Президенттердин Катаал өткөн балалык чактары

Бешиктеги баланын бек болорун ким билет демекчи, булардын эл башкарган инсан болорун эч ким билген эмес. Алар жөнөкөй эле жашоодо, айрымдары өтө эле карапайым жашоодо жашашкан. Пешенесине президент болууну буйруган инсандардын балалыгы өткөн күндөргө кайрылабыз.

 

Сугатчы болуп иштеген Алмазбек Атамбаев

2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланып, ошол эле жылдын 1-декабрында расмий түрдө ишке киришкен Алмазбек Атамбаев 1956-жылдын 17-сентябрында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында жарык дүйнөгө келген. Алмазбек Шаршенович массалык маалымат каражаттарына берген интервьюларында балалык чагы жана апасы тууралуу көп эскерет. Айтымында, ал карапайым эле үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келип, эл катарында жай турмушта, болгондо да кыш жана жай мезгилдеринде электр жарыгы жок колхоздун багында жашаган. Алмазбек Шаршенович апалардын күнүндө баатыр энелерди куттуктап жатып: “Менин апам өмүр бою колхоздо эмгектенди. Ал алтын, күмүш сөйкө-шакектерди тагынып, кымбат баалуу көйнөктөрдү кийген жок. Башынан көп кыйынчылыктарды кечирди, бирок, бардыгына сабыр кылып балдарынын келечеги үчүн кам көрүүгө бүт күчүн жумшады. Анын акыл калчап иш кылганы жана берген кеңештери ар кандай кырдаалдарда мага жардамга келип туура жолду көрсөттү. Азыр сиздерди карап олтуруп кудум өзүмдүн апамды көргөндөй болуп олтурам”,-деп эскергени бар. Анын бул сөздөрү оор турмушта жашаганынан кабар берип турат. Президентибиз кичинесинде байкелеринин эски кийимдерин кийип жүрүп чоңойгон. Ал башка бир туугандары сыяктуу ата-энесине жардам берүү максатында эгин талааларын сугарып бир учурда сугатчы да болуп иштеген. Кичинесинен тарта от жагып, жүк ташып, короо шыпырып чоңойгон Алмазбек Шаршенович мектепте алдыңкы үлгүлүү окуучулардын катарын толуктаган. Жакшы окуганы жардам болуп кийин эс тартып калганда котормочу болуп да иштеген. Алмазбек Шаршенович анын президент болуусуна окуучулук күндөрүндө шахматты катыра ойногонунун таасири тийгенин айтып калат.

 

Катаал турмушту башынан  кечирген Си Цзиньпин

Си Кытай мамлекетинин башына 2013-жылы келген, 2018-жылга чейин башкарууга укуктуу. Синин атасы Коммунисттик партиянын мүчөсү, министр болуп иштеп турган. Жетишкен жашоодо жокчулукту билбей чоңоюп бара жаткан Синин тагдыры Мао Цзэдун элитадагы партиялаштарынын баарын жок кылуу чечимин чыгарганда талкаланган. 1966-жылы Синин атасын эл душманы атап камакка алышкан. Андан кийин баласынан да өч алуу максатында Сини 1969-жылы Яньчуань деген эң кедей аймакка жөнөтүп жиберишет. Аталган аймакта Си үңкүргө түнөп, кыштын үстүнө жатып уктап жети жыл жашаган. Башынан өткөн оор күндөрдү эскерген Си массалык маалымат каражаттарына берген интервьюларынын биринде: “Бийлик башындагыларды жеңишим үчүн жалгыздыгыма карабай чыдамкай жана сабырдуу болдум. Бардыгына туруштук бердим, жашоонун кыйынчылыгына моюн сунуп жеңилген жокмун”,-деп айткан. Минтип айтканынын жөнү бар эле, анын эжесин мектепте “эл душманынын кызы” деп бөлүп, кыйнашканда эжеси ага чыдабай өз өмүрүнө өзү кол салган. Мамлекет Синин атасын катуу ур-тепкиге алып кыйнап, көп жылдар бою изолятордо кармагандыктан ал киши эркиндикке чыкканда эки баласын тааныбай калган.

