Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып, бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

Адис

Туулган жылы: 1990-жыл 1-январь

Кесиби: юрист

Иштеген жери: убактылуу бош

Жердиги: Жалал-Абад шаары

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Ыймандуу, туруктуу, жылдыздуу, сылык, мамилечил

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0778 42 47 45

– Мен ата-энемдин көзгө басар жалгыз уулумун. Атам менен апам мени татыктуу тарбиялап, жогорку билимдүү кылышты. Эми алардын уулунун сыйын, келининин кызматын көрө турган мезгили келди. Жашымды өткөрбөй ата-энемди кубандырып чыныгы турмуш баштайын деп турам. Мага Жалал-Абад жеринин гана кыздары керек. Жашы 20дан 25 жашка чейин болуусу шарт. Билимдүү болсо абдан жакшы болот. Андан да маанилүүсү - бекем ыйманы. Келинчегим атам менен апама ысык чайын берип, аларга жакшы мамиле кылган адам болсо деп тилейм. А мен, Кудай буюрса, жакшы күйөө болууга абдан аракет кылам.

 

Нурбек

Туулган жылы: 1988-жыл 9-август

Кесиби: түрк тилинен котормочу

Иштеген жери: убактылуу бош

Жердиги: Ош шаары

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Акылдуу, туруктуу, билимдүү, сылык, шайыр

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0770 15 13 23

– Мен келинчегим менен эки жыл жашагам. Тилекке каршы, жашообуз трагедия менен аяктап калды. Ал тууралуу чалган айымдарга гана айтып берейин. Балам жок. Чет жерде жүрүп мекениме келгениме аз эле убакыт болду. Ошол себептүү убактылуу иштебей элемин. Алдыда көп жакшы пландарым бар. Мен Ош жеринин 25-27 жаштардагы кыз-келиндери менен таанышкым келет. Баласы болсо багып алууга каршы эмесмин. Оюмдагыдай айым табылса, үйлөнүүгө даярмын.

 

Сыдыгалы

Туулган жылы: 1957-жыл 7-сентябрь

Кесиби: мугалим

Иштеген жери: мектепте кесиби менен иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Базар-Коргон району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Түшүнүктүү, акылдуу, чынчыл, аракетчил, жаман адаттары жок

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0771 08 11 67

– Менин эки балам бар. Алардын энеси менен жыйырма жылдай бирге жашадым. Бирок мындан төрт жыл мурун ал Орусияга иштеп кетип жок болду. Балдары да артынан кеткен. Мени менен эч кимиси кабарлашып, катташпайт. Жалгыз жашоо жаман экен. Аябай жүдөп, жадап кеттим. Ошондуктан жаңы жашоо баштоом керек. Бул кадамыма эч ким жолтоо боло албайт. Мага 40 жаштын тегерегиндеги айымдар керек. Бир баласы болсо бардык жагынан камсыздап багып ала алам. Бишкектик, оштук болсо жакшы болот эле. Мендей жалгыздык жанына баткан айымдар чалыңыздар, биргелешип оокат кылалы.

 

Азамат

Туулган жылы: 1967-жыл 22-февраль

Кесиби: айдоочу

Иштеген жери: кесиби менен иштейт

Жердиги: Жалал-Абад шаары

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Туруктуу, ыймандуу, боорукер, чынчыл, таза

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0705 45 04 49

– Аялым менен жыйырма жыл бирге жашап бир уулдуу болгом. Мындан сегиз жыл мурун аялым жаман дартка кабылды. Канча айла кылганыбыз менен болбой, акыры жармашкан дарт жанын алып тынды. Уулум үй-жайлуу болуп өз турмушун куруп кеткен. Менин турмуш курам дегениме каршы эмес. Мага 40 жаштан 50 жашка чейинки айымдар керек. Жердиги мааниге ээ эмес. Баласы болсо багып алам. Энесин жактырып “жакшы” деп, баласын “жаман” демек белем. Ал наристе бизге эрмек болот дегендей. Чын дилинен чыныгы үй-бүлөлүк жашоону каалаган айымдар чалыңыздар.

 

Бакыт

Туулган жылы: 1973-жыл 24-май

Кесиби: ширетүүчү, жыгач уста

Иштеген жери: дыйканчылык менен алектенет

Жердиги: Ысык-Көл облусу Ак-Суу району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Түшүнүктүү, ыймандуу, боорукер, ден соолуктуу

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0705 24 05 73

– Мен ушул жашка чейин жакшы аял таппай жүргөнүмө байланыштуу турмуш кура элекмин. Ата-энем бар. Бирок мен алардан бөлүнүп өз алдымча жашайм. Мага 25 жаштан 42 жашка чейинки кыргызстандык кыз-келиндер керек. Баласы болсо деле мейли, бир баланы багып алам. Анан дагы балалуу болгум келет. Башка талаптарым жок. Чалыңыздар.

 

Бурулай

Туулган жылы: 1975-жыл 18-март

Кесиби: жок

Иштеген жери: тигүүчү болуп иштейт

Жердиги: Нарын облусу Ат-Башы району

Кандай сапаттагы мырзалар жагат? Арак ичпеген, тамеки чекпеген, туруктуу иши бар, эмгекчил

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0771 01 05 34

– Жолдошум менен 10 жыл жашадым. Тилекке каршы, арак жашообузга кедергисин тийгизип ортодогу кызыбызга карабай ажырашып кеттик. Ал ичип келип тынчыбызды алып, ар дайым ызы-чуулуу жашоо болуп калган. Мындай жашоодон кутулганы өз күнүмдү өзүм көрүп, кызымды карап келдим. Эми жаш күнүмдө өзүмө татыктуу адамга жар болуп жакшы жашоодо күн кечиргим келет. Мен бир гана нарындык жана чүйлүк 38 жаштан 44 жашка чейинки мырзалар менен таанышам. Баласы болсо кызыма кошуп багып, тарбия берүүгө даярмын. Ал адам да менин кызымды кабыл алууга даяр болсо дейм.