Бала менен чогуу жаткан туурабы?

Бала менен чогуу уктоо бардык эле үй-бүлөдө актуалдуу маселе болуп эсептелет. Көпчүлүк балдар ата-энесинин жанында уктагылары келет. Бирок айрымдары ата-энесинин эркине баш ийип өзүнчө уктаганга көнүшөт. Баланы өзүнчө керебетке жаткыруу керекпи же жаныңызга алып жатуу керекпи? Буга жооп издеп көрөлү.

 

Бала менен чогуу уктоонун оң жактары

1. Эне да, бала да тынч уктайт. Эгер бала түнкүсүн ойгонуп ыйлап баштаса, эне уйкусун бузуп наркы бөлмөгө барып отурбастан, жанында жатып эле сооротуп коёт. Бул өзгөчө жаш энелерге тиешелүү. А бала энеси жанында уктаганда өзүн коргоочусу бардай тынч уктайт.

2. Эне менен баланын бири-бирине жакын жатышы нерв системасынын туура өсүшүн жөнгө салат. Анткени эненин баланы кучактап же денелерин тийгизип жатуусу бала үчүн абдан маанилүү.

3. Эне эмчек эмген баласын төшөктөн турбай эле эмизе алат. Бала өзгөчө түнкүсүн толук кандуу эмет. Педиатрлардын ою боюнча, башка бөлмөдө уктаган балага караганда энеси менен чогуу жаткан бала көп эмет. Демек, энеси менен чогуу уктаган бала эмчек сүтүнө көбүрөөк ээ болот.

4. Бала энесинин жанында оңой уктайт жана жай ойгонот. Кандай гана бешик же терметкич болбосун, эненин колуна, кучагына, мээримине жана жылуулугуна жетпейт. Ошондуктан энесинин алдей ырын угуп, таптоосун туюп уктаган бала оңой жана тынч уктайт.

5. Баланы ар кандай коркунучтардан сактайт. Балада алгачкы коркунуч бир жашында, тагыраагы, энеси экөө бир бүтүндүк эмес экенин туйгандан баштап пайда болот. Бул убакта бала караңгыдан, белгилүү бир предметтерден корко баштайт. А энесинин дайым жанында болуусу балада өзүнө ишенимдүүлүктү пайда кылат.

6. Бала менен чогуу уктоо аркылуу эмизүү мезгилин узак убакытка чейин сактоого болот. Анткени сүттү пайда кылуучу пролактин гормону түнкүсүн эмизүүдө иштелип чыгат.

7. Эненин мээрими өзгөчө жаракат менен төрөлгөн балдар, ара төрөлгөн балдар жана кесарево менен төрөлгөн балдар үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан бала менен чогуу уктоо бул балдар үчүн кошумча сүйүү, энергия боло алат.

 

Бала менен чогуу жатуунун терс жактары

1. Эне менен чогуу жатуу баланы энеге байлап коёт. Энесинин жанында болуп атып дайым өзүнө башкалардын көңүл буруп туруусун каалап калат.

2. Балдар ата-энеси менен чогуу уктап, чогуу туруп, натыйжада бул көрүнүш көнүмүш адатка айланат. Бала чоңойгондо да бул адаттан арылбай аны башка бөлмөгө которгондо катуу чыр салат. Жыйынтыгында ата-эне менен баланын ортосунда карама-каршылык келип чыгат.

3. Баланын атасы менен чогуу уктоосу кооптуу болушу мүмкүн, өзгөчө бир жашка чейин. Анткени энеден айырмаланып атада баланын ар бир кыймылына жооп кылуучу инстинкт жокко эсе. Ошондуктан эгер бала ата-энеси менен чогуу уктоону кааласа, эне баласы менен күйөөсүнүн ортосуна жатуусу керек.

4. Кээ бир үй-бүлөлөрдө бала менен чогуу уктоодо интимдик мүнөздөгү маселелер жаралат. Баласынан уялып же аны ойготуп алуудан коркушуп ата-эне бири-бири менен интимдик жактан жакын боло албай калышат. Натыйжада ата-эненин ортосунда сексуалдык маселе пайда болот.

