Баланы чүнчүткөн чүчөк курту

Кээде бала алсырап, тамакка табити ачылбай, бир нерсеге кыжыры келип калат. Жаш балдар таттуу, майлуу тамактан бөлөк эч нерсени жебей, сабактан начарлап, ичи ооруп арыктай баштаса, анын заңын сөзсүз түрдө текшерип көрүүнү унутпаңыз. Анткени баланын ичиндеги чүчөк курту ушундай абалга алып келет.

 

Чүчөк курту кайдан жугат?

– Сыз, кир топурактуу жерлерге отуруудан;

– Кир ич кийим кийүүдөн;

– Чүчөк курту бар бала тырманганда тырмагынын астына курттар жабышып, тамак-ашка, идиш-аяктарга, буюмдарга жугат. Алар аркылуу башка бирөөнүн же өзүнүн оозуна өтүп жаңы чүчөк инфекцияларын пайда кылып көбөйтөт;

– Чүчөк курту көтөн тешиктин сыртына эле миңдеген жумурткаларды туугандыктан төшөнчүлөргө түшүп бир үй-бүлөнүн баары жабыркашы мүмкүн.

 

Белгилери

– Баланын тамакка болгон табити жоголот;

– Таттууну көбүрөөк жей баштайт;

– Ичиндеги курт майлууну талап кылгандыктан майлууну көбүрөөк жейт;

– Башы ооруп, эч нерсени сүйбөй калат;

– Көңүлү айланып кускусу келет;

– Уктап жатканда тишин кычыратат;

– Кабыл алуусу, эс тутуму солгундап, мектепте окуган балдардын сабак окуусу начарлайт;

– Арыктап алсыз болуп калат;

– Болбогон нерсеге кыжырданып, ыйлагысы келе берет.

 

Алдын алуу үчүн...

– Тамактанар алдында жана дааратканадан кийин сөзсүз балаңыздан колун жуусун талап кылыңыз;

– Тырмагын өстүрбөй дайым кыска кылып алып туруңуз;

– Үй жаныбарлары менен ойногондон кийин колун жуудуруңуз;

– Жемиштерди тазалап жууп туруп, анан бериңиз;

– Чийки сууну ичирбеңиз, кайнатылган суу бериңиз;

– Талаа-түскө, жерге эмес, дааратканага гана отургузуңуз. Даараткананы болсо таза кармаңыз;

– Тырмагын кемирүү, колун оозуна салуу сыяктуу терс адаттары болсо, алардан арылтыңыз.

 

Бактыгүл Жанкойлиева, балдар педиатры: “Чүчөктү дарылабаса, бала эрте жашынан гастритке кабылат”

– Бактыгүл айым, айтсаңыз, чүчөк курту деген эмне өзү?

– Чүчөк – бул адамдын ичинде жашаган курттардын бир түрү. Ал түз ичегиде жашап, ак түстө болот. Эркектеринин узундугу 5 миллиметрди түзсө, ургаачылары 1,5 сантиметрге чейин болушат. Алар өтө тез көбөйүшөт. Адамдын организминде зыянсыз курттар болот, бирок гигиенаны сактабаганда алар көбөйүп мына ушул чүчөктүн пайда болушуна алып келет.

– Чүчөк көтөн чучукту кычыштырганын билебиз, андан башка кандай зыяндары бар?

– Ооба, чүчөк курту баланын түз ичегисинде жашагандыктан көтөн чучукка агылып түшүп кычыштырат. Ал ичегинин ички былжыр кабыгына сайылып жашагандыктан ичке кан тамырлар канап, майда жарага айланат. Ичегинин ичин каптаган мындай жаралар анын жалпы сезгенүүсүнө алып келет, аллергия пайда болот. Көпкө дарылабай жүрө берген учурда бала арыктап, унутчаак болуп, тез чарчайт. Уйкусу качып, түнкүсүн заара ушатып койгон адатка кабылат. Акыры невроз же дагы башка психикалык ооруларга дуушар болушу мүмкүн. Же болбосо ичеги-карын органдарынын иштөөсү бузулуп, бала кичинекейинен гастритке чалдыгышы ыктымал.

– “Кыз баланын кыздык белгисин жеп салышы мүмкүн” дешет, ушул чынбы?

– Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Курт аябай ичке, кичинекей болгондуктан кыздык белгини жегенге алы жетпейт. Бирок түз ичегиден жатынга курттар агылып кирген учурда бала колун салып тырмаганга аракет кылышы мүмкүн. Мына ушул учурда кыздык белги жабыркайт.

– Чүчөктү кантип аныктайсыздар?

– Эгер кичинекей балада чүчөктүн белгилери байкалса, сөзсүз кан тапшыруу керек. Кандын анализи курттун бар же жок экенин дароо аныктайт. Мурда үч күндүк заңын текшерчүбүз, бирок андан жакшы көрүнбөй калышы мүмкүн.

 

Чүчөктү элдик медицина менен дарылоо

1-ыкма: Сарымсак

Эки тишче сарымсакты майдалап туурап, үстүнө кайнатылган бир аз муздак сууну куюп аралаштырасыз. Аралашманы чай кашык менен балаңызга жедирип, артынан бир стакан суу жуткуруңуз. Бул ыкманы 3 күн катары менен кайталасаңыз, чүчөктөн кутуласыз.

 

2-ыкма: Ашкабактын данеги

100 г кургатылган ашкабактын данегин майдалап эзиңиз. Андан соң үстүнө зайтун майынан 5-6 тамчы кошуп жакшылап аралаштырыңыз. Бул аралашманы кечинде жасап түнгө калтырыңыз. Эрте менен ач карын бир чай кашыктан бериңиз. Ичкенден кийин 3 саат өткөн соң тамактандырыңыз. Бул ыкманы эки күндө бир 10 жолу бериңиз.

 

4-ыкма: Кызылча ширеси

Эки даана кызылчаны шире сыккычтан өткөрүп аласыз. Эртең менен, кечинде 2 чоң кашыктан эки жума бересиз.

 

5-ыкма: Лимон ширеси

Чүчөк дарылоодо лимондун таасири да өтө чоң. Ал үчүн бир стакан кайнак сууга бир лимондун ширесин сыгып аралаштырып 30 мүнөт тыныктырып коюңуз. Суусундук катары бат-баттан бере берсеңиз болот. Ичин жумшартып тазалап, заңы аркылуу курттар чыга баштайт.

 

6-ыкма: Капустанын ширеси

Чүчөк курттар кычкыл, ачуу нерселерди сүйө бербейт. Ошондуктан туздалган капустанын ширесинен тамактан кийин эки маал бир стакандан ичирүүгө аракет жасаңыз.

 

Алмагүл БАЗАРБАЕВА