Рая эже: “КҮЙӨӨ БАЛАМДЫН ЖАШАП КЕТИШИН КУДАЙДАН ТИЛЕП ЖАТАБЫЗ”

Кичинекей кезинде ата-энесинен ажыраган он эки бир туугандын эң кенжеси Жумадылов Азамат капысынан белгисиз бирөөлөрдүн ур-токмогуна кабылган. Эми минтип өлүм алдында өмүр менен алпурушуп жаткан күйөө баласынын абалын айтып ыйлаган Рая эже күйүтү менен бөлүштү.

 

“Жоон темир менен башына катуу чааптыр”

– Кызым күйөө балам экөө Канттагы Дмитриевка айылынан былтыр жарым акчасын төлөп, калганын кийин төлөй турган болуп үй сатып алышкан эле. Көп өтпөй унаа да алып үч баласы менен бактылуу жашачу. Күйөө балам Бишкекте курулушта иштечү эле. Жумушунан кеч чыккандыктан Дмитриевкага келчү маршруткалар да токтоп калат. Ошондуктан Кантка чейин келип, андан ары үйүнө такси менен кетчү. Бир күнү үй ээси үйүнүн калган акчасын сурап күйөө балам унаасын 90 миң сомго сатат. Эртеси 9-март күнү ошол акча менен адаттагыдай жумуштан чыгып Кантка келип, такси тоскону бара жатканда белгисиз бирөөлөр жоон темир менен башына катуу чапканда акчасын алдырбайын деп бир колун капчыгына салып акчасын кармаган боюнча кулаптыр. Ур-токмокко алган балдар тепкилеп баштаганда онтоп кыйкырып жиберет. Анын үнүн уккан таксист кыйкырып жардамга келе жатканда урган балдар качып кетиптир. Ошону менен ким сабап кеткени белгисиз. Акчасынан да дайын жок, же жанагы балдар алганы, же чөнтөгүнөн түшүп калганы белгисиз. Таксист күйөө балама жардам берип үйүнө жеткирип коюптур. Эртеси денелери катуу ооругандыктан кызым Канттын травматология борборуна алып барат. Дарыгерлер рентгенге тартып эч жери сынбаганын, ооруну басаңдатуучу дарыларды ичүүсүн айтып кетирип жибериптир. Дарыгерлердин көңүл кош мамилесине ичи жылыбаган кызым күйөөсүн алып Бишкектеги №4 травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна алып келсе бутун рентгенден өткөрүп гипстеп, кайра үйүнө жөнөтүшүптүр.

 

“Кызым келген маалда күйөөсү сүйлөй албай калыптыр”

– Эки күндөн кийин көгөргөн жерлери катуу ооруп, оң буту шишип баштаганда кызым 7 айлык наристесин колуна көтөрүп күйөөсүн кайра №4 ооруканага алып барат. Дарыгерлер рентгендин кагазы керектигин айтып аны алып келүү үчүн кызым кайра айылга кетет. Кызым келгенче дарыгерлер күйөө баламдын бутундагы гипсти алып, бир бөлмөгө жаткырып төрт саат бою улам ооруну басаңдатуучу ийне сайып коё беришиптир. Кызым келген маалда күйөөсү сүйлөй албай калыптыр. Бул учурда Фучиктеги ооруканада иштеген кызым жездесин көргөнү барса күйөө баламдын оң буту жамбашына чейин капкара болуп кетиптир. Ошентип, күйөө баламды жандандыруу бөлүмүнө которушуп, ал жерден доплерге тартышып ичи ириңдеп баратканын айтып Мамакеев атындагы ооруканага жөнөтүшөт. Ал жердегилер да кабыл албай ызы-чуу болуп жатып эки сааттан кийин ириңдерди кабыл алуу бөлүмүнө жаткырышат. Ириң денесинин бардык бөлүгүнө таркап, жыйынтыгында жамбашынын териси капкара болуп чирип, кан басымы 40/20га чейин түшүп кеткен. Бөлүмдүн башчысы өзү баш болуп биринчи жардам көрсөтүп чирип бараткан жамбашынын терисин кескилеп ириңди чыгарууга аракет кылат. Бирок ириң булчуңдарына чейин кирип кеткендиктен денесин толук кескилөөгө мажбур болушуптур. Азыр Азамат кансырап калгандыктан ага куя турган кан табылбай жатат. Баарыбыз күйөө балабыздын амандыгын Кудайдан тилеп жатабыз.

 

Эралиев Бейшен, Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун ириң хирургиясы бөлүмүнүн башчысы: “Өмүрүн сактап калуу үчүн чириген жерлерин кесип ириңди чыгардык”

– Бул баланы бизге алып келгенде оң тарабы капкара болуп, жамбаш тушунун эти чирип баштаган экен. Биз анын өмүрүн сактап калуу үчүн чириген жерлерин кесип ириңди чыгардык. Бирок абалы дагы деле оор. Жүрөгү, бөйрөгү жана башка органдарына зыян келтирбеген болсо, өмүрүн сактап калдык деп бир тараптуу айта алабыз. Азыр колдон келген аракеттерди көрүп жатабыз. Ур-тепкиге алган жерге кан уюп калып, ал кандагы инфекция организмге таркап кеткен. Жыйынтыгында дене ириңдеп, организм ууланып, кээ бир жерлери чирип баштаган. Бул оору медицинада газ гангренасы деп аталат.

Жамадылов Азаматка жардам берүүчүлөр 0705 688-178 жана 0708 598-739 номерине байланышсаңыздар болот.

 

Даткайым ДОСМАТОВА