ЗАЙНАЛИЕВ Хашим, табып: “Менин рак ооруларын айыктыруу ыкмам дүйнө жүзүндө жок”

Кыргыз эли мурунтадан эле кыргызчылык кылып дем салуу менен дартка даба табышкан. Мындай элдик медицина бүгүнкү күндө да өз күчүн жогото элек, а түгүл, күчүнө кирүүдө. Рубрикабыздын каарманы дартка даба таап, болгондо да рак илдетин айыктырып келе жаткан табып Зайналиев Хашим болмокчу.

– Хашим мырза, дүйнөлүк көйгөйгө айланган рак оорусунун дабасы медицинада табыла элек. Сиздин бул аты жаман ооруну айыктырып жатканыңызга ишенсе болобу?

– Мен рак ооруларынын бардык түрүн айыктырып келе жатам. Төртүнчү даражасына чейин өтүшүп кетип дарылоодон натыйжа чыкпай, акыркы ыкма болгон химиотерапиядан да айыкпай калгандар келишет.

– Эгерде залалдуу шишик болсо же рак клеткалары башка органдарга жайылып кеткен болсочу? Бул учурларда дарылоо мүмкүн эмес болсо керек?

– Мындай учурлар менин практикамда күнүнө кездешет. Ушул күнгө чейин метастаз менен келген 100дөн ашык адамды айыктырып чыгардым. Рак ооруларын айыктырууда менин дарылоо ыкмам дүйнөдө жокко эсе.

– Ал ыкмаңыз кандай?

– Мен негизи тамыр кармоо менен дартты аныктайм. Дарт аныкталгандан кийин биринчи организмди калыбына келтирип алыш керек. Мисалы, алгач боордун физиологиялык жактан активдүү иштөөсүн жогорулатып алам. Анткени ооруканадан көп дарыларды иче берип боор катып же иштөөсү начарлап кетет. Экинчиден, химиотерапия алгандан кийин кан коюуланып кызматын аткара албай калат. Ошондуктан канды суюлтуп алабыз. Андан сырткары рак клеткаларын сыртка айдап чыгуучу атайын даярдалган суюк дарыны ичирем. Рак клеткалары кан аркылуу бөйрөккө, өткө түшүп, андан кийин заара аркылуу сыртка чыгат. Биздеги дарылардын көпчүлүгү табигый чөптөрдөн суюк түрдө жасалат. Алардын курамы сыр бойдон калсын. Бизге керектүү чөптөр дарыканаларда сатылбагандыктан атайын буйрутма берип алдыртам. Өзүбүздүн атайын дары жасоочу чакан ишканабыз бар. Курамын өзүм айтып берем, дарыны ал жердеги жумушчулар жасашат.

– Айыгып чыккандан кийин кайра ооруп келгендер болобу?

– Мындай учурлар чанда гана кездешет. Кээ бирлеринин канында шишиктер калып калышы мүмкүн. Андай учурда кайрадан дарылоого туура келет.

– Негизи өзүңүздүн кесибиңиз ким? Мындай касиетке кайдан ээ болуп калгансыз?

– Бул мага Алла Таала тарабынан берилген касиет деп эсептейм. Ата-тегим дагы табыпчылык кылып адамдарды дарылаган экен. Балким, алардын дагы таасири тийсе керек. Бала кезимден эле медицинага кызыгып доктур болгум келчү. Кийинчерээк мектепти аяктагандан кийин балалык максатыма жетүү үчүн мединститутка тапшырып, бирок орус тилин начар билгендиктен өтпөй калдым. Ошентсе да жогорку билим алууга аракет кылып ОшМУнун табият таануу жана география факультетине тапшырдым. Бул кесибим азыр адамдарды дарылоодо мага чоң жардамын тийгизип жатат. Кудай Таала берген касиетти иш жүзүнө ашырмайын жан дүйнөң жай албайт экен. Күнүнө сабактан сырткары китепканада медицинага байланыштуу китептерди окуп атып кызыгуум артып, оору эмнеден келип чыгарын, аны дарылоону изилдей баштадым. Толугу менен изилдеп чыгып, ооруларды айыктырууга көзүм жеткенден кийин ишке кириштим. Алланын буйругу менен алгачкы жолу 2013-жылы Араван айылында адамдардын ден соолугун текшерип, дартын аныктап айыктыра баштадым. Кезекке турган адамдар көбөйүп, бирок Араван эли мага тоскоол болуп көрө албастык кылышканынан Москвага кетүүгө туура келди. Ал жактан төрт жыл адамдарды дарылап, көбүнчө онкологиялык дарттарды айыктырдым. Бешинчи жылы кайрадан көпчүлүктүн суранычы менен Бишкекке келип үйлөрүнө барып дарылап жүрдүм. Үй кыдырып дарылагандан тажап февраль айынан тартып ижарага имарат алып адамдарды ошол жерде дарылап келем.

