Нариман ТҮЛЕЕВдин кызы Назгүл: «Атамдын алты саны аман кутулуп чыкканына Жаратканга ыраазымын»

Мындан бир топ убакыт мурун коррупциялык иштер боюнча айыпталып экс-мэр Нариман Түлеев камакка алынган. Минтип 7-майда бошотулуп, учурда үй-бүлөсүнүн кашында бактылуу күндөрүн улантып жаткан чагы. Атасынын укугун талашып, Нарымбаев менен Коркмазовду каматканы менен таанымал болгон Назгүл Түлееваны маекке чакырдык.

– Назгүл, атаңыз жаңы эле абактан чыкпадыбы, учурда кандай сезимде турасыз?

– Атамдын абактан чыкканына бир жумадан ашты. Бул күндү биз көпкө күткөнбүз, андыктан ар бир мүнөтүбүз баалуу болуп турган чагы. Учурда үй-бүлөсү абдан кубанычта болуп, бош убактыбызда дайыма атамдын жанындабыз. Чогуу олтуруп, чогуу тамактанып, бир жактарга бирге барып жүрөбүз. Мурда атам дайыма жаныбызда жүргөндө ал күндөрдүн канчалык баалуу экенин көп сезбептирбиз, эми ар бир бактылуу көз ирмемдин баасын сезип атабыз.

– Канча убакыт сиздер менен бирге болгон жок?

– Атам абакта туура төрт жыл жатты. Тактап айтканда, 2012-жылдын 22-июнунда кармап кетишкен, 2016-жылдын 7-майында эркиндикке чыкты. Төрт жыл аралыгы, албетте, биз үчүн оор болду, бирок  атам бизге жаман нерселерди ойлогонго тыюу салган. Ал дайыма: «Бул убактылуу нерсе, жамандыктын арты жакшылык менен бүтөт, эч кандай сарсанаа болбой иштей бергиле», - деп турчу. Белгилүү болгондой, негизи 11 жылга эркинен ажыратышкан, бирок атам эркиндикке чыгуу үчүн «мамлекетке зыян келтирди» делген 60 миллион сомдук чыгымды төлөп берүүгө аргасыз болду. Биздин үй-бүлөлүк бизнесибиз курулуш тармагына байланыштуу болгондуктан акчанын ордуна батирлерди сунуш кылдык. Жыйынтыгында 11 батир бердик. Бирок атам өзүнүн ак экенин далилдейм деп жатат.

– Атаңыздан өзгөрүү байкадыңызбы?

– Мурда абдан күчтүү адам болчу, азыр деле ошондой эле күчтүү боюнча экен. Абак аны сындырган жок, мурдагы калыбында эле чыкты. Негизи атам спорт менен машыккан адам болчу. Абакта да бош убактысын текке кетирбей спорт менен машыгып, туура тамактанып өзүнө кам көрүүнү таштабаптыр. Атамдын ден соолугу чың, алты саны аман кутулуп чыкканына Жаратканга ыраазымын.

– Учурда эмне менен алек болуп атат?

– Азыр жакындары менен болуп атат. Атам камалгандан бери чоң апам абдан азап тартты, азыр катуу ооруп жатат. Учурда атам чоң апамдын жанында. Ошондой эле ден соолугуна кам көрүшү керек, төрт жылдан бери ден соолугун текшерте элек да.

– Атаңыздын укугун талашып жүргөн адам катары сиздин атыңыз көп аталды, эң күйүмдүү кызы болот окшойсуз?

– Атамдын алты баласы бар болсо, мен алардын эң улуусумун. Инилеримдин баары жаш, эң кичүү сиңдим 2 жашка чыкты. Ошондуктан атам үчүн чуркай турган мен болдум.

– Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен депутат Коркмазовду каматып койдуңуз, сизде ошол учурда чочулоо болгон жокпу?

– Мени аларды жыргаганымдан каматты дейсизби. Менден пара талап кылганы чын, бул жерде адилеттик үчүн күрөш болду. Мен эч кимге жамандык кылган жокмун, чындыкты гана айттым. Максатым өзүмдү таанытуу же пиар үчүн эмес экени баарына белгилүү болсо керек.

