Бел суунун пайызы аз болсо бала төрөлбөйт

Адистердин айтуусу боюнча, акыркы убактарда эркектердин арасындагы тукумсуздук жыл өткөн сайын күч алууда. Мунун себеби эмнеде? Экологиянын начарлоосу, турмуш шарттын катаалдыгы жана эркектердин ден соолугуна болгон кайдыгерлиги улуттук генофондго чоң коркунуч жаратууда. Айрыкча бел суунун начарлап, алсыз болушу тукумсуздукка алып келип, же төрөлгөн балага ар кандай зыянын тийгизип жаткандыгын айтышууда. Мунун себептерине кененирээк токтолобуз.

 

Бел суунун аз болушунун себептери

Алкоголдук ичимдиктер. Алкоголдук ичимдик менен тамекини үзбөй колдонгон эркектин бел суусунун кубаты жана пайызы төмөн болот. Бул тукумсуздукка алып келиши мүмкүн. Ошондуктан “балабы же ичимдикпи?” деген суроо туулат.

Антибиотиктерди көп колдонуу. Бат-баттан күчтүү антибиотиктерди колдонуу организмди алсыздандырып, бел сууну да төмөндөтөт. Ошондуктан дарыларды баш аламан эмес, дарыгердин көзөмөлү менен гана колдонгон туура.

С витамини жана цинктин жетишсиздиги. Бул уруктуктун жай кыймылдоосуна алып келет. Тагыраак айтканда, түшкөн уруктук аялдын урук бездери менен кошулганга чейин эле бери жактан өлүп калат. Андыктан күнүмдүк тамак-ашка сөзсүз түрдө бул витаминдерди кошо жүрүңүз.

Ыңгайсыз кийимдер. Дайыма эркектин жыныс мүчөсүн кыскан ич кийим, тар шымдар бел сууга түздөн-түз таасирин тийгизет. Өзгөчө денеге жармашкан жинсы шымдарды азыраак кийген туура.

Мончо, сауна. Мончого жума сайын түшүү туура эмес. Бир айда эки жолу барган жетиштүү. Анткени мончодогу 39 градус ысык уруктукту суюлтканы аз келгенсип иштөө функциясын жайлатат.

Спорт менен чектен ашык машыгуу. Күчкө салып өтө эле көп машыкканда эркекке тиешелүү тестостерон гормону жабыркайт. Бул гормон эркектин организминде эң башкы ролду ойнойт. Гормондун нормасынан түшүп кетүүсү дагы уруктуктун активдүү иштөөсүнө тоскоолдук жаратат.

Иммундук системанын жабыркашы. Эркектердин иммундук системасынын жабыркоосу абдан коркунучтуу. Себеби жабыркаган учурда организм жумуртка клеткаларын жолотпой баштайт. Муну медицинада аутоиммундук система деп аташат.

Инфекциялык жугуштуу оорулар. Гонорея, трихомания, кандидоз сыяктуу инфекциялык жугуштуу оорулар да бел суунун начарлашына түздөн-түз зыянын тийгизет.

500 грамм алоэни эт туурагычтан өткөрүп, ага 500 грамм таза бал, 500 грамм кызыл шарап кошуп 5 күн караңгы жерде сактаңыз. Анан күнүнө 3 маал тамактанардан 1 саат мурун бир аш кашыктан иче берсе болот.

Курма менен анар канды тазалап, бел сууну көбөйтүп, төшөк оюнун узартат. Инжир, апельсин, лимон, банан, грек жана жер жаңгак, мисте, кулпунай да бел кубатты күчөтөт.

Сельдерейдин өзү же ал көбүрөөк кошулган салат адамды мыкты дүүлүктүрөт.

Чоңдугу жумурткадай болгон кадимки эле пиязды кечинде жеп койсо да эркек күчтөнөт.

Ашкабактан манты, оромо же пирог бышырып, же болбосо ашкабактын уругун кууруп жегендер ырахаттын туу чокусуна чыга алышат.

Имбирь – күчтүү дүүлүктүргүч каражат. Виагра дарысы чыккыча көптөр ушуну колдонушкан.

Жумуртка, балыктын икрасы – эркектин жыныс мүчөсүнүн толук кандуу өсүшүн шарттайт. Жумурткадагы белок жана A, B1 витаминдери - организмге күч берүүчү протеиндердин кампасы.