– Учурда канча адам дарыланып жатат?

– Айрымдар келип-кетип дарыланышын суранышат. Мен ага макул болбойм. Анткени көзөмөлүмдө болуп турушу керек. Өздөрүнө да жакшы да. Учурда жети дубандан келген 20 адам дарыланып жатат. Кудайга шүгүр, алардын ден соолугу алгач келгендегиге караганда бир топ жакшы.

– Канча убакыт дарылайсыз?

– Оорунун түрүнө, абалына жараша болот. Бардык организмди дарылап, толук айыкканча 6 ай убакыт өтөт.

– Ошончо убакытта канча сомго дарыланып чыгышат?

– Менин кызматым акча табуу эмес, бейтаптарды айыктыруу. Негизинен жатаканасына акча төлөшү керек болчу. Бирок акчасын ооруканага коротуп келгендер да бар. Ошондуктан Алла ыраазычылыгы үчүн деп дарылай берем. Негизи рак ооруларын дарылоого кеткен дары-дармекти эсептегенде бир кишиге күнүнө 2 миң сомдон кетет. Чын ниетинен берген акчасын алып коё берем.

Абдыбекова Жылдыз, бейтап: “Заарам аркылуу рактын таякчалары чыкты”

– Мындан 4-5 ай мурун жөтөлүп жаным жай албай калган. Чыдай албай ооруканага барсам, дарыгерлер “өпкөңө катуу суук тийиптир” дешти. Көрсө, өпкөнүн рагына чалдыккан экенмин. Канча дарылансам дагы жакшы боло албай койдум. Аягында дем алуум начарлап түтүкчө менен дем алып калдым. Жети жолу химиотерапия алсам да эч кандай натыйжа чыккан жок. “Башка эч нерсе кыла албайбыз” дешкенинен апамдар ооруканадан чыгарып кетишкен. Үйдө жата берип күндөн-күнгө оорум күчөп, жөтөлүм токтобой калды. Жашоодон түңүлө баштаганда таежем: “Хашим деген күчтүү табып бар экен. Барып көрбөйсүңбү?” - дегенинен алгач көңүлдөнбөй атып келдим. Күнүнө төрт маал чөптөн жасалган дарыларды ичип атып 20 күн дегенде натыйжасын байкадым. Ингаляция кылгандан кийин жаман нерселер, узун ак таякчалар түтүкчө аркылуу оозумдан чыкты. Кийин заара аркылуу чыккан ак таякчаларды өз көзүм менен көрүп абдан таң калдым. Ошентип, бир жарым айдын ичинде өзүмдү жакшы сезип калдым. Буюрса, 10 күндөн кийин чыгам.

Мамадсахова Калипа, бейтап: “Тамырымды кармап көрүп эле операциясыз айыгышымды айтты”

– Мен Ош шаарынан келгем. Негизи кант диабети менен ооручумун. Бир күнү абалым оорлошуп ооруканага барсам, кантым 15ке көтөрүлүп кетиптир. Дарыгерлер кардиограммага тартып көрүшүп жүрөгүмдүн үч тамыры бекилип калганын, канттын көтөрүлгөнүнө ушул нерсенин да таасири тийип жатканын жана операция жасаш керектигин айтышты. Операциясы 500 миң сом тургандыктан ал сумманы табуу кыйын болуп калды. Айлабыз куруп Бишкекке келип кардиологиялык ооруканага барсак, ал жердеги операция да 200 миң сом экен. Эртеси кызым ушул табып тууралуу угуп мени алып келди. Ал тамырымды кармап көрүп эле операциясыз айыгышымды айтты. 20 күндөн бери кантым түшүп өзүмдү жеңил сезип калдым.

 

Алмагүл БАЗАРБАЕВА