Кыйма салттуу медицинада жана элдик түшүнүктө

Көбүнчө бала итий болгон учурда, башкача айтканда, күн нурунан ала турчу D витамининин жетишсиздигинен чачтын түшүүсү келип чыгат. Муну элдик ыкмада кыйма деп аташып, ар кандай ырымдарды колдонуп келишет. Мына ушул кыйма тууралуу салттуу медицина эмне дейт да, элдик медицинанын өкүлү эмне дейт?..

 

Кыйманын пайда болуу себептери

D витамини, фосфор, А, В микроэлементтеринин жетишсиздиги;

Эненин кош бойлуу кезинде витаминдүү азыктар менен тамактанбоосу жана белокту көп колдонуусу;

Кош бойлуу кезде нерв ооруларына чалдыгып, аз кыймылдоо;

Тез-тез бойго бүтүү, бойдон түшүү жана көп төрөгөндүк;

Баланы убагы менен эмизбөө жана эмчектен эрте чыгарып салуу;

Баланы уйдун сүтү менен тамактандыруу;

Кошумча сүт азыктарын эрте берүү;

Таза аба, күн нурунун жетишсиздиги.

 

Шайгүл Салбарова, балдар педиатры: “Андай караңгылыкты жасап баланын ден соолугун бузуп албагыла”

– Шайгүл айым, кыйма деген эмне өзү? Ал эмнеден пайда болот?

– Мурда кыргыздар жаш балдардын чачы түшүп ооруган илдетти кыйма деп атап келишкен. Азыр медицинанын тили менен рахит деп аталат. Кыргызча которгондо итий болот. Итий - бул эрте жаштагы 2 айдан 2 жашка чейинки балдардын оорусу, жалпы зат алмашуу жана фосфор менен кальций заттарынын алмашуусу. Ал сөөк жана ички органдардын функцияларынын бузулушу менен мүнөздөлөт. Анын негизги себеби болуп D витамининин жетишсиздиги эсептелинет. Же болбосо баланын организминин тез өсүшүнө байланыштуу анын фосфор, кальций туздарына болгон муктаждыгы күчөгөндөн келип чыгат.

– “Кежигеден башталган жол кулакка жеткенде көз чалыр болуп калат” дешет айылдагы апалар. Медицинада деле ошондойбу?

– Кежигеде түшүп баштаган чач D витамининин жетишпестигинен кабар берет. Эгер ага маани бербей койсок, витаминдин жетишпестиги күчөйт. Натыйжада чачтын түшүүсү токтобой жол узара берет. Ооба, бул илдет көздүн чалыр болуп кыйшыйып калышына алып келет. Анткени организмдеги жүрөк-кан тамыр клеткалары жана башка органдардын көпчүлүгү баш мээдеги нерв системасы менен түздөн-түз байланыштуу. Ошол себептен нервге күч келгенде көзгө дароо таасирин тийгизип чалыр болуп калат.

– Чалыр болгондон кийин айыктыруу мүмкүн эмес болсо керек?

– Баланын организми 5 жашка чейин бардык нерсени бат кабыл алгандыктан айыктыруу толук мүмкүн. Азыр замандын өнүгүп турган мезгилинде баарын оңдоп алууга болот. Биздин практикабызда мындай балдар көп эле кездешет. Аларды атайын көз доктурларга жөнөтөбүз. Алар көздүн функциясын текшерип, ошого жараша көз айнек тандап беришет. Аны белгилүү убакытка чейин тагынуу сунушталат. Ал эми убагында дарылабай жашы чоңоюп кеткенде чалыр көздү оңдоо, албетте, мүмкүн болбой калат.

– Эмнеге шаарга салыштырмалуу айылдагы балдарга кыйма көп түшөт?

– Ооба, чындыгында эле ошондой. Анткени айылда жашагандар күн сайын бир мүнөздүү гана тамактарды колдоно беришет. Кош бойлуу мезгилде көпчүлүк аялдар талгакты кандырып каалаган тамагын жей алышпайт. Төрөгөндөн кийин да сүт аркылуу балага өтүш үчүн витаминдүү жашылча-жемиштерди күнүнө жок дегенде бир-экиден жеп туруу керек. Жаңы өсүп келе жаткан бала нан, чайдан эч кандай жетиштүү витаминдерди ала албайт. Мына ушулардын баары биригип келип баланын ден соолугуна таасирин тийгизбей койбойт.

– Бул илдетти медицинанын жардамысыз эле кыргызчылык кылып айыктырып жүрүшөт, буга кандай карайсыз?

– Бул туура эмес, баланын ден соолугу чың болбой турса дарылабай коюу мүмкүн эмес. Медицинада буга жол берилбейт. Мисалы, биз бала төрөлгөндөн баштап витаминдерди берип баштайбыз. Күзүндө төрөлгөн балдарга жазга чейин берилет. Азыр ымыркайларга арналган эң жакшы витаминдер чыккан. Анан витамин деп эле нормасынан көп берүү болбойт. “Бир тамчы” деп айттыбы, ошондой өлчөмдө гана берүү керек. Бат айыгат деп 3-4 тамчыдан бергендер бар. Тескерисинче, ашыкча витамин терс натыйжасын берип бала кусат. Ал эми кошумча тамактарды 6 айдан баштап гана берүүнү түшүндүрөбүз.