Сүт азыктарынан сыр, быштак, йогурт, каймак да бел кубатты көтөрөт. Быштак менен сырды көбүнчө салатка кошуп тамактануу сунушталат.

Курамында белок, кальций, магний, фосфор, калий, цинк, В жана Е витаминдери бар бадам бел сууну активдештирет.

Сабизде бета-каротин микроэлементи бар болгондуктан ал бел суунун сапатын жакшыртат.

Бал эркектин уругун жакшыртат, жумуртка клеткаларында уруктандырууну активдештирет.

Кальций, магний, фосфор, темирге бай күнжүт организмдеги тестостерон гармонун жөнгө салып турат.

Шоколад серотонин гормонун иштеп чыгаргандыктан жыныстык органдарга кан топтолуп, дүүлүгүп төшөк кумарын эңсеп калат.

 

 

Жаныбек Райымбеков, эмбриолог:

– Эркектердин уруктугунун пайызы канча болушу керек?

– Негизинен эркектердин уруктугу 70 пайыздан жогору болсо балалуу болууга оңой. Бул деген эркектин спермасынын 70 пайызы бала жаратууга жарамдуу деген сөз. Ал эми калган 30 пайызы аялдын жатынына жеткенге чейин эле өлүп калат. Уруктуктун пайызын аныктап алуу үчүн спермограмма тапшыруу керек. Тапшыруунун алдында 4 күнгө чейин ачуу, майлуу тамактан баш тартып, мончого түшпөй, жыныстык катнаштан оолак болуу зарыл.

– Эгерде жогорудагыдай көрсөткүч болбосо балалуу болууга мүмкүн эмеспи?

– Ден соолугу чың бала төрөлүш үчүн уруктуктун саны эмес, сапаты жакшы болушу керек. Уруктуктун пайызы аз болсо, балалуу болуш абдан кыйын. Жубайынын боюна бүтүп калган күндө да баланын ден соолугуна сөзсүз түрдө зыянын тийгизет. Мисалы, балдар бир мүчөсү кемтик, алсыз болуп төрөлүшү мүмкүн. Же бойдон түшүп калат. Анткени аз пайыздуу уруктан жаралган бала организмге туруксуз болот.

– Уруктуктун аз пайыздуулугун медицинада кандай жолдор менен дарылайсыздар?

– Консервативдик жолдор менен, башкача айтканда, дарылардын жардамы менен көтөрөбүз. Андан сырткары комплекстик дарылоо ыкмасын колдонобуз. Ал үчүн уруктугунун пайызын текшерүүдөн сырткары жалпы кандын анализи, суук тийгендигин аныктоо, гормондорго анализ тапшыртып, жыйынтыгына жараша дарылоону сунуштайбыз. Эгерде бул ыкмалар жардам бербесе, анда жасалма жол менен бойго бүтүрүү ыкмасын колдонушат.

 

Бел суу тууралуу...

Америкалык окумуштуу Ричард Левин жай жана күз мезгилдеринде эркектин урук клеткалары өзгөрөрүн айткан. Жай мезгилинде суюлса, күз мезгилинде коюуланып сапаты жакшырат экен. Анткени күз айларында адамдын организми пайдалуу витаминдерге, заттарга толуп турган кез болот. Ал эми жайкысын күн жерге жакын тийгендиктен анын зыяндуу нурлары бел сууга өз таасирин тийгизбей койбойт.

Эркек 7-10 күндүн ичинде төшөк кумарына батпай карманып жүрө берсе, бел суунун сапаты начарлап, бойго бүтүрүү деңгээли төмөндөйт.

Эрендиктин өңүнө карап эркектин жыныстык катнашта качан болгонун да билүүгө болот. Эгер эрендик саргыч, коюу болсо, анда ал эркек көптөн бери жыныстык катнашта боло элек. А эгер анын өңү агыш болсо, жакында эле кумарга батканын билүүгө болот.

Ачуу тамактарды, сарымсак, пияз жана башкаларды жегенде эрендиктин жыты бир аз жагымсыз болот. Ал эми кумарга батардан эки саат мурун лимондун ширесинен ичип койсо, эрендиктин жыты лимон жыттанып калат.

 

Алмагүл БАЗАРБАЕВА