Ууру сезим

 (Башталышы өткөн санда)

Мелистен алыстап кеткиси келгени менен Айнек Күмүштүн үйүнө баргысы келген жок. Мелистин артынан калбай кайда жашарын, ким менен турарын билип алары белгилүү. Бул маселени көбөйтөрүн туйган ал жай гана бет келди басып жөнөдү. Мелис андан калган жок.

– Айнек, караңгы кирип баратат, бас, айылга кетишибиз керек.

– А мен сага «кетем» дедимби, – ырасында Айнек бирөөнүн үйүндө кыйналып, корунуп жүргөнчө «айылга кетип калсамбы» деп ойлонуп бараткан. Бирок күйөөсүнүн бир ооз гана «жүрү» дегенине макул болуп кетип калууну намыс көрүп турду.

– Кетпегенде эмне кыласың, бирөөнү таап алдыңбы?

– Мелис, оозуңа келгенди айтпачы. Урушуп-талашуудан экөөбүздүн тең эле көңүлүбүз калгандай болду го.

– Жай эле айтып атам сага. Болду, эми урушпайбыз. Балдарды ая.

– Балдарды мен эмес, сен аясаң болот эле. Мен да, алар да, ал турсун, ата-энең да жалгыз сенин арагыңдын азабын тартып келатабыз.

– Бирдеме десе аракка асылганың калбай койду го, – Мелис азыр да адатынча аракты коруп чыкты. Ичкени менен аракты жек көргөнүн айткандарды желмогузундай көрөт ал, – арактан башка айтарың жокпу?

– “Аракты таштайм” деп убада бер.

– Макул, - оозу бош араң күңк этти.

– Мындай “макулдун” жүзүн уккам.

– Уксаң эмне кылайын, – Мелис жарым кадам алдыда бараткан Айнекти колдон ала өзүн карай жулкту, – эмне эле каадаланасың ия? Жүзүн уксаң, анда бул жүз биринчиси. Бас.

– Барбайм, - Айнек колунун ооруганына чыдабай берки колундагы сумкасын Мелисти карай шилтеп ийди. Сумканын темири бетин тилип кан сызыла түштү.

– Энеңдурайын десе, - Мелиске шылтоо табылды. Эки жагын карап койбой ошол эле жерден Айнекти тырпыратып сабап жатып калды, - эшек, энеңдурайын. Таза эле көпкөн экенсиң. Жай айтканды укпайсың ээ? Акырын айтып “жүрү” дегенге баспайсаң ээ? Анда минтип кетесиң.

Машинелер тынымсыз агылган чоң көчөнүн аллеясында Айнек күйөөсүнүн жетегинде сүйрөлүп баратты. Мурду кыпчылып ачууланып алган Мелистин бул жоругуна өйдө-төмөн шашкан жандардын бири да кызыгып койгон жок. Алар кайдыгер гана аларды айланып өтүп жатышты. Мелиске дал ушул керек эле. Айнекти бир колунан бошотпой туруп бир колу менен телефонунун баскычтарын терди:

– Алло, жана биз баскан жакка айда. Кеттик айылга.

***

Жол бою алышып-тартышып олтуруп акыры Мелис арагын таштап, чыр-чатак кылбай жашоого сөз берген. Ырас, Айнек балдарынын кашына келген бир жума ичи айтканын аткарып жатат. Бир чаласы - арагын такыр таштай алган жок. Күнүгө бир маал оозунан арак буркурап, тамылжып келет. Адаттагыдай асылып, балдарын чыркыратып ыйлатпаганы үчүн гана Айнек анысына көз жуумп коёт. Бирок келиндин санаасын санга бөлүп, унчукпас кылган нерсе бул эмес, жүрөк дарты. Басса-турса оюнан кетпей, унутулуп калат деген сайын жүрөгүн тыбырчылаткан бир ууру сезим. Анысын өзүнөн башка жан билбейт. Бирөө жарымдын билип калышынан Кудай сактасын.

Тынчтык алар айылга кеткен түнү эле чалган. Ал күнү күйөөсүнөн коркуп телефонун өчүрүп салган. Эртеси Мелистен жашырынып күйгүздү. Дароо арты-артынан смс билдирүүлөр келди. «Айнек, эмне болдуң? Кайда кеттиң? Кабарыңды билдир, барайын». «Айнек, телефонуңду жандыр. Мен сага сарсанаа болуп атам». «Бул эмне кылганың?..» Тынчтыктын минтип ал үчүн тынчсызданганы Айнекти ойго салып койгон. Кабарын билдирбей кетип кабатыр кылганы үчүн өзүн күнөөлүү сезди. Жүз жазып, жүз өчүрүп олтуруп акыры бир ооз гана «мени күйөөм алып кетти» деп жазып жиберди. Минтип ал өз эрки менен кетпегенин билдирип актанган. Бул сүйлөм менен жаңы гана баш көтөрүп келе жаткан махабатына чекит коюлду деп ойлогон. Жок, ошол замат жооп келди: «эмнеге андай кылдың? Жашай аласыңбы?» Мына суроо. Айнек минтип өзүнө собол салып көргөн эмес эле. Болгону маңдайга жазылган жазуу деппи же башка салганын көрөм деппи, айтор, башкалар турсун, өзүн да канааттандырбаган беймаза жашоосуна макул келген. Өзүн эркиндиктен биротоло үмүтүн үзгөн зоопарк жаныбарындай жашап жүргөндөй сезди. Эч качан “мен сүйүүгө, сүйүлүүгө татыктуумун” деп ойлонуп көргөн эмес экен.

***

– Жеңе, сиздин телефон менен WhatsАppка кирип алайынбы? – түшкү тамактанууда балдары менен алагды болуп аткан Айнек 11-класста окуган кошуна кыздын кебине анча маани берген жок.

– Ии, ме, батарейкасы өчкөнү калыптыр, сайып алчы.

Кыз аркы бөлмөгө кирип, жарым саат өтпөй кайра чыкты.

– Жеңе? Ой, Мелис байке, жеңем кайда кетти? Ага WhatsАppтан кат келди, – кебин аяктабай телефонду Мелиске карай сунду. Кат Тынчтыктан келген эле.

(Уландысы кийинки санда)