Саната ЖУМАКАДЫРОВА, тележурналист: “Роль жаратуу да, продюсерлик кылуу да оңой иш эмес экен”

Жакында «Ызы-чуу» деген кызыктуу аталыштагы кинокомедиянын жарык көрөрүн эшиттим. Тасманын артында кандай сюжет, максат бар экенин билгим келип, аталган тасманын продюсери Саната Жумакадырованы маекке тарттым.

– Сизди алып баруучу катары таанып келсек, жакынкы күндөрдө продюсер, актриса катары да көрө алат экенбиз да?

– Алгач кино тарткан чыгармачыл топтун балдары мага: “Сиздин фактураңызга туура келген жакшы роль бар, аткарып бербейсизби”?-деп калышты. Бирок мен дароо макулдугумду берген жокмун. Анткени актрисалыктын талаптарына жооп бербей туруп мындай жоопкерчиликтүү жумушту моюнга алган кыйын. Ошол себептүү мен дагы макул болгондон чынында корктум. Режиссёрду дагы кыйнап коёмбу деп бир топко чейин ойлонуп жүрдүм. Бир күнү кино картинанын жетекчиси өзү чалып:“Сизди тандадык, келиңиз”-деди чечкиндүү. Өздөрү тандап жатышкан соң бул жаатта да өзүмдү сынап көрөйүн деген чечимге келдим.

– Анан өз сыныңыздан өттүңүзбү?

– Мага режиссёрум жардам берип жол көрсөттү. Кээде кыйналып жаттым. Жакшы аткарып койгон жеримден кол чабышып: “Оо, мурда эле актриса болсоң болмок экен”,-деп коюшса төбөм көккө жетип булардын дем-күчү мага стимул берип жатты. Мен көбүрөөк кыйналган жерим - Нурбек байкени кучактап, ага эркелеген жерлерим болду. Ошол жерлерине келгенде уялып режиссёрлорду да тажаттым. Анын аялын көз алдыма элестетип алып ого бетер уялам. Акырында “10 мүнөткө күйөөм кылып көрөйүн” деп аябай аракет кылып жатып жыйынтыгында мыкты ойноп бердик.

– А продюсерлик милдетти кандайча аткарып калдыңыз?

– Кино тартууда түйшүк абдан көп болот экен. Топто беш мырза, кыздардан жалгыз мен болгондуктан ары-бери жүгүрүп балдарга жардамдашканга туура келди. Кылган аракетимдин арты менен кино ортолоп калган кезде баары бир ооздон мени продюсер кылып шайлашты. Иш жүзүнө келгенде бул жумуш абдан эле оор экен. Бул менин алгачкы тажрыйбам болду десем болот. Киного керектелүүчү каражаттар менен камсыз кылуу, топ менен иштөө кыйын болду чынында. Бирок сценарийин алтообуз отуруп чогуу түзүп, чын дилибиз менен киришип эми минтип эл алдына тартуулаганы турабыз.

– Эмне себептен “Ызы-чуу” деп атадыңыздар? Негизи тасма эмне тууралуу?

– Башында ар кандай ысымдарга токтолуп жатканбыз. “Алты батир” деп атап койсокпу деп да ойлондук. Бирок карап көрсөк биздин чыгармачыл топ “ызы-чуу” деп көп сүйлөйт экенбиз. Анын үстүнө кино өзү ушундай. Аялы курбусуна жазган смс кат жолдошунун телефонуна түшүп калып, ызы-чуу ушундан башталат. Андан сырткары баш каарман Нурбек Саматов жашоодо абдан тамашакөй, ызы-чуу менен жүргөн жигит экен. Мына ушулардын баарын эске алып жазында элге ызы-чуу жараталы деп “Ызы-чуу” деген атка токтолдук.

– Тасмада Нурбек экөөңөрдөн башка дагы кимдер роль жаратты?

– Бишкек шаардык драма театрынын мыкты актёрлору ойноп беришти. Андан сырткары буга чейин бир канча клиптердин ажарын ачып келген модель кыз Оруна Шабралиева да кинонун көркүн ачып берди. Ал эми кинону тарткан режиссёр - Кубат Шамшиев болду. Бул агайыбызды билсеңиздер керек, мурда Коомдук телеканалдагы “Кызыкча” деген көрсөтүүнү да тарткан. Бул адамдар менен бир чөйрөдө чогуу иш алып барганыма абдан сыймыктандым.

– Сиздерге каражат жагынан кимдер колдоо көрсөттү?

– Жогорку Кеңештин депутаты Афтандил Кулбараков каржы жаатынан жардам көрсөттү. Ал маданиятты, анын ичинен кино чөйрөсүн түшүнүп, жаш балдарга түрткү болгон инсан экен. Бизге дагы жакшы сөзүн айтып, колунан келген жардамын берди. Андан сырткары “Eврострой” курулуш компаниясынын жардамы менен кино тартылды. Ал эми апаларыбыз тасма талаасына тамак ташып бизге дем-күч берип жатышты. Ошентип, киного кеткен чыгым жалпысынан алганда 20 миң доллардын тегерегин түздү.

 

Алмагүл БАЗАРБАЕВА