Баш оорунун түрлөрү жана себептери

Жер үстүндө жок дегенде бир жолу башы оорубай койгон бактылуу адам болбосо керек. Бул көйгөйдөн бир таблетка ичип айыгууну адатка айлантканыбыз менен ал толугу менен ооруну айыктыра албайт. Баш оору дагы башка ооруларга окшоп өзү тууралуу “эй, токто. Мага бир нерсе жетишпей жатат” деп маалымат берет. Мына ошол белгилер аркылуу сиз баш оорунун кайсы түрү менен ооруп жатканыңызды аныктаныз.

Жогорку кан басымы

Белгилери. Баш оорунун эң көп кездешкен бул түрүндө эки жактан кысып жаткандай баштын өйдөңкү бөлүгү жана кежиге ооруйт. Көбүнчө эртең менен же катуу стресс алганда кармайт. Бул учурда адам эки чекесин кармап, башы артка тартылгандай болуп чалкалай берет. Оору жарым сааттан бир жумага чейин созулушу мүмкүн. Убагында дарыланбаса, адам инсульт алып калышы ыктымал.

Себеби. Катуу стресс алганда, дайым депрессияда жүрсө же баш менен моюндун булчуңдары жаракат алганда пайда болот. Айрым учурда жогорку кан басымы тукум кууйт.

Дарылоо. Баш оору башталганда ооруну басаңдатуучу дарыларды ичип жүрүү туура эмес. Бул учурда дарыгерге барып кан басымын текшертиңиз. Кан басымынын дарысын анын көтөрүлүп же түшкөнүн билбей туруп ичпеңиз. Таза абада сейилдеп, жеңил физикалык көнүгүүлөрдү жасасаңыз болот.

 

Шакый

Белгилери. Баштын бир капталы 4 саатка чейин же андан ашык убакыт ооруйт. Алгач оору бир капталынан башталса, көп өтпөй экинчи капталга: өйдөңкү жаак, көз жана моюнга өтөт. Бул учурда адамдын башы айланып, кускусу келет жана жарыкты көп карай албайт. Кээде көзү булаңкыр көрүп, тердеп, алсырайт. Шакый кармаган учурда жүрөк айланып кусушу мүмкүн. Ал эми айрымдарда баш айланып, көрүүсү, угуусу начарлап, таттуу жегиси келип баштайт.

Себеби. Мээни кан менен камсыз кылуу начарлаганда шакый пайда болот. Мындан тышкары кан басымынын жогорулап же төмөн түшүп кетишинен да шакый оорусу келип чыгат. Акыркы учурларда дарыгерлер “баштагы кан тамырлар кеңейип, мээнин функциясынын бузулушунан шакый пайда болот” деп айтып келишет. Илимде шакыйдын 20 пайызы мурун чыдагыс жыттан, катуу үндөн, тамекинин жыты сыяктуулардан пайда болору аныкталган.

Дарылоо. Мындай илдетке кабылгандарга дарыгерлер ооруну пайда кылуучу көрүнүштөрдөн качуусун сунушташат.

 

Бир көз же анын тегерегинин оорушу

Белгилери. Баш оорунун бул түрү менен көбүнчө эркектер ооруйт. Оору баштын бир тарабында көзгө жакын аймакта пайда болуп, ал 15 мүнөткө чейин созулуп, көздөн жаш чыгуу жана көздүн ичи кызаруу менен коштолот. Оору күч алганда адам кыймылдамак түгүл, сүйлөй албай калат.

Себеби. Белгисиз.

Дарылоо. Оорунун бул түрүн дарылоо кыйын. Эгер бейтапка аба жетпей демигип жатса, анда аны кислород терапиясы аркылуу дарылашат.

 

Мээнин шишиги

Белгилери. Баш оору эртең менен же түн жарымда пайда болуп, сыздатып катуу ооруйт. Ооруганда башың шишип кеткендей болуп салмактанат, бирок дайыма эмес. Баш оору кусуу менен коштолот. Бул көрүнүш тез-тезден кайталанып, убакыт өткөн сайын күчөйт. Тез аранын ичинде адам арыктап, сылтып басып, көзүнүн көрүүсү начарлай баштайт. Бул белгилер сизде же жакын адамыңызда байкалса, тезинен мээсин текшертүү керек.

Себеби. Мээнин көлөмүнүн чоңоюшу баш сөөк ичиндеги кан басымынын жогорулашына алып келет. Бул алгачкы себептеринин бирине кирет.

Дарылоо. Шишиктин пайда болуусуна жана анын жайгашуусуна жараша дарылашат.

 

Баш сөөктүн ичиндеги кан басымы

Белгилери. Көбүнчө эртең менен турганда эки чыкыйы, чекеси жана желкеси сынып, башты эки тараптан кыскандай катуу ооруйт. Жүрөк айланып кусат, уйкусурайт, эс тутум менен кабыл алуусу начарлайт. Кан басымы көтөрүлгөндө же түшкөндө баш айланат, тердейт жана булаңкыр көрүп олтуруп көзү азиз болуп калат.

