Абдилашим ХАКНАЗАРОВ: “АКЧАМ БОЛСО ҮЙ-БҮЛӨМДҮ КАЙТАРЫП АЛМАКМЫН”

“Жашоонун сыноосунан алыс качып кутула албайсың” деген чын тура. Бул жашоодо алты саның аман, ата-эне, бир туугандарың кашыңда болсо, андан өткөн байлык жок эмеспи. Бүгүнкү күндө жалгыздыктан жадап кыйынчылык күндөрдү башынан кечирип жаткан каарманыбыз арманын мындайча баяндап берди.

 

 

“Жашообуз ойдогудай уланып жаткан...”

– Өзүм Баткен облусунун Кара-Бак айылынан болом. Келинчегим экөөбүз бир айылданбыз. Сүйлөшүп жүрүп ата-энебиздин уруксаты менен баш кошконбуз. Үйлөнгөндөн кийин айылда ата-энемдер менен жашап жүрдүк. Эки балалуу болгондон кийин өз алдынча иштеп бутубузга туруу максатында шаарга келгенбиз. Тилекке каршы, келерибиз менен эле жумуш табыла калган жок. Батирден-батирге көчүп кыйналып, айылдан чогултуп келген акчабыздын түбүнө жеттик. Анан Кудай жалгап иш табылып “Дордой” базарында араба түртүп иштеп калдым. Мурдагыга караганда жашообуз бир азга оңоло түшкөндөй сезилгени менен ичкен-жегенибиз менен батирден артпай бирине тартсак, бирине жетпейт. Келинчегим бала менен үйдө да, жалгыз кишинин тапканы берекесиз болот экен. Ошондой болсо да өз алдыбызча оокат кылып жатканыбызга сүйүнүп жашап жаттык. Эптеп тырбалаңдап жүрүп тааныштар аркылуу арзан жер тилкесин сатып алып там салганбыз. Өз үйүбүзгө киргенден кийин кубанычыбызга кубаныч кошулуп келинчегимдин боюнда болуп калды. Ай-күнү жеткенде доктурлар “ден соолугу начар экен, өзү төрөй албайт” дешип операция кылып төрөтүшкөн. Ошондон кийин “үч жылга чейин төрөгөнгө болбойт” дешкенинен сактанып жүрүп эле капысынан үчүнчү балабыз боюнда болгонун билбей калдык.

 

“Келинчегимдин бөйрөгү иштен чыгып калды”

– Келинчегим ай-күнүнө жетип үчүнчү ирет операция болуп көз жарды. Тилекке каршы, ушундан кийин бөйрөгү жарактан чыгып иштебей калды. Заарасы денесине тарап шишип, баса албай ден соолугу кескин начарлап кетти. Айлам кетип ооруканага алып барсам текшерип көрүшүп кайрадан операция кылышты. Көрсө, ичинде кан уюп калган экен. Ошондон кийин аз-аздан заарасы чыгып калганы менен баары бир бөйрөгү мурдагыдай болбой калды. Доктурлар ачык эле “гемодиализ алып туруш керек, болбосо жашай албайт” дешти. Эмчектеги балабызды келинчегимдин туугандарына бергенге аргасыз болдук. Эптеп кезекке жазылып башында гемодиализди 3-4 жолу бекер алдык. Кийин акча төлөп ала баштадык. Бара-бара ага да дареметим жетпей калды. Бир жолку гемодиализ үчүн 6 миң сом сарпталат. Акча таппай гемодиализ албай калган күндөрү жаны көзүнө көрүнүп үнү Кудайга жетет. Акыркы күндөрү акча таппай таптакыр айлам кеткенде келинчегимдин ата-энесин шаарга чакырганга туура келди.

 

“Мени үйдөн кууп чыгышты”

– Кайнене-кайнатамдар айылдан мал-жандык сатып акча ала келишкен экен, жакшы эле жардам беришти. Бирок кылгандарын колко кылып “сен аялыңды бага албайсың. Минтип араба тартып иштеп жүрсөң, кайдан тапмак элең?” дешип мени жемелегендери көбөйө баштады. Мен болсо тапкан акчамды аларга берем. Кээде кулак-мээм тынч болсун деп ар кимден карыз сурап өзүмдүн тапканымдын үстүнө кошуп алып барып кайнатамдын колуна тапшырам. Ага дагы ыраазы болбой: “Бул акчаңды балдарыңдын ичкен-жегенине жумшайбызбы же аялыңабы?” - деп мени жаш балача тилдейт. Балдарымды мага жолотпой калышты. Кагуу сөз уга берип акыркы күндөрү үйгө дагы баргым келбей калды. Жубайымдын азабын тартып жүрүп балдарыма таптакыр көңүл бурбай калган элем. Ошондон улам бир күнү жумуштан балдарыма таттууларды көтөрө келгем. Чоң жаңжал ушундан башталды. “Акча жетпей жатса, сен эмнеге буларды алып келесиң? Сенин колуңдан эч нерсе келбейт. Кыйратып тапкан акчаң жок, кызымды өлтүрүп тынат окшойсуң” деген сөздөр жаа болуп жүрөгүмө сайылып жатты. Ооз ачып сүйлөй албадым, көп акча табыш колумдан келбесе, кантем. Ошентип, үйдөн чыгып кетүүгө аргасыз болдум. Кетип бара жатып келинчегим менен коштошсом, “сени менен жашаганга каршы эмесмин. Ата-энемдин сөзүнөн чыга албайм”, - деди. Мен баарын түшүнүп колума эки көйнөгүмдү көтөрүп чыгып кеттим.

 

“Үй-бүлөмдү айылга алып кетип калышыптыр”

– Үйдөн кеткенден бери мечиттерде күн көрүп келем. Жалгыз башыңды багуу оңой болгону менен үй-бүлөсүз жашаган тозоктон айырмасы жок экен. Бир нече күндөн кийин балдарыма жолукканы барсам үй бек экен. Мен кетерим менен айылга үй-бүлөмдү алып кетишиптир. Укканыма караганда айылыбызда колунан келген бирөө жардам берип жаткан экен. Гемодиализди ошол жактан алып жатыптыр. Аны укканда абдан ызаланып ичим эзилди. Акчамдын жоктугунан минтип үй-бүлөмдөн ажырап мусапыр болуп отурам. Өз ата-энем деле мага жардам берер алдары жок. Азыр жалгыз эмне кыларымды билбейм. Балдарымды сагынам. Акчам жетиштүү болсо, мындай азапты башымдан өткөрбөйт элем.

 

Алмагүл БАЗАРБАЕВА