Балдар менен чогуу ойнолуучу оюндар

Көпчүлүк ата-энелер балдары менен чогуу ойноо үчүн кантип оюн уюштурууну биле беришпейт. Алар менен кызыктуу оюн ойноо үчүн бир топ оюндар бар. Булар аркылуу балдар көп тажрыйба алышат. Демек, балаңыздын ар тараптуу өнүгүшү үчүн салым кошкуңуз келсе, балаңыз менен чогуу ойноңуз.

 

“Үй-бүлө” оюну. Мында улуу балдарыңызга ата-эненин ролун берип, кичүү балдарыңызга алардын “балдары” экенин айтып ойнотуңуз. Кадимки үй-бүлө сыяктуу базарга, конокко барып күнүмдүк кайталануучу иш-аракеттерди аткаруу менен алардын турмуштук тажрыйбасы артат.

 

“Бала бакча” оюну. Мында балаңыз менен улам роль алмашып бала бакчадагы иш-аракеттерди кайталап ойноңуздар. Сиз тарбиячы, балаңыз тарбиялануучу, же сиз тарбиялануучу, балаңыз тарбиячы болуп дегендей. Бул оюн менен балаңыздын сиз жокто бала бакчада өзүн кандай алып жүргөндүгүн, тарбиячысынын кандай иштеп жаткандыгын билесиз.

 

“Оорукана” оюну. Улуу балаңыз же өзүңүз доктур болуп, кичүү балаңызга бейтаптын ролун берип дарылоо, кабыл алуу сыяктуу иштерди аткартып ойнотуңуз. Бул аркылуу балдардын доктурдан коркуусу жоголот.

 

“Өзгөчө кырдаал” оюну. Мында улуу балаңыз куткаруучу, сиз тележурналист же оператор, а кичүү балаңыз кооптуу абалга түшүп калган адамдын ролун аткарсын. Бул аркылуу балдар аталган ролдордун эмне кызмат аткарарын эле эмес, өзгөчө кырдаалдарда кантип сактануу керектигин да үйрөнүшөт.

Ымдоо-жаңсоо оюну. Мында улуу балаңыз же өзүңүз алып баруучу болосуз. Башкача айтканда, бир ырды үнүңүздү чыгарып окуйсуз жана ошол эле учурда колуңуз менен ырдын мазмунуна жараша кыймыл-аракеттерди жасайсыз. А балаңыз сизди кайталайт. Муну менен балаңыз көп жаңы нерселерди үйрөнөт, көңүл буруусу, кабыл алуусу өнүгөт жана дене тарбиялык көнүгүү да жасаган болот.

 

Шааркан АБДУЛЛАЕВА