Себеби. Мээ шишип баш сөөктүн ичине батпай калуусу, жүлүн ичинде суунун толуп кетиши, мээ ичиндеги шишиктин пайда болушу, мээ ичинде жаракаттан улам пайда болгон уюган кандын чоңоюшу, кан айлануунун бузулушу негизги себептерине кирет.

Дарылоо. Өз алдынча үй шартында дарылоого болбойт. Дарыгердин кеңеши менен гана дары-дармектерди кабыл алуу зарыл.

 

Баш сөөктүн ичиндеги кан агуу

Белгилери. Капысынан баштын ар кайсы бөлүгү, өзгөчө кежиге катуу ооруп баштайт. Андан соң адам уйкусурап, алсырайт. Эгер кан агуу баштан алган жаракаттан улам пайда болсо, анда кандын агуусу көбөйгөн сайын көздүн көрүүсү начарлап, сүйлөй албай булдуруктап, көңүлү айнып кусканы токтобойт. Акырындык менен кабыл алуусу начарлап, суроолорго кеч жооп берсе, бирине жооп бербейт. Жыйынтыгында эс-учун жоготуп кулайт. Эгер оору өтүшүп кеткен болсо, анда капысынан эле эс-учун жоготуп кулап калышы мүмкүн.

Себеби. Баштын кан тамырлары жаракат алганда, кан басымы жогорулап кан тамыр жарылып кеткенде, баш сөөктүн ичинде пайда болгон шишик чоңоюп жарылып кеткенде, кан менен камсыз кылуу жетишсиз болгон кезде, кокаинге көз каранды болгон учурда пайда болот. Бирок басымдуу бөлүгү аны тез эле байкай алышпайт. Кан тамыр жарылып кеткенде гана анын кансырап калганы билинет.

Дарылоо. Дарыгерлер баш сөөктүн ичинде пайда болгон гематома мээни сыкпаш үчүн аны тазалайт. Бул учурда дарыгерлер кан агуунун себебин аныкташат. Эгер кансыроо кулагандан кийин пайда болсо, анда ал кийин кайталанбашы мүмкүн.

 

Чыкый сөөк оорусу

Көбүнчө 50 жаштан өтүп калгандарда кездешет. Убагында дарыланбаса, көзү азиз болуп калат.

Белгилери. Уйкусуздук күч алат, депрессияга түшөт, салмагын тез таштайт, денесин калтырак басат жана алсырайт. Кээде дене табы жогорулайт жана баш терисинде кызамыкка окшогон кызыл бүртүкчөлөр чыгып баштайт. Мындан тышкары ийин жана моюндары уюп, булчуңдарына чейин оорушу мүмкүн.

Себеби. Суук тийүү, ар кандай жаракат алуу, дарыгердин сунушу жок көрүнгөн дарыны иче берүү, спирт ичимдиги жана күнгө катуу күйүп калуу бирден-бир себептерине кирет.

Дарылоо. Кан тамырлардын суук тийүүсүн айыктыра турган дары-дармектер сунушталат.

 

Баш ооруган учурда төмөндөгүлөрдү жасабаңыз:

Алкоголдук ичимдиктерди ичпеңиз. Себеби алкоголь ичимдиктери тамырларды кеңейтип баш ооруну убактылуу кетиргени менен оору кайра эки эсе катуу пайда болот.

Тамеки тартуу. Никотин тамырларды тырыштырып ооруну дагы күчөтөт.

Башка музду коюу. Баш оорунун кээ бир түрлөрүндө башка муз коюуга болбойт. Мисалга алсак, кан басымы жогоруларга муз коюу менен анын абалын күчөтүп аласыз.

Ооруну жеңилдетүү үчүн экинчи таблетканы ичүү. Дары кабыл алгандан кийин да баш оору токтобосо, экинчи таблетканы кабыл албай тезинен дарыгерге кайрылуу керек.

 

Өнөкөт баш оорусу барлар төмөндөгү азыктардан баш тартуулары керек:

Сыр, ышталган балык, колбаса, тооктун боору, кызыл шарап, жаңгактын курамындагы тирамин аттуу амин кычкылы баш ооруну күчөтөт.

Шоколаддын курамындагы фенилэтиламин заты баш ооруну пайда кылат.

Тамакка кошулуучу кошулмалар, иштелип чыккан азык-түлүктөр, өзгөчө кытай ашканасынын соустары да баш ооруну чакырат.

Аспартамдын курамындагы Е 961 заты да баш ооруну күчөтөт. Аспартамды сагыз, газдалган суусундуктар, айрым таттуулардын курамынан кезиктирүүгө болот.

 

Даткайым ДОСМАТОВА