– Өзүңүз эмне иш менен алектенесиз?

– Мен учурда 29 жаштамын. Мекенибиздеги окуу жайлардын биринен экономикалык жактан билим алгам. Чоң атам биздин үй-бүлөлүк бизнесибиздин башында турчу, ал адам каза болгондон кийин иштери бизге өткөн. Мен азыр чоң атамдын жолун улап үй-бүлөлүк бизнесибиз менен алек болуп келе жатам. Университетти бүткөндөн кийин алгач атама жардам берип иштедим, атам мага баарын үйрөттү, көрсөттү. Акырындан баарын толук үйрөнүп, иштин көзүн таап кеттим.

– Келечекте өзүңүздү саясаттан көргүңүз келеби?

– Мени Нарымбаев аркылуу эле таанып калышпадыбы, болбосо коомчулукка таанылуу, саясатка аралашуу оюмда жок. Балким, келечекте мамлекеттик жумушта иштөө тууралуу ойлоноттурмун, менин азыркы планым - үй-бүлөлүк бизнесибиз менен гана иштөө. 

– Атаңыз мэр болуп иштеп өзүнүн чарбачыл инсан экенин көрсөттү го, үйдө да чарбачылбы?

– Ооба, жумуштагыдай эле үйдө да чарбачыл адам. Бул сапат атама чоң атамдан өткөн деп ойлойм. Атам үйдө баары орду-орду менен, кооз болуп турганын жактырат. Жашоодо ар кандай нерселер болот экен, кандай болгон күндө да атам менен мактана алам. Ал - абдан күчтүү инсан, мен ага окшошкум келет. Өзүм да атама өзгөчө жакынмын. Бирок атамдын атын эч качан пайдаланбайм.

– Саясатта жүргөнүнө көз карашыңыз кандай?

– Атам бала кезинен курулуш тармагына кызыкчу экен, сүрөттү абдан мыкты тартат. Ал эми саясатта жүргөнү - бул атамдын тандоосу, анын жашоосу. Биз ага киришпейбиз, атамдын тандоосун сыйлайбыз. Бирок, албетте, чочулабай да койбойбуз. Атама жамандык каалаган айрым адамдар «мыйзамсыз чыгып кетти» деп айтып атышат, атам эч жакка качкан жок, баарын мыйзам жолу менен чечип келе жатат.

– Балдарынын каалаган кыялын орундатабы?

– Албетте, эч кандай нааразычылыгым жок. Атам биздин каалаганыбызды аткарат, бирок, албетте, «жакшы окугула, иштеш керек, баары даяр болуп асмандан түшпөйт» деген сыяктуу насааттарын айтып турат. Негизи атам талапты абдан катуу коёт. Анан да тамашакөй, кандай ишти болбосун, тамаша менен чечкенге аракет кылат. Ыйлагысы келип турса да тамаша менен кырдаалдан чыгып кетет.

– Ашканага баш багабы?

– Биз бала кезде апам үйдө жок болгондо бат быша турган жеңил тамактардан жасап берчү. Атам студент кезинен өз алдынча болуп баарын өздөштүрүп алганын айтып калат.

– Апаңыз эмне иш кылат?

– Апам - үй кожойкеси, балдар менен үйдө. Атам менен апам көп убакыт мурун ажырашып кетишкен, учурда атам экинчи никесиндеги жубайы менен жашайт.

– Бул үчүн сизде таарыныч болгон эмес беле?

– Анын баары төрт жылда унутулду. Атам камалгандан кийин андай нерселер биз үчүн маанисиз болуп калды.

– Жашоодо эмнеге кызыгат?

– Атам китеп окуганды, саякаттаганды жакшы көрөт. Көңүл ачып, ичимдик ичип жүргөндү жактырбайт. Эң башкысы сергек жашоо образы менен жашайт.

 

Динара ЧОКОЕВА