 

Адистердин айтымында, бала менен чогуу уктоо аны эмизүү мезгили аяктаганга чейин созулат. Башкача айтканда, 2-3 жашка чейин бала менен ата-эненин чогуу уктоосу кадыресе көрүнүш. Ошондо гана баланын нерв системасы өсүп жетилип түнкүсүн көп ойгонбой калат, эненин көңүл буруп туруусуна да муктаж болбой калат.

 

Эмне кылуу керек?

1. Балаңыз менен чогуу уктоодон мурда эң алгач өздүк гигиенаны сактаңыз. Төшөнчүңүздү, денеңизди таза кармаңыз. Ар кандай атырларды себинбеңиз. Мындан бала аллергия болуп, же тынч уктай албайт.

2. Орундукту туура тандаңыз. Башкача айтканда, пружиналуу матрас балдар үчүн эмес. Педиатрлар балдар үчүн катуу жана түз жайды сунушташат. Бул баланын омурткаларынын калыптанышын жана бекемделишин жөнгө салат. Жаздыктын да кереги жок. Балдар жаздыктарын гана колдонуңуз. Эки жаздыктын ортосуна да жаткырбаңыз, бала көмкөрүлүп кетип тумчугуп калышы ыктымал. Мындан сырткары баланын ары жагына коопсуздук үчүн жумшак бир нерсе коюп коюңуз, же болбосо дубал болушу керек.

3. Бөлмөдөгү температураны көзөмөлдөңүз. 6 айга чейинки балдар үчүн +22 градус, а 6 айдан жогору балдарга +19-20 градус температура ылайыктуу. Ошондой эле бөлмөнү бат-баттан желдетип туруңуз. Бөлмөдөгү нымдуулук 70 пайыздан ашпашы шарт.

4. Кийимиңизге көңүл буруңуз. Бул өзгөчө эмчектеги баласы бар энелер үчүн маанилүү. Кийимиңиз синтетикалык материалдар кошулбаган табигый кездемеден болсун. Кенен кийимдерден баш тартканыңыз оң. Анткени түнкүсүн баланын буттары чалышып ойгонуп кетиши мүмкүн.

5. Анан эң башкысы уйку дары, алкоголь же башка препараттарды ичип алып балаңызды жаныңызга алып жатпаңыз.

 

Баланы кантип өз алдынча уктоого үйрөтүү керек?

1. Балаңыз менен ал үчүн керебетти чогуу тандаңыздар. Анын керебети сиздердикинен да сонун экенин айтып кызыктырыңыз жана чоңоюп калганын, өзүнчө уктоосу керектигин айтып түшүндүрүңүз.

2. Эгер улуу балаңыз болсо, анын өз алдынча жатканын кичүүсүнө кызыктырып айтыңыз.

3. Алгач өз алдынча уктоого көнө албай бала ата-энесинин бөлмөсүнө бат-баттан каттай берет. Бул убакта аны урушуп кууп жибербеңиз. Керебетин сиздердин бөлмөгө жайгаштырып акырындык менен көндүрүңүз. Бала сиздин жаныңызда болгондо жаны жай алып каларын унутпаңыз. 6-7 жаштан баштап аң-сезими өсүп, өзү да уялып бара-бара сиз менен чогуу уктабай калат.

4. Дайым эле балаңыздын айтканын кыла бербестен, кээде катуураак айтып, өз алдынча уктоосу керектигин талап кыла билиңиз. Бирок муну ал “мени жазалап жатышат, же каалабай атышат” деп түшүнүп албасын.

5. Баланын өз алдынча уктоосуна анын сүйүктүү жумшак оюнчугу жардам берет. Уктарда оюнчукту жанына коюп коюңуз.

6. Такыр эле өз алдынча уктаганга көнө албай жатса (өзгөчө мектепке чейинки улуу куракта) невропатологго кайрылыңыз. Бул нерсе – татаал психологиялык маселенин белгиси. Анын себеби ар кандай болушу мүмкүн. Мисалы, таза абанын жетишсиздиги, ата-эненин балага аз көңүл буруусу жана башка.

 

Шааркан Абдуллаева