Тотомидин ЖОЛДОШЕВдин жубайы Мээрим: «Көчөдө жүргөн кыздарга эмес, жолдошума ишенем»

Өткөн жумада басылмалардын бирине өзүн «Таалай элеси» тобунун солисти Тотомидин Жолдошевдин экинчи никеси катары тааныштырган адам маек берип ырчы экөө баш кошконун, ортолорунда бир баласы болуп, экинчисин көз жаруу алдында турганын, балдарынын атасы балдарына каралашпай, ал турсун, ар кандай сөздөрдү айтып коркутуп жатканын айткан эле. Бул маалымат жарыкка чыккандан кийин биринчи кезекте ырчынын жубайы үчүн оор болору белгилүү. Бирок ызы-чуу чыгарууну каалабаган, кечиримдүүлүк менен үй-бүлөсүн сактап калууну көздөгөн Мээрим редакциябыздын эшигин кагып ал да өз чындыгын айтып берди.

– Мээрим айым, жолдошуңуздун экинчи аялы катары өзүн тааныштырган кыздын маегин окуганда кандай абалда болдуңуз?

– Биринчи окуганда деңдароо болдум. Биринчи күнү мээмдин иштөөсү токтоп, эч нерсе көргүм келбей, эч ким менен сүйлөшкүм келген жок. Экинчи күнү көңүлсүз жүрсөм, кийинки күнү унутуп калдым. Тото мага жакшы мамиле кылып атса, мен ага ишенип турсам, кантип чуу чыгарам, сабырдуу болууга аракет кылдым. Ортодо төрт балабыз бар, мен ызы-чуу кылып аларды ыйлатып, “ажырашам” десем, балдарымдын психологиясына деле доо кетпейби. Мен ал кыздын максатын жакшы билем. Мага ор казам деп жүрүп ага кайра өзүп түшүп калды.

– Демек, ал кыз тууралуу мурун эле билчү белеңиз?

– Ооба, акыркы учурларда мага телефон чалып тынч жашоо бербей, үй-бүлөмдү бузууну каалап аткан. Мен аны сотко берүүнү ойлогом. Жолдошум да: «Ал кыз менен байланышым жок, өзүң каалаганыңды кыла бер», - деген.

– Сизге телефон чалып эмне дечү эле?

– Мага дайыма чалчу, телефонду көтөрсөм, «күйөөң сени сүйбөйт, ал балдары үчүн эле сени менен жашап жүрөт. Баары бир сени таштап кетет. Мен сага көрсөтөм, үйүңдү өрттөп, балдарыңды тумчуктуруп өлтүрүп кетем», - деп мени коркутканга чейин барчу. Тындырбай смс жазчу. Тотомидинге да чалчу, ал: «Чалба экинчи», - деп урушуп калчу. Акыркы күндөрү ага: «Акча бер, болбосо мен сени гезитке чыгарып аялыңдын туугандарына уят кылам. Турмушуңду бузам», - деп көп суммадагы акча талап кыла баштаган.

– Ошондо анын гезитке айтып бергендери жалган болуп калабы?

– “Тото аялы менен ажырашып, аялы Орусияга кеткенде мага үйлөнгөн”, - деп айтып атат. Жолдошум бир ирет Орусияга концерт менен барып мени ала барган, андан башка ал жакка барып көргөн эмесмин. Анын айткандары калп. Кудай карап турат, ал кыз айткандай, экөөбүз ажырашкан эмеспиз. Үй-бүлө курганыбызга он беш жылдын жүзү болду, ортобузда майда-чүйдө пикир келишпестиктер эле болбосо, катуу урушуп ажырашканга чейин бара элекпиз. Ал кыз Тотонун үй-бүлөсү бар экенин билген эместигин айтып атат. Бирок Тото үй-бүлөсү тууралуу айтып гезиттерге далай жолу маек берет, социалдык тармактардагы баракчаларына деле үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүн жүктөйт, анан кантип билбей калат? Бул кыз Тотонун күйөрманы экен. Мурда да мындай ашынган бир-эки фанаты болгон, мага телефон чалып экөөбүздүн ортобузга чок таштоону каалашчу. Ал деле өтүп кетти, бул деле өтүп кетет. Болгону бул кыздын өзүнө эле жаман болду, анын деле туугандары, ата-энеси бар да, аларды коомчулукка уят кылып атат. Өзү жаш эле кыз экен, бактысына балта чапты, эми анын кийинки тагдыры кандай болот?..

– “Ортобузда бала бар” деп баласынын сүрөтүн да жарыялап атпайбы?

