Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып, бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

Нурик

Туулган жылы: 1988-жыл 7-сентябрь

Кесиби: жок

Иштеген жери: убактылуу эч жерде иштебейт

Жердиги: Ош облусу Кара-Кулжа району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Туруктуу, акылдуу, чынчыл, ишеничтүү, жылдыздуу

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0550 83 32 53

– Буга чейин бир жолу никеде болгом. Бир уулум бар. Келинчегим менен үч жылдай жашаган соң ажырашып кеткем. Ажырашуубуздун себеби сыр болуп кала берсин. Ал тууралуу туш келди айта бергим келбейт. Уулумду өзүм алып калгам. Ажырашып кеткенден кийинки төрт жылда Орусияда иштеп жүрдүм. Мекенге келгениме аз эле убакыт болду. Эми бул жакта болуп турмушумду жолго салып жашасам деген ойдомун. Мен Орусияда жүргөн кезде уулум апамдын колунда болду. Эми өзүм карап, баш-көз болуп, аталык тарбиямды беришим керек. Анан ар бир бала толук үй-бүлөдө чоңойгону жакшы эмеспи. Бул жагына да карап жакшы жар издеп жатам. Мага Ош облусунун 20 жаштан 26 жашка чейинки кыздары керек. Бир баласы болсо уулума кошуп багып алууга макулмун. Негизги талабым ушул: апама ысык чайын берип, балама жылуу мамилесин кылып турса эле болду.

 

Самат

Туулган жылы: 1967-жыл 22-февраль

Кесиби: куруучу

Иштеген жери: кесиби менен курулушта иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Сузак району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Адамгерчиликтүү, туруктуу, чынчыл, боорукер, тыкан

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0776 90 04 67

Өмүрлөшүмдөн айрылганыма быйыл тогуз жыл болот. Ал жүрөк кемтигинен жабыркап жүрүп бизди таштап кетти. Эки уулум бар. Алар турмуштан өз ордуларын таап өз алдыларынча кетишти. Жалгыздыктын мынча жаман экенин билбептирмин. Башыма келгенде анын азабын жакшы эле тарттым. Эми жаныма караан боло турган татыктуу жубай издейм. Менин мындай чечимиме уулдарым каршы эмес. Жалал-Абад, Ош облустарынын 40 жаштан 45 жашка чейинки айымдары менен таанышам. Болгон талабым - калган өмүрдү бирге өткөрүү. Ошондуктан турмушка терең караган айымдарга гана убакыт бөлөм. Баласы болсо мага эч кандай оорчулугу болбойт, бирге жашай беребиз деп ойлойм. Чалыңыздар.

 

Эрнис

Туулган жылы: 1983-жыл 12-апрель

Кесиби: жок

Иштеген жери: ар кандай кара жумуштарда иштейт

Жердиги: Ош облусу Алай району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Келишимдүү, туруктуу, ачык мүнөздүү, таза

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0777 47 48 46

– Мен турмуш кура элекмин. Буга жашоомдогу ар кандай окуялар себеп болуп келди. Эми убакыт-сааты келди окшойт, турмуш курайын деп атам. Мага Ош облусунун тегерегинен 25 жаштан 30 жашка чейинки кыз-келиндер керек. Буга чейинки жашоосу, турмуш шарты мени кызыктырбайт. Баласы болсо багып, тарбиялашууга каршы эмесмин. Ушул талаптарга макул болгондор чалыңыздар.

 

Бактияр

Туулган жылы: 1974-жыл 28-август

Кесиби: жок

Иштеген жери: ар кандай кара жумуштарда иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Сузак району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Акылдуу, ыймандуу, жылдыздуу, намаз окуган

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0777 17 58 14

– Мен атам-энемдин бычакка сап жалгыз уулумун. Буга чейин үйлөнбөй келе жатканыма кыялымдагыдай кыздын табылбай келиши себеп болду. Бирок антип жүрө берсем, өмүр бою жалгыз калчудаймын. Андыктан айрым ойлорумду өзгөрттүм. Мага 35 жаштан 40 жашка чейинки кыз-келиндер керек. Бир баласы болсо деле макулмун. Жердиги биздин районго канчалык жакын болсо, ошончолук жакшы болот.

 

Азамат

Туулган жылы: 1987-жыл 5-ноябрь

Кесиби: сценарист

Иштеген жери: жеке ишкер

Жердиги: Талас облусу Талас району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Илимдүү, билимдүү, акылдуу, туруктуу, сабырдуу

Материалдык байлыгы: үйү, чарбачылыгы бар

Байланыш телефону: 0705 55 75 87; 0554 55 75 87; 0776 55 75 87

– Мен ата-энемдин жалгыз эрке баласымын. Атам менен апам учурда ардактуу эс алууда. Менин турмуш жолун кечиктирип келгеним сизди ойлондураттыр, ал тууралуу жеке таанышууда айтып берем. Анын өзүнчө сыры бар. Эми мага 20 жаштан 25 жашка чейинки нарындык, көлдүк, чүйлүк кыз-келиндер керек. Турмуштан жолу болбой калган келиндер менен да таанышып көрөйүн, балким, бактым ошолордун арасынан ачылар. Бирок баласы барлар убара болбой эле коюшсун. Мен башканын баласына ата боло албайм. Кыздар болсо андан жакшы болот. Мен март айында туулган аялзатына басым жасайм. Андыктан туулган айы ушул айга туура келсе жакшы болот эле. Ошондой эле куру суроолору менен убактымды алышпоосун эскертем. Бир гана чыныгы мамилени, чыныгы үй-бүлөлүк жашоону каалагандар чалыңыздар.

 

Азиреталы

Туулган жылы: 1990-жыл 20-май

Кесиби: жок

Иштеген жери: Орусияда иши бар

Жердиги: Ош облусу Өзгөн району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Акылдуу, туруктуу, келишимдүү, чынчыл, таза

Материалдык байлыгы: эки үйү, малы бар

Байланыш телефону: 0773 54 47 49

 

– Буга чейин беш жыл үй-бүлөлүк жашоону башымдан кечиргем. Жактырып, сүйлөшүп жүрүп алган аялым акыры мени таштап кеткенин жашырбайм. Мындай болушуна анын башка улуттун, тагыраагы, өзбек кызы болушу себеп болду окшойт. Уулдуу болгонбуз, аны ала кеткен. Бирок мен балама барып учурашып, кабарлашып турам. Аялымдын болсо башка жашоосу бар. Бир жыл жалгыз бой жүргөн соң кайрадан үй-бүлөлүк жашоону колго алайын деп жатам. Мага 20 жаштан 30 жашка чейинки Ош, Жалал-Абад жана Чүйдүн кыз-келиндери чалыңыздар. Лөлү менен цыгандан башка бардык улуттун кыздары менен тааныша берем. Бир кызы болсо багып алууга макулмун.