– Бирок кыргызчылык кылып айыктырган фактыларды көрүп жүрөбүз...

– Кыргызчылык кылып айыктыруу бул жөн гана дал келүү деп ойлойм. 90 пайыз медицина болсо, 10 пайыз кыргызчылык жардам берет. Бирок 37 жылдан бери иштеген доктур катары айтып кетейин, эч качан мындай караңгылыкты жасап балдардын ден соолугун бузуп койбогула. Ал убактылуу жардам бергени менен андан аркы ден соолугунун чың болушуна кепилдик берүү кыйын. Ошондуктан энелерге кош бойлуу кезде, төрөгөндөн кийин да дарыгердин көзөмөлүндө болууларын сунуштайт элем. Анан бир гана эненин толук кандуу сүтү менен азыктандыргыла.

– Кыйма орус улутундагыларда да кездешеби?

– Кыргыздарга салыштырмалуу орус улутундагыларда бул илдет жокко эсе. Анткени алар алдын ала пландап төрөп өзүнө да, балага да толук кандуу кам көрүшөт. Биринин артынан бирин төрөй беришпейт. Убагында дарыгерге кайрылып кеңештерди алып турушат. Ошондуктан кыйма көбүнчө кыргыз балдарында көп кездешет.

 

Кыйманы айыктыруучу ырымдар

Кемеге түшкөн адамга чачты кырдыруу

Мурда ыйык Меккеге барып келген адамды кемеге түшкөн деп билишкен. Ошол себептен “кемеге түшкөн адам чачын алса, ыйык жерден келген адамдын тилеги кабыл болот” дешкен.

Ысык нан кесип

Ысык нанга куран окуп, аны жылымык кылып башына коюп тегерете кесип ырымдоо. Муну менен “Кудай өзү айыктырат” деп ниет коюшкан.

Бөрүнүн өтү менен

Бөрүнүн өтүнөн кичине алып чыныдагы жылуу сууга салса, ал сары болуп эзилип калат. Аны бардык мүчөсүнө, эмгегине, таңдайына сүйкөйт. Бул ырым үч күн катары менен жасалат.

Ит көйнөк

Баланын кийимине өлгөн иттин башын ороп, эч ким көрбөгөн жерге, алыс талаага алып барып таштайт. Баланын өзүн да үч шаршемби ошол жерге алып барып оонатат. Сен көр, мен көр жок болот.

Эшекке жем берип

Эшекти пайгамбар да минген. Эшекти арам дегенибиз менен көп дарылык жактары бар экенин биле бербейбиз. Баланын топусуна жем салып эшекке жедирип туруп, аны тазалабастан туруп балага кийгизет. Анын шилекейинен жийиркенбей бергенде гана натыйжасы болот.

 

Гүлүйпа апа: “Кыйманы ырымдап эле айыктырып келгенбиз”

– Гүлүйпа апа, сиз кыйма деп эмнени түшүнөсүз?

– Кыйма илгертеден бери келе жаткан жаш балдардагы кездешүүчү илдет болуп саналат. Кийин эле кыйма деп аташпаса, биз көбүнчө “быжы” деп койчубуз. Баланын желке чачтары түшүп, тегерете жол түшө баштайт. Ошол жол жаман нерсеге алып барбашы үчүн этегин тосуп бууп, дары-дармектин жардамысыз эле кыргызча ырымдарды жасап айыктырып алабыз.

– Балдарды ырымдаганыңызга көп болдубу?

– Ооба, көп жыл болуп калды. Өзүмдүн апам балдарга дем салып кыргыздын ырым-жырымын кылып айыктырчу. Эсимде, адамдар үйгө балдарын алып келгенде кызыгып апамдын жанына отуруп алчумун. Балким, мага апамдан өтсө керек. Кийинчерээк апам каза болгондон кийин мен дагы өзүмдүн уул-кыздарымды ырымдап баштагам. Анын үстүнө өзүм эгиздин түгөйүмүн. Илгертеден эгиз төрөгөн энелер, эгиздин түгөйү болгон аялдар балдарды ырымдап келген. Анын ырымы сөзсүз балага өтөт деп ишенишкен. Мен дагы бүгүнкү күнгө чейин ырымдарды кылып келе жатам.

– Өзүңүздүн балдарыңызды эле ырымдайсызбы же башкаларды дагыбы?

– Негизинен мурда өзүмдүн балдарымды ырымдап келсем, азыр неберелеримди ырымдап турам. Кээде мени угуп, көрүп, билгендер баласын көтөрүп келсе “жок” дебей ырымдап берем. Кыргыздын ырымдары жөн жерден чыккан эмес, натыйжасы болгон үчүн колдонуп келишкен. Биз дагы унутта калтырбашыбыз керек.

– Ырымдагандан кийин дароо айыгып кетеби, кандай ырымдарды колдоносуз?

– Дароо айыгып кетпесе дагы бир жумада барып айыгып калат. Кыскасы, ырымдаганда сөзсүз андан ары күчөбөй, токтойт. Бир топ ыкмаларды колдоном.

 

Алмагүл БАЗАРБАЕВА