 

Чалгынчы болууну эңсеген Владимир Путин

Владимир Путин 1952-жылы 7-октябрда Ленинградда жарык дүйнөгө келген. Ал карапайым үй-бүлөдө тарбияланганын көп эскерет. “Дем алыш күндөрү апам капуста менен пирожки жасап берер эле. Ошол күндөргө ушул элестер жетелеп барып тургандыктан балалыгым өткөн үйдү такыр унутпайм”,- деп айтуу менен апасы анын дзюдо менен машыкканын такыр жактырбаганын кошумчалайт. Машыктыруучусу ата-энесине жолугуп баласынын дзюдо боюнча жетишкен ийгиликтерин айтып мактаганда гана апасы жемелегенин токтотуп, баласына кылган мамилеси өзгөргөн. Ал сөз укпаган тентек болгондуктан 6-класска чейин биринчи сабакка такай кечигип келчү экен. Вера Дмитриевна Гуревич аттуу мугалими Путиндин жакшы окууга жөндөмү бар экенин байкап Путиндин атасына жолугуп, баласын окууга кызыктырууга жардам берүүсүн суранган. Бирок эч майнап чыккан эмес. Ошондо көчөдөгү балдар менен ойноого убактысы болбой тургандай кылып толгон-токой тапшырмаларды берип баштайт. Акырындык менен Путин өзү эле сабакка кызыгып жакшы окуп, жыйынтыгында жүрүш-турушу жана алдыга койгон максаттары дагы өзгөрөт. Мектепти бүтүп жаткан жылы ал чалгынчы болууну каалап КГБнын башкармалыгынын кабыл алуу бөлүмүнө барганда жогорку окуу жайдын юрист адистигине ээ болуп келүүсүн же армияга барып кызмат өтөп келүүсүн айтып кайтарып жиберишет. Алардын берген көрсөтмөсү боюнча Путин 1970-жылы Ленинград Мамлекеттик Университетинин юридика факультетине тапшырган. Юрист адистигине ээ болгон Путин КГБнын мектебине тапшырып аны 80-жылдардын башында аяктаган.

 

Таенесинин колунда чоңойгон Барак Обама

Афроамерикалыктардан биринчи жолу АКШнын президенти болгон Барак Обама 1961-жылы 4-августта жарык дүйнөгө келген. Обама төрөлгөндөн кийин ата-энесинин никеси көпкө созулбай эки башка жолго түшүшөт. Атасы Кенияга кетип башкага үйлөнүп алат, апасы индонезиялык кишиге турмушка чыгып андан бир кыздуу болот. Обама атасын акыркы жолу 10 жашында көргөн. Ал эми апасы 1995-жылы онкологиялык оорудан каза тапкан. Обама 4-класска чейин Джакартада апасынын колунда өсүп, кийин Гонолулуда жашаган таенесинин колуна келет. Таенеси аны элиталардын балдары окуган жеке менчик мектепке берип эртели-кеч небересинин артынан жүргөн. Окуучулук кезде баскетбол командасына кошулуп штат ичиндеги жарышта биринчиликти багындырган. Бирок Барак Обама үлгүлүү окуучулардын катарын толуктаган эмес. Себеби ал массалык маалымат каражаттарына берген интервьюларынын биринде жаштыгында наркотик жана алкоголдук ичимдиктер менен тааныш болгонун айткан. Окуу жылы аяктаган соң Лос-Анжелестеги Колумбия жогорку окуу жайына дүйнөлүк байланыш адистигине тапшырат. Дипломго ээ болгонго чейин Нью-Йорктогу Эл аралык бизнести изилдөө организациясында эмгек жолун баштаган.