– Мен ага ишенген жокмун, Тото менен бирге турган сүрөттөрү фотошоп аркылуу эле жасалган болушу керек деп ойлойм. Азыр компьютер аркылуу баарын жасаса болот да. Ал кыз өзү деле мага: «Мен өзүм менен Тотонун сүрөттөрүн фотошоп аркылуу жасап интернетке чыгарам», - деп айткан. «Эмне кылсаң кыл, кете турган эркек сен мени коркутпасаң деле, балдары бар экенине карабай деле кетет. Бирок Тото балдары менен мени эч качан таштабайт», - деп айткам. Мен көчөдө жүргөн кызга эмес, жолдошума ишенем. Тото жашоодо биринчи орунда үй-бүлөнү койгон, балдары үчүн жанын берүүгө даяр, аларды таштап жөн эле басып кетип калбайт. Мен балдар менен үйдө олтурам, өзү керектүү каражатты таап келип бизди эч нерседен кем кылбай багып келет. Эгерде чындап ал кыздын баласы болсо, өзү каалап балалуу болдубу, эми өзү бага берсин.

– Жолдошуңуз бул окуяны сизге кандай түшүндүрүп атат?

– Ал кыз өзү жакындаган, жолдошум азгырылып кетип ортолорунда мамиле болгон, бирок анын баары артта калган. Ал кыз Тотодон кол үзгүсү келбей үй-бүлөсүн бузуп тийип алууну көздөгөн деп ойлойм. Өзүнө да: «Тото сени мажбурлаган эмес, өзүңдүн көңүлүң болгондуктан жүрүп-жүрүп таштап кетти, сен ошого татыктуусуң», - деп айткам. Үй-бүлөлүү адам менен мамиле түзгөн өзү күнөөлүү. Тото азыр: «Шайтан азгырды», - деп өкүнөт. Мен деле болор иш болду, уруш чыгара бергеним болбойт деп кечирдим.

– Өзүн жолдошуңуздун “экинчи никесимин” деп атаптыр го?

– Анысы бизге да кызык болду. Тото экинчи аял алмак тургай, эки аял алууга каршы. Чынында экинчи аялы болсо, мен эмдигиче билмекмин да, кантип бир үйдө жашап атып билбей калам. Мен күйөөмдүн экинчи аял алышына каршымын, эки аял алгандар эки аялын тең бактылуу кыла алышпайт жана өзү да бактылуу жашоодо жашабайт.

– Негизи жолдошуңуздун баскан-турганын көзөмөл кылып турасызбы?

– Тото кайда барарын айтып кетет. Мен аны чалып деле текшербейм. Кечигип калган учурунда өзү чалып кармалып калганын айтат. Кандай болгон күндө да үйгө түнкү саат он экиге чейин келип калат.

– Кыздарга канчалык жакын?

– Жакындарым, аяштарым «күйөөңдүн көздөрү күйүп турат» деп калышат. Бирок мага ал нерсеси билинбейт. Кимди кандай карап атканын мен анын көз карашынан улам билем, андыктан кыздарга жакындыгы байкалбайт. Тото тамашакөй, айрымдар анын тамашасын түшүнбөй тийишип аткандай ойлошу ыктымал. Мен ага көнүп бүткөм.

– Сизге кандай жолдош?

– Тото абдан боорукер болгондуктан көңүлүмө карап жакшы мамиле жасап турат. Аяштарым «Тото сени аябай сыйлап турат» деп калышат. Чынында эле конокко барганда да мага абдан көңүл бурат, кийген кийимиме, чачыма чейин көңүл буруп турат. Балдарды эч нерседен кем кылбай караган ата. Өзү - тогуз бир туугандын экинчиси, ошолордун баарына баш-көз болуп, ата ордуна ата болуп келет. Кайнатам каза болгондон кийин бир туугандарын окутуп, үйлөнттү. Тапканы бизге да, аларга да жетет.

– Баш кошконуңуздарга он беш жыл болуптур, кандай жашап келе жатасыздар?

– Биз таанышкан учурда аты менен ыры эле бар болчу. «Кеңеш» тобунун солисти Мүзүр экөө кафеде музыкант болуп иштечү, мен ошол жерде официант болуп иштеп барып калып таанышып калганбыз. Ошол учурда Гүлмира менен Мүзүр да кыз-жигит эле. Кийин жактырышып баш кошуп алдык. Эч нерсебиз жок болгондуктан бир канча жыл ижарада жашадык, кыйынчылыктар болду. Тото тапкан акчасынын көбүн чыгармачылыгына жумшачу. Тырмышып жүрүп үй-жайлуу, төрт балалуу болуп бактылуу жашап калдык. Эми ушул бактымды тигил кыз бөлүшкүсү келип атпайбы.

 

Динара ЧОКОЕВА