Балдардын жаман адаттары. Алардан кантип арылтуу керек?

Дээрлик бардык балдар кичине кезинде ар кандай жаман адаттарга кабылышат. Ал адаттар аркылуу бала организминде эмне өзгөрүү болуп жаткандыгын, эмнени каалап жаткандыгын билдирет. Тилекке каршы, муну кээ бир ата-энелер көз жаздымда калтырышып маани беришпейт. Эмесе, балдардагы айрым жагымсыз адаттар, себептери жана алардан арылуунун жолдоруна кеңири токтолобуз.

 

Тырмагын тиштегилөө

Себеби: Психологдордун айтымында, баланын ар бир жаман адаты – анын психологиялык жабыркоосунун белгиси. Тырмак тиштегилөө көбүнчө бала бакчага же мектепке жаңыдан барган балдарда көп кездешет. Бала бул учурда жаңы шарттарга көнө албай эмоциясын тырмагын тиштегилөө аркылуу чыгарат. Андан сырткары үйдө дайым уруш-талаш боло берсе да бала аны көтөрө албай психикасы жабыркайт. Мына ошондо стресс болгонун тырмагын тиштегилөө аркылуу билдирет. Баланын тырмагын тиштегилөөсүнө компьютер, телевизор да себеп болот. Анткени бала экран алдында отурганда агрессиядан улам нерв болуп, колун оозуна сала берет, бирок аны өзү байкабайт. Натыйжада эмоционалдык агрессиядан чыгуу үчүн тырмагын тиштегилейт.

Зыяндуулугу: Тырмагын тиштегилөөдөн улам баланын тиштеринин эмалы жабыркап, колу жана тырмак алдындагы микробдордон ар кандай оорулар пайда болушу мүмкүн.

Кантип арылуу керек?

– Балаңыздын тырмагын тез-тезден алып, колун тазалап жууп туруңуз.

– Баланын колун бош койбоңуз, тагыраагы, колун оозуна салбашы үчүн оюнчуктарды карматып коюңуз.

– Тырмагын тиштегилей баштаганда алаканы менен кулактарын жаап-ачып же кол чаап ойнотуңуз. Бул ыкманы жасоо менен бала колун оозуна салганды унутат.

– Тырмагын тиштегилөөдөн кандай оору пайда болушун айтып, курттун сүрөтүн көрсөтүп “тырмагыңды тиштесең, ичиңде ушундай нерсе пайда болот” деп түшүндүрүңүз.

 

Жанындагы адамды тиштөө

Себеби: Эмоциясын билдире албаган, жакшы сүйлөй албаган бала жанындагы адамды тиштей берет. Андан сырткары атасынын энесин капа кылганын көрүп калса, ата-энеси ага анча көңүл бурбаса, же бир туугандарынан кызганып тиштөө аркылуу үй-бүлөсүн өзүнө көңүл бурдуртат.

Зыяндуулугу: Эгер бала энесин тиштеп алса, энеси аны “акмак, эмне эле тиштей бересиң? Сени да тиштейинчи, кандай болор экен” деп урушуп тиштөө менен жооп кайтарса, балада “тажаал, ташбоор адамдар менен жашайт экем” деген ой калыптанып, өзү да ошондой болуп өсөт. Натыйжада тиштөө анын сезимдерин билдирүүчү жалгыз ыкмага айланат.

Кантип арылуу керек?

– Бирөөнү тиштөө жаман адат экенин, жаман балдар гана тиштерин айтып түшүндүрүңүз.

– Балаңыз бирөөнү тиштеп алса, андан кечирим суроосун, тиштеп алган жери ооруп жатканын айтыңыз. Муну менен балаңызда аёо, боорукердик сезими пайда болот.

– Балага балдар менен саламдашканды, пикир алышканды, ойногонду, оюнчуктары менен бөлүшкөндү үйрөтүңүз.

– Балаңызды балдар менен ойнотуп байкап көрүңүз. Эгер ачуусу келип тиштей баштаса, адат болуп калбашы үчүн аны дароо токтотконго аракет кылыңыз.

 

Манжасын соруу

Себеби: Медициналык булактарга ылайык, бала манжасын түйүлдүк кезинде эле соруп баштайт. Ошондуктан бул - тубаса инстинкт. Бир жашка чейинки балдардын манжасын соруусу курсагы ачкандыкты билдирет. Ошондой эле эмчектен эрте чыкканда же графикти катуу сактап тамактандырганда манжасын соруу адатка айланат. Ал эми бир жаштан өйдөлөр курсагы ачкандан сырткары уйкусу келгенде же тынчтанууну каалаганда манжасын соруп баштайт.

Зыяндуулугу: Адистердин айтымында, балдардын 1-2 жашка чейин манжасын соруусу зыян деле эмес. 2 жаштан өткөндө да манжасын соруп жүрүү тиштердин туура эмес өсүүсүнө, жаак сөөктөрдүн кыйшаюусуна, дикциянын жана тамак чайноонун начарлашына алып келет. Ошондой эле бала бакчада, мектепте да байкабай манжасын соруп алып теңтуштарынын шылдыңына кабылып аң-сезими жабыркайт.