 

Таякесинин үйүндө жүрүп билим алган Нурсултан Назарбаев

1940-жылдын 6-июнунда Абиш жана Альжан Назарбаевдердин үй-бүлөсүндө көптөн күттүргөн уул төрөлөт. Ага Нурсултан деп ысым берилгени менен аны үйдөгүлөр Султан деп чакырышкан. Балалык чагы согуш мезгилине туш келгендиктен ал дагы катаал турмушту башынан кечирип ачкачылыкты көргөн. Атасы мал чарбачылыгы менен алек болгондуктан дайыма анын жанында малга чөп салып, сугарып, эркектерге тиешелүү жумуштардын бардыгын жасап чоңойгон. 1948-жылы Фурманов атындагы казак-орус орто мектебине барып 3-класска чейин атасынын таякеси Умбеттин үйүндө жүрүп окуган. Себеби, ал кезде Абиштин айыл жеринде өз үйү жок болчу. Кийинчирээк ата-энеси Нурсултан мектепке барган Чемолган кыштагына отурукташып калышкан. Апасы Альжан баласы окуп жатканда үйгө эч кимди киргизбей, алтургай ойногону келген досторун да баласынын окуусуна жолтоо болот деп кууп жиберип турган. Нурсултан окуу жагынан башкаларга үлгү болуп алдыңкы орунда турган. Анын китепке болгон кызыгуусу күч болгондуктан колуна тийген китептердин бирин дагы калтырбай окуп турчу. Ошондой эле апасынын ата-теги тууралуу айтып берген уламыштарын кызыгуу менен угуп, ар бирине анализ жүргүзгөндү жакшы көрчү. Ал аябай сөзгө чечен болгондуктан бир көргөн адамы менен тез арада тил табышып, көп өтпөй аны менен тамашалашып ойногонго да үлгүрчү экен.

 

Жетим балдар үйүндө  тарбияланган Ислам Каримов

Элин катаал режим менен башкарган президенттердин катарына Өзбекстандын мамлекет башчысы Ислам Абдуганиевич Каримов да кирет. Ал 1938-жылдын 30-январында Самарканд шаарында жарык дүйнөгө келген. Бирок анын балалык чагы жетим балдар үйүндө өткөн. Айрым массалык маалымат каражаттары Ислам Абдуганиевичтин жетим балдар үйүндө өскөнүнүн себебин төмөндөгүдөй жазышат: Атасы Абдугани уурулук менен тор артында 1936-жылдан бери олтурган болот. 1941-жылы эркиндикке чыгып үйүнө келсе, жубайы тажик кызы Санобар Ислам аттуу 3 жаштагы уулун тарбиялап жаткан болот. Жубайынан башкадан балалуу болгонун түшүндүрүп берүүнү талап кылганда Санобар Абдугани экөөнүн ортосундагы Исламга чейинки үч баласын ачарчылыктан сактоо үчүн ошол кездеги Самарканддын эң бай адамы еврей улутундагы Искак Мирзокандов менен болгонун айтып күнөөсүн мойнуна алган. Узакка созулган чырдан кийин Абдугани жубайына бир талап коюу менен аны кечирерин айткан. Анын талабы боюнча жубайы никесиз төрөлгөн баласын жетим балдар үйүнө өткөрүү керек эле. Жолдошунун талабын аткарууга аргасыз болгон Санобар кичинекей Исламды Самарканддагы жетим балдар үйүнө калтырып кетет. Ата-Мекендик согуш башталган жылы боорукерлик кылып колуна алып келип багып, согуш бүтөрү менен кайрадан жетим балдар үйүнө жеткирип коёт. Ата-энеден алыс өсүп эр жеткен Ислам Ташкенттеги Орто Азия политехникалык жогорку окуу жайына инженер-механик адистигине тапшырат. Кийин карьера жасоо үчүн Ташкент эл чарбачылыгы институтун экономист адистиги боюнча бүтүргөн.

 

Даткайым ДОСМАТОВА