Чыйканды элдик ыкма менен дарылоонун жолдору

Чыйкан жаз мезгилинин оорусубу, айтор, аталган илдет менен жабыркагандар жаз маалында күч алат. Аны медицинадан тышкары үй шартында элдик ыкмалар менен дарылоого да болот. Чыйкандын душманы болгон айрым каражаттар төмөнкүлөр.

 

Фикус гүлү

Фикус гүлүнүн бир жалбырагын майдалап ботко жасаңыз. Жасалган боткону бир кабат дакиге ороп жаранын үстүнө коёсуз да, үстүн полиэтилен баштыгы менен жабасыз. Андан соң бинт менен байлап таң атканча калтырасыз. Ушул эле ыкма менен чийки картошкадан компресс жасасаңыз да болот.

Ак кайыңдын жалбырагы

2-3 ак кайыңдын жалбырагын ысык сууга бир салып алган соң ага кир самындан сүртүп шишиктүү чыйкандын үстүнө басып байлап коюу керек. Компрессти 2 саат кармап, чыйкандын өзөгү чыккыча жасай бериңиз.

 

Алоэ гүлү

Өтө чоң эмес алоэ гүлүнүн жалбырагын тең экиге бөлүп, жара чыккан жерге коюп эки саат кармаңыз. Ушундай эле ыкма менен тыйын гүлүнүн жалбырагын да койсоңуз болот. Ал дагы чыйкандан арылууда дарылыгы күчтүү каражаттардын бири.

 

Бал

1 аш кашык таза балга ундан кошуп аралаштырасыз. Даяр болгон соң чыйкандын үстүнө коёсуз. Тамыры чыккыча кайра-кайра жасай бериңиз.

 

Пияз менен кир самын

Пиязды тең ортосунан төрткө бөлүңүз да, духовкага салып кичине ысытып алыңыз. Ысыган пиязды майдалап туурап, ага алдын ала сүргүчтөн өткөрүлгөн кир самынды кошуп аралаштырасыз. Бирдей массага келген соң шишиктүү жаранын үстүнө коюп таңып, бир сутка кармайсыз. Компрессти шишиктүү жаранын өзөгү чыкканча күн сайын коё бериңиз.

Каакым

Каакымдын жалбырагынан 1 чай кашык жана анын тамырын чай демдегендей 1 стакан кайнак сууга 3 саатка чейин демдеп коёсуз. Тундурма даяр болгон соң бир күндө 1 аш кашыктан ар эки саатта бир 6 жолу ичүү керек. Аталган тундурма канды тазалап экинчи жолу чыга турган чыйкандын алдын алат.

 

Гречка

1 стакан гречкага толтура муздак суу куюп 6 саат коюп коёсуз. Алты саат өткөн соң стакандагы гречканы блендерге салып майдалайсыз. Масса даяр болгон соң ар 4 саатта бир алмаштырып чыйкан толук айыкмайынча компресс жасап турасыз.

 

Петрушканын тамыры

Бир түп петрушканын тамырын кыргычтан өткөрүп аябай майдалап алган соң кир самынга аралаштырып жаранын үстүнө шыбап байлап коёсуз. Компрессти 4-5 сааттан чыйкандын өзөгү чыгып, ириңден толук айыккыча жасоо зарыл. Компресс жасап жаткан маалда эки саатта бир петрушканын жалбырагын демдеп алып ичип туруңуз. Ал ичтеги жана кандагы бактериялардан тазалап, чыйканды тез айыктырат.

 

Чыйкан

Чыйкан инфекциядан улам чыккандыктан ал нымдуу жерлерге, көбүнчө моюнга, колтук алдына, жыныс органдарынын айланасына, көкүрөккө шишиктүү жара сыяктуу кызарып дөмпөйүп чыгат. Чыйкандын өзөгү чыкмайынча шишик кол тийгизбей ооруйт. Чыйкан кичинекей буурчактан грек жаңгагындай болгуча чоңоёт.

 

Чыйкандын чыгуусуна эмне себеп болот?

– Бактерия дененин, түктүн алдына, тагыраагы, тамырына чейин тереңдеп кирип кетет.

– Өздүк тазалыкты сактабагандан. Анткени дайым тердеп жүрүү теринин коргоочу касиеттерин жоготуп, жыйынтыгында инфекция кирип кетүүгө жөндөмдүү болуп калат.

– Суук тийип катуу чыйрыгып калуудан.

 

Белгилери:

– Алгач чыккан жер томпоюп кызарып, күн өткөн сайын көлөмү чоңоё берет. Бул көрүнүш оорунун коштоосунда жүрөт.

– Шишиктин көлөмү чоңойгон сайын адамдын дене табы көтөрүлүп, жара чыккан жер жана баш ооруйт. Тамакка болгон табит жоголуп, адам алсырай баштайт.

 

Эскертүү:

– Эгер чыйкан үч күнгө чейин чоңоюп, бирок шишиктүү жаранын өзөгү чыкпай дене табы түшпөй койсо, жаңы жаралар бетте же жыныс мүчөнүн тегерегинде пайда болсо, анда тезинен дарыгерге кайрылуу зарыл. Себеби чыйкан өтүшүп кеткен учурда дененин башка жерлерине да чыгып баштайт.

– Чыйканга компресс жасарда же аны кармап көрөр алдында колуңузду кир самындап жууп, андан соң арак же спирт менен сүртүп алыңыз.

 

Даткайым ДОСМАТОВА