Кантип арылуу керек?

– Балаңыз манжасын соруп жатканын байкап калсаңыз, бир буюмду алып келүүсүн суранып, башка иштерге жумшоо менен алаксытыңыз.

– Манжасын чогуу санаңыздар, же жашы канчада экенин сураңыз.

– Колунун жардамы менен ит, коён же козуну туурап көрсөтүүсүн айтыңыз.

– Уктап жатканда колун оозуна салбашы үчүн жомок окуп берип алаксытыңыз. Такыр эле болбой манжасын кайра оозуна салып алса, урушуп жулуп албастан, бир аз сордуруп туруп, анан акырын байкатпай чыгарып коюңуз.

 

Мурдун чукуу

Себеби: Ысык бөлмөдөгү кургак абадан баланын мурдунун былжырлуу катмары кургап кетип, ичи ийкемдүүлүгүн жоготуп, кычышып баланын тынчын алат. Андан сырткары суук тийүүдөн, өнөкөт сасык тумоодон улам да бала мурдун чукуй берет. Ошондой эле оор психологиялык абал себеп болот. Мисалы, кызыктуу мультфильм көрүп жатканда берилип кетип мурдун чукуганын байкабай калат.

Зыяндуулугу: Мурун тешиги чоңоюп, кан агуу күчөп, көңүл буруусу жана активдүүлүгү бузулат. Окумуштуулардын айтымында, мурдун ашыкча чукуу балдарда Смит-Магенис синдромунун өнүгүшүнө, ринотеллексомания оорусунун пайда болушуна шарт түзөт.

Кантип арылуу керек?

– Балдар чоңдордон үлгү алгандыктан алгач өзүңүз жаман адаттардан алыс болуңуз. Болбосо бала сиздин кылганыңызды туура экен деп эсептеп кайталай берет.

– Балаңыздын мурун көңдөйлөрүн дайым таза кармаңыз.

– Бөлмөнү улам желдетип, 18-22 градус температурада сактаңыз.

– Эгер мурдуна бир нерсе тыгылып калса, дароо дарыгерге кайрылыңыз.

 

Жыныс органына кызыгуу

Себеби: Кичинекей эркек балдардын өзүнүн жыныс органына кызыгып кармалай берүүсүндө эч кандай эротикалык подтекст жок. Бул баланын психологиялык абалынын өзгөрүүсүнөн улам болот. Аны медицинада балдар онанизми деп аташат. Бул учурда бала жөн гана өзүнүн дене мүчөлөрү менен таанышат.

Зыяндуулугу: Жыныс мүчөсүн кармалай берүү көнүмүш адатка айланып чоңойгондо да көпчүлүктүн арасында, көчөдө байкабай кайталап алышы мүмкүн. Бирок азыркы сексологдордун айтымында, балдар онанизми сексуалдуулуктун өнүгүшүнө жардам берет.

Кантип арылуу керек?

– Урушпастан, колун жыныс органынан акырын алып коюңуз.

– Кырдаалга жараша мамиле кылыңыз, тагыраагы, кайсы жерде кармалап жатканын эске алып элдин көзүнчө уят кылбаңыз.

– Балаңызды жалгыз койбостон, аны көбүрөөк эркелетип, сүйлөшүп туруңуз.

– Балаңызга жыныс мүчөсүн башкаларга көрсөткөн, элдин көзүнчө кармалаган уят экенин айтыңыз.

 

Оозуна кагаз, кум салуу

Себеби: Бул баланын жаш курагынан көз каранды. 1-1,5 жашка чейинки балдарда бул нормалдуу көрүнүш, алардын кадимки таанып-билүү активдүүлүгү. Ал эми 1,5 жаштан өйдө балдардын кагаз чайноосу - организминде темир, целлюлоза жетишсиздиги, гемоглобиндин төмөндүгү. Ошондуктан даам сезүүсү жоголуп колуна кирген нерсени оозуна сала берет. Андан сырткары оозу кычышса, бирөөнүн кагаз чайнаганы кызык көрүнсө, кагаздын даамы жагымдуу болсо да кагаз чайнайт. Ал эми баланын кум жеши анын организминде кальцийдин, кремнийдин жетишсиздигинен кабар берет.

Зыяндуулугу: Кагазды көп жегенден ич катуу, ичегинин түйүлүүсү, ичеги рагы жаралышы мүмкүн. Андан сырткары кагаздын курамындагы химиялык элементтер организмди уулайт. Ал эми кумду көп жегендик өт, бөйрөк, табарсыкта таштын пайда болушуна алып келет.

Кантип арылуу керек?

– Себебин аныктоо үчүн алгач дарыгерге кайрылыңыз.

– Баланын гемоглобинин көтөрүү үчүн көбүрөөк эт, капуста, көк пияз, анар, алма, кургатылган жемиштерди бериңиз.

– Балага дайым көз-кулак болуп туруңуз.

– Курамында кальций көп сүт азыктарын, витаминдерди көбүрөөк жегизиңиз.

 

Шааркан Абдуллаева