Нуркыз: “Кырктан аштым, дагы деле бактым ачыла элек”

Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Нуркыздын абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок.

– Мен 1975-жылы төрөлгөм. Үй-бүлөдө ата-энем, эжем жана эки иним элек. Кезинде ата-энемдин демилгеси менен элден калбай эсепчинин окуусун аяктагам. Бирок кесибим менен деги эле иштеген эмесмин. Мен окуу жайды аяктаган жылдары азыр дүркүрөп турган тигүүчүлүк иштер жаңы гана башталган эле. Апамдан өткөн кол билгилигимди ишке салып, акчасы жакшы деп тигүүчүлүктү аркалап калгам. Дырылдаган машинелердин арасында кездемелердин чаңын жутуп иштеп келе жатканыма быйыл жыйырма жыл болот. Жыйырма жыл! Эмне деген убакыт?!

***

Чынын айтсам, эгемендиктен кийинки эл кыйналып турган маалда ишим жакшы болуп уучтап акча таап, ата-энем менен бир туугандарыма каралашканыма абдан сыймыктанчумун. Ала качуунун курмандыгы болуп, ал турсун кыз каадасы менен сөйкө салынып кетип жаткан кыздар да мага эң аянычтуу көрүнчү. Өзүм деги эле турмуш курууну ойлонуп койбой жасанып алып ишке барып-келип жүргөнүмө куштар элем. Апамдын куда болууну каалап, эшик кагып келгендер тууралуу айткан кептери тим эле итиркейимди келтирчү. Ойлосом менин минтип күйөөдөн качып калуума деле чоң себеп болбоптур. Болгону мен акчаны сүйүп, дүйнө-мүлк алууну адат кылып, ошону менен ооруп калгам. Бир күнү иш кызуу жүрүп аткан маалда мени сыртка чакырып атат дешти.

– Кандайсың, Нуркыз, жакшы жүрөсүңбү? – Күлүп-жайнап салам айткан менин мектептеги курбум экен. Окууну аяктап эле күйөөгө тийип кеткен.

– Жакшы, өзүң кандайсың? Күйөөң?

Эмнеге келгенине таң калганымча болбой өзү айтып калды:

– Шаарга кайнежемдин там тоюна келгенбиз. Балдарга аянтты көргөзгөнчө сага учураша кетейин дегем.

Мен аз жерден “эки бала менен жүдөп жүрүп эми да боюңда бар экен, кыйналбай үйдө эле отурсаң болмок, же эс алууга акчаң ташып аткан го” деп тийишип ие жаздадым. Балдарынын биринин оозу-мурдун тазалаганча, бири качат. Курсагын челкилдетип анысынын артынан жүгүрүп мени менен деле жарытылуу тура алган жок. Анын мындай жүдөмүш абалынан заматта тажап кеттим.

– Мейли, жакшы бар, мен иштешим керек. Буга балдарыңа таттуу алып берип кой. – Чөнтөгүмдө болгон акчам ушул экен, эки жүз сом сундум.

– Ко-ой, мынча акчаны жөн кой. Мен жай эле учураша кетейин дегем.

– Бул мен үчүн майда эле акча. – Мен чындап мактанып айттым.

Бул учурда мен 27 жашка келип калган элем. Көлгө ата-энеме барган сайын коңшу-колоңдун “күйөөгө качан кетесиң?” дей бергенинен тажап айылга да мурдагыдай көп каттабай калгам. Бул маалда же үй, же машине алышым керек деп ишке биротоло баш-отум менен киришип кеткем. Калп айткан менен болобу, жумушту сапатын арттыра жасаган жагынан алдыма киши салбайм. Кайсы тигүү цехине барбайын заматта кылган ишим менен оозго алынып, мактоо угам. Бул нерселер мага ого бетер шык берип ишке болгон сүйүүмдү арттырат. Жумуш эрте мененки саат 8де башталса, мен 6да келип иш ордума отуруп калам, эл кечинде ишин бүтсө да, бүтпөсө да үйүнө шашып жөнөсө, мен түнкү 10-11 болмоюнча ордумдан жылбайм. Ал турсун кээде кофеден коюу демдеп ичип таң атканча иштейм. Жанымды жанга уруп, баягыдай боёнгонду кой, башымды жууганга алым келбей жүрүп үйгө жеткендей акча чогулткан маалда биздин үй-бүлөнү кырсык басты. Атам жаман илдетке кабылып, дарылатуу үчүн бутубуз жеткен жердин баарына чуркадык. Атам заматта төшөккө жатып калды. Аны ары-бери алып жүргөнүмө деп машине ала калып, акчамды аяган жокмун. Менин минтип акчалуу болуп, бир топ ишти ордунан чечкенге каражатым бар экени баарын кубандырган. Бирок андагы алкыштар да, кубанычтар да убактылуу гана болгон экен. Атам көзү өтөрдө:

– Нуркыз, эжең менен эки уулумдун жашоосунан санаам тынч. Теңин таап алышты. Сенден санаам тынчыбай кетип баратам. Жумушуңду ташта, дүйнө табылат, жашыңды коротпой теңиңди тап, - деди.

Онтоп жаткан атамдын абалы үчүн гана макул деп баш ийкедим.

***

Алыс-жакын туугандар, иштешкендерим, тааныш-билиштер болуп олтуруп колумду сурагандар бир далай болду. Бирок эч кимиси менен таанышып, жолуккан да жокмун. Мага “келиним бол”, “жеңе бол” деп кайрылгандар менин “сенден эр сурап атамбы”, “менин тагдырымды сен чечесиңби” деген кагуумду угуп олтуруп калышчу. Алардын көңүлү мени ойлондурчу да эмес. Акыры менин бул сырымды баары билип бүтүштү окшойт, антип деле эч ким кайрылбай калды. Ушуга сүйүнүп жүргөн күнү апам менен катуу таарыныша кеттим. Апам кепти алыстан баштап келип, акыры айтайын дегенине токтолду:

– Ооз ачса эле кутула тажадыңбы дейсиң, ичиме баткан сыртыма да батасың. Бирок сен тууралуу кептер чыга баштады. Эрсиреп атсаң ар кимге кор болбой бирөөсүн үстүңө киргизип ал. Жабышкан жаман кеп жаман. Сен жөнүндө жаман кеп уккум келбейт.

– Кимди киргизип алмак элем. Эмне кеп?

– Ар ким менен жатып-турганыңды айта башташты. Эрге тийбей жүрүп бузулган жеткен шермендечилик. – Апамдын үнүнөн анын ушак кепке катуу ишенип, мага аябай ачуусу келип калганын байкадым. Жалган кепке курман болуп чырылдаганым менен апамды ишендире албадым.

Ушул окуядан кийин апам менен бир туугандарымдын мага болгон мамилеси солгундап кетти. Баягы кездегидей тапкан акчам, берген белегим аларды кызыктырбай калды. Эми биротоло өзүм менен өзүм болуп калдым.

Бир күнү баягы жаш балдары менен жүдөп келип кеткен курбума кезигип калдым. Мурду куюлган уулдары зыңгыраган кер мурут жигиттер болуптур. Өзү тим эле жапжаш, балдары менен күйөөсүнүн жанында ханыша экен. Же күйөөнүн, же баланын азабын тартпай кара жаным деп жүрүп мен андан бир топ карып кеткенимди байкадым. Мойнумдун териси бошоп, көзүмдүн тегереги майда бырыш. Ичим күйдү, тагдырыма нааразы болдум, убакытты бекерге өткөрүп жүргөнүмө өкүндүм. Бирок баарына кеч болуп калды.

***

Балким эми деле жетишесиң дээрсиз, окурман, бирок андай эмес. Жашоомдо бул кубулуш болбогондо жалгыз бой жүргөн жашоомду өмүрүмдүн акырына чейин артык көрмөк окшойм. Жарым жыл мурун дене табым көтөрүлүп, алым кетип катуу ооруп калдым. Сасык тумоо болсо керек деп айыгышымды күткөн менен оңоло албай койдум. Доктурга барсам климакс деди. Ок жеген аюудай бир тийдим:

– Кайдагы климакс, мен деген турмушка чыга элекмин. Төрөй элекмин.

– А мен эмне кылайын? – Доктур мага таң кала суроо узатты. Өзүм уялып кеттим.

– Кечиресиз, эми мен эмне кылышым керек? – Дарыгерге тагдырымды бир сыйра айтып өттүм. Жашы улгайып калган ак саамай аял мен үчүн абдан кайгырды. Бирок андай кайгыны тең бөлүшүүлөр менин арманымды азайта албай калыптыр. Ошондо гана атам эмнеге арман кылып өлгөнүн, апам эмнеге мен үчүн күйүп-бышып жүргөнүн сездим. Абдан кеч сездим.

Бул маалда жаңы гана үй алгам. Канча жылдан бери ак эткенден так этип жүрүп жеткен үйүм колго тийген соң арзыбаган гана нерсе болуп калды. Заңгыраган там менен жашоом деле өзгөрүп кетпеди. Баягыдай эле таң азандан ишке кетем, түн жарымында келем. Мурда такси тосчу болсом, эми өзүмдүн машинем бар, мурда батирге барсам, эми өз үйүмө келем. Үйгө уктап, кир жууганым эле болбосо башка деле ырахатын сезген жокмун. Анткени үйдү куттуктап, мени менен кошо кубана турган курбуларым да жок экен. Бир цехтен бир цехке, бир батирден бир батирге көчүп, көп эле кыздар менен тааныш, билиш болгом. Бирок бири менен чачылган үй үчүн урушуп, бири менен кездеме талашып жүрүп ырыстуу мамиле күтүп, сый сактабаптырмын.

Апам эми деле турмушка чыгып ал дейт. А мага анын кереги жок. Ушуга чейин кылбаган эми бирөөнүн көйнөк-шымын жууган мага артык баш гана түйшүк. Өзүм бала күтүп мээрим салып көрбөсөм эми кайдан бирөөнүн баласына кам көрө алмак элем. Ансыз да ички органдарым, муундарым ооруп, жаным кыйналат. Көнгөн адат менен убакыт өткөрүш үчүн гана иштеп калдым.

Кебимдин аягында ар кандай арзыбаган нерселерди себеп кылып турмуш курууну артка жылдырган ар бир аялзатына “турмушка чыккыла, жалгыз болбогула” деп баса белгилегим келет.