсе мээңерде болсун. Мээге жазылган нерсе эч убакта өчпөйт”, - дечү. Атамдын айткандарын ар убак жашоомдо колдонгонго аракет жасайм. Бирок атамдай тарбия бериш үчүн ошондой адам болуп төрөлүш керек.

 

Алмагүл БАЗАРБАЕВА