Нурсултан Майназаров: “Турмуш курууга даярмын”

Тамашоунун жигиттерин клиптен, кинодон, тойдон, сахнадан, айтор, болгон жерден кездештирүүгө мүмкүн. Бүгүн көпчүлүктөн айырмаланып салмактуу жана келечектүү иштер менен алек болуп келе жаткан тамашоучу жигит менен тааныштырабыз. Бул мырзанын жүрөгү бош эмес болсо дагы кыргыздын акылдуу кыздары аны менен таанышуу аркылуу болочоктогу мырзасынын кандай болушу керектигин элестетип алса керек.

Толук аты-жөнү: Майназаров Нурсултан Ажыбекович

Туулган жылы: 1991-жыл

Кичи мекени: Нарын облусу Нарын району жалгыз-Терек айылы

Билими: Эл аралык Ататүрк Ала-Тоо университетинин бүтүрүүчүсү, учурда аспирантурада 2-курста окуйт

– Нурсултан, эл көзүндөгү адам болууну балалыктан бери кыялданып келгенсизби?

– Жок, менде эч кандай андай ой болгон эмес. Бирок ар дайым эл чордонунда болуп келгем. Андыктан бул мага кадыресе эле көрүнүш. Мисалы, университеттин КВН курама командасында ойночумун. Ошол жүрүш менен келип 2008-жылы Тамашоудо ойноп калдым. Тамашоу мени эл менен мурдагыдан да жакындатып, эл алдындагы адам болуума башат болду. 2011-жылы Анкара-Бишкек теле-көпүрөсүн түз эфирде алып баруу менен алып баруучулукка карай кенен жол ачылды. Бул арада Нурзат Токтосунова эжекем, Эркин Рыскулбеков байкелеримден сабак алып, такшалдым. 2013-жылы болсо КТРКнын Түнкү каналын, кийин “Коом жана дин” долбоорун орус жана кыргыз тилдеринде алып бардым. 2014-15-жылдары болсо “Бирге окуйбуз” теледолбоорунун 52 берүүсүн алып баруу милдетин аткардым. Ошентип биринин артынан бири уланган иш чаралар менен эл алдында болуп келе жатам.

– Аталган долбоорлордун ичинен сизди элге таанытканы “Бирге окуйбуз” долбоору болду окшойт. Балдар менен иштөө кыйын эмес бекен?

– Мен ага чейин тарбиячы болуп иштеп, бул жагынан да тажрыйба топтогом. Андыктан анчейин деле кыйынчылык жараткан жок. Эфир тартылганга чейин да балдар менен көнүшүп, даярдык көрчүмүн. Кичинекей балдар менен иштешүүмдүн ийгиликтүү болушуна менин бир туугандардын улуусу болгонум да кайсы бир деңгээлде пайдалуу болду окшойт. Менден кийин төрт иним бар, кенжелерибиз эгиз.

– Кандай үй-бүлөдө төрөлүп, тарбиялангансыз?

– Жакшы үй-бүлөнүн уулумун деп сыймыктанып айта алам. Атам Майназаров Ажыбек спорт чебери. Кезинде кыргыздын атын чыгарган спортчу болгон. Апам – үй кожойкеси. Балдарын тарбиялап, аларды эне мээримине бөлөп өстүргөн асыл адам.

– Ата-энени келиндүү кылууну ойлонгон убакыт келип калса керек?

– Учурда жактырып, келечектеги өмүрлүк жарым катары тандаган адамым бар. Буюрса, ушул жылы той болот деп турабыз.

– Аялзатындагы кайсы артыкчылыкты сыйлайсыз?

– Эң алды адеп-ахлагына карап, баа берем. Аялзаты адептүү болсо башкалар менен, коом менен болгон мамиле өзү эле жөнгө салынат деп ойлойм. Ал эми жүрөгүмдү ээлеген адамды мен эч кандай өзгөчө талап койбойстон жөн гана адам катары жактырып, тандагам. Ага болгон сезимдеримди төгүп-чачып айта берүүнү жактыра бербейм. Ал эми бири-бирибиздин сүрөттөрүбүздү үйлөнүү тоюбуздан кийин гана жарыялайбыз деп макулдашканбыз.

– Мырза турмуш курууга даяр болуу үчүн эмнелер менен камсыз болуусу керек?

– Бир аалымдын “эгер мүмкүн болгондо эркектерге үй-бүлө тууралуу китептерди окутуп, экзамен алып туруп анан ошого жараша турмуш курууга уруксат бермекмин” деген кебин уккан элем.Бул сөздөн улам жыйырма жылдан ашык башка үй-бүлөдө тарбияланып, башка ата-эненин колунда өскөн адам менен жашап кетүү жеңил эмес экени байкалат. Менимче, биринчиден, эркек турмуш курууга акыл-эс жана руханий жактан даяр болуп, үй-бүлөнүн жоопкерчилигин толук өз мойнуна алган деңгээлге жетүүсү керек. Жигиттин үйү же авто унаасы болбосо эч нерсе эмес. Негизгиси бара-бара ошонун баарына жете тургандай кылып даярдап алган максаттары, пландары болушу керек. Башкысы ушул.

– Тамашоунун жигиттерин кинолордон көп көрөбүз. Тасма талаасы сизди кызыктырабы?

– Буга чейин “Одноклассники” деген тасмага тартылгам. Бирок киного түшүү менин ишим эмес окшойт, убактым да жок. Деги эле менин багытым башкача экен. Учурда өзүм негиздеген “MAINAZAROV team”деп аталган компанияны жетектөөдөмүн. Компаниябыз тууралуу айта кетсем, биз расмий жана жеке болуп эки тармакта иш алып барабыз. Расмий иш чараларга чоң курулуш компанияларынын, соода борборлорунун форумдары, презентациялары, ар кандай жолугушуулары кирет. Ал эми жеке иш чаралар үйлөнүү той баш болгон ар кандай тойлор жана туулган күн сыяктуу чакан кечелер. Мына ушунун баарында биз кардардын талабына ылайык орус, кыргыз, англис, түрк тилдеринин биринде ишти алып барып, кеченин жүрүшүн баштан аяк өз жоопкерчилигибизге алып кызмат көрсөтөбүз. Биз иш баштаган 2013-жылдан бери туруктуу кардарларыбыз пайда болуп, кулачыбыз кенен жайылап баратат. Мисалы былтыркы жылдагы Энелер күнүндө орусиялык ырчылар келип ырдаган мамлекеттик деңгээлдеги иш чараны бизге ишенип тапшыргандары биз үчүн чоң сыймык.

– Сиздердин кызматты пайдаланууну каалагандар буйрутманы кандай шартта бере алышат?

– Биздин команданын максаты – кардарга бардык жактан ыңгайлуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүү. Буйрутма берүүнү каалаган кардар кеңсебизге келип шашпай олтуруп болгон талабын айтса, анын оюна өз пикирибизди кошуп, программасын түзөбүз. Расмий да, жеке да иштердин программасын мүнөттөрүнө чейин түзүп чыгып, ошонун алкагынан ашпай иш алып барабыз. Ал эми кызмат акыбыздын орточо баасы 650 доллар. Коноктордун санына жана кардардын абалына карап бул сумманы азайтабыз же көбөйтөбүз.

– Диний роликтер менен диний иш чараларды көп алып барасыз, динге мамилеңиз кандай?

– Алхамдуллила, мусулманбыз. Динибизди сыйлап, талаптарын аткарып келем. Айтылган диний иш чаралар менен да динибизге кызмат кылып калсам экен деген ниеттемин.

 

Гүлайым